КОЙ (21.03-20.04)
Кой жылдызындагылар үчүн бул апта ийгилик жаратууга ыңгайлуу. Андыктан эс алууну артка жылдырып эмгек үстүндө болуңуз. Көптөн бери ишке ашпай келген иштерди, убадаларды жүзөгө ашырыңыз. Аракеттериңиздин натыйжасында каржылык жааттын өсүшү күтүлүүдө. Жакындарыңыз менен пикир келишпестиктер жаралат, токтоо болуңуз. Болбосо чоң чырга айланып кетиши мүмкүн.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Коркунучтарды аттап өтүп, жаңы өңүттөгү жашоого бурулуш жасай турган мезгил. Өзүңүзгө болгон чектөөлөрдү жокко чыгарыңыз. Кыялдарды орундатууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү мүмкүн. Социалдык тармактардан оолактап реалдуу жашоодогу өзгөрүүлөргө көңүл бөлүңүз. Жакындарыңыздын кеңеши сизди артка тартат, андыктан кулак сыртында калтырыңыз. Жаңы таанышуулар күтүлөт, баш тартпаңыз. Алдыда сизди олуттуу сүйүү мамилеси күтүп турат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
МаанАпта ичинде таңдан-кечке тынымсыз эмгек үстүндө болосуз. Анын пайдасы менен ишке ашыра албай жүргөн долбооруңуз ийгиликтүү старт алат. Көптөн бери ала албай жүргөн аласаңыз колго тийип кубанасыз. Жетишкендиктерди жар салбай турганыңыз оң. Сүйүктүүңүз сизге күтүлбөгөн белек жасап, жагымдуу сунуш киргизет. Апта соңунда жакындарыңыз менен болгон эс алуу жакшы натыйжасын берет.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта жаңыланууларга бай. Чач жасалгаңызды, кийинүү стилиңизди өзгөртөсүз. Жуманын башында кесибиңизге тиешеси жок ишти аткарууга туура келет. Нааразычылыкты ичке ката туруңуз, себеби бул иш сизге болгон жетекчиликтин ишеничин жогорулатат. Жакын деп санаган адамыңызга сырларыңызды ачпаңыз. Өзүңүзгө каршы колдонулуп калышы мүмкүн. Жашооңузда жаңы адам пайда болот. Сизден жардам сурагандарга кол сунуп койгонуңуз оң.
АРСТАН (23.07-23.08)
Арстандар үчүн саякаттоого ыңгайлуу апта. Пландарыңызды өзгөртүп өзүңүздүн сүйгөн ишиңиз менен алектенүүгө убакыт табыңыз. Жаңы жолугушуулар, жаңы идеялардын арты менен сизге ийгилик жылмайышы толук мүмкүн. Жубайыңыз же жакындарыңыз баштаган ишиңизге каршы болушканы менен, акыры алар сизге колдоо көрсөтүшөт. Ашыкча убада берүүдөн алыс болуңуз. Апта соңунда сүйүктүүңүзгө убакыт бөлүңүз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптада алыстагы адамдар үчүн көңүлүңүздү чөгөрүүнүн кажети жок. Себеби жаныңыздагы чыныгы сизге кубаныч тартуулай турган адамды таарынтып алышыңыз ыктымал. Жумушуңуздан сизге тапшырылган ишти ойдогудай бүтүрүп, жетекчилик тараптан жакшы пикир угасыз. Талаш-тартыш маселелер жаралат, ашыкча көйгөйлөр жаралбасын десеңиз кылдат жана так болуңуз. Кур кызганычтарга жол бербеңиз, мамилеңерге залакасы тийип калышы мүмкүн.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жылдыздар таразаларды бул аптада өзүнө көбүрөөк убакыт бөлүүгө чакырат. Акыркы учурдагы сизге артылган жооптуу иштер өз жолуна түшөт. Ич күйдүлүк кылгандар болушу мүмкүн. Сиз жөнүндө айтылган ушактарга маани бербей койгонуңуз жөндүү. Балдарыңыз же жакындарыңыз менен өткөргөн убакыт маанайыңызды көтөрөт. Апта соңу жагымдуу сапарга чыгуу менен коштолот. Акчанын көзүнө карабай эс алууга убакыт табыңыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта сизден эмгекчилдикти талап кылат. Көптөн бери башыңызда бышырып жүргөн оюңузду өз дарегине жеткириңиз. Сиздин өткүрлүгүңүз бааланып, мунун арты менен чоң колдоого ээ болосуз. Каржылык өсүш орун алат. Жумуш издеп же орун которууну көздөп жаткандар үчүн ийгилик жылмаят. Үй-бүлөңүздө болуп жаткан маселелер жөнгө салынат. Бул жумада карызга акча берүүдөн, жаңы ишке акча жумшоодон качыңыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул аптада жакынындарыңыз чогуу иш баштоону сунуш кылса баш тартканыңыз оң. Жумушуңузда ийгиликтер коштойт. Кызматташтар тарабынан болгон бут тосуулар, чыккынчылыктар орун алуусу күтүлөт. Анткен менен апта кубанычтуу учурларга бай болот. Көптөн бери көрүшө элек тууганыңызга жолугасыз. Сарптоолор көп болгондуктан каржылык абалыңыз туруксуз болот.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада дос, өнөктөш же жетекчилик менен пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Каяша сүйлөп, чырды ырбатып алып бармагыңызды тиштеп калбаңыз. Ишиме кедерги болбосун десеңиз сабырдуу болуңуз. Аптанын экинчи жарымы жакшы жаңылыктар менен коштолот. Көптөн күткөн жолугушуу орун алып, жаңы таанышуулар, сүйлөшүүлөр пландарыңызды ишке ашырууга жол ачат. Апта соңунда сүйүктүүңүзгө убакыт бөлүңүз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Суу куярлар үчүн чыгармачылыкка ыңгайлуу апта. Мүмкүнчүлүктү пайдаланып ийгилик жаратыңыз. Жетекчиликке, тууган-досторго убада берүүдөн алыс болуңуз, болбосо ашыкча милдеттер моюнуңузга тагылат. Таарынышып жүргөндөр жарашууга кадам таштаса болот. Аптанын соңунда сапарга чыгышыңыз күтүлөт. Каржы маселеси жаралбашы үчүн акчаңызды үнөмдөңүз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Жылдыздар бул аптада үй-бүлөнү, жакындар менен болгон мамилени бекемдөөгө чакырат. Бойдокторду дос-кесиптештер тарабынан уюштурулган романтикалык жолугушуулар күтөт. Каржылык абалыңызды эске алуу менен жеке бизнесиңизди ишке киргизүүгө ыңгайлуу мезгил. Эгер сизге берилген ишти өз учурунда ишке ашырсаңыз жумушуңузда маселе жаралбайт. Апта соңунда үй жумуштарын бүтүрүп, табият коюнунда эс аласыз.