Мен эс тартып калганда апам атамдын каза болуп калганын айткан. Бирок атамдын жоктугун бир да билдирген эмес, карегим менен тең айланып, эч нерседен кем кылган жок.
7 жашка чыкканымда Бишкекке көчүп келдик. Апам мени 1-класска берип, өзү да мугалим болуп жумушка орношту. Көчүп келгенибизден кийин айылга барган жокмун. Апам 3-4 жолу мени бир кесиптеш эжесиникине таштап барып келген. Мунун баарын жакында гана сыдырып ойлонуп чыктым. Буга чейин айылдан эмнеге көчүп келгенибиз тууралуу эч качан ойлонгон эмесмин. Балээнин баары мен жогорку окуу жайда окуп жүргөндө башталды.
Кең ааламда башка жан калбагансып айылдаш жигит менен курбумдун тоюнда тааныштык. Чыкыйып костюм-шым кийип, өзүңчө эле олуттуусуң. Барганда күйөө жигиттин досторунан сен көзүмө урунгансың. Той ортолоп калганда экөөбүз бий аянтында кездешип калдык. Бийледик, жакындан тааныштык. Телефон номеримди сураганыңда өмүрү балдарга берип көрбөгөн жаным сага унчукпай бердим.
Көп өтпөй сен мага телефон чалдың, сүйлөштүк, жолуктук, жакшы күндөрдү өткөрдүк. Сенин колунда бар үй-бүлөнүн баласы экениңди башында эле билгем. Дайыма машина менен жүрчүсүң, капчыгыңдан акча үзүлчү эмес. Бирок сенде башка байдын балдарындай чалчаңдап, байлыгына чиренүү деген жок болчу. Бир күнкү жолугушканда «сени ата-энем менен тааныштырайын. Апам болочок келинин жакындан таанып, көнө берсин» деп тамашалап калдың. Ошентип ал күн дагы келди. Заңгыраган үйгө кирип бардык. Чакан дасторкон жайылуу экен. Атаң жакшы кабыл алды, мага ашыкча суроо берген жок. Апаң мени суроолор менен курчады да калды. Тек-жайымды, жеримди, ата-энемди, айтор, сураштырбаган эч нерсе калган жок. Оюмда эч нерсе жок эле суроолорго жооп берип отурдум. Негедир сен тараптан бир дагы сөз болгон жок. Кылмыш кылгансып үн катпайсың. Анан да бир кезде эшикке чыгып кеттиң. Сенин артыңдан апаң чыкты. Келбегениңерден артыңардан чыксам апаң сени урушуп жатыптыр. «Бул кыз биздин айылдагы Аниса деген мугалимдин балдар үйүнөн багып алган кызы. Сага эмне, бакмасы жок эле, өзүбүз теңдүүлөрдүн кыздары калбай калыптырбы?» деген сөзү кулагыма шак эле дей түштү. Үстүмдөн бирөө муздак суу куйгандай болуп кетти. Сыртты көздөй атып чыктым да, көз жашымды көл кылып такси менен апама жетип келдим. Кирип эле «бакма экенимди эмнеге айткан жоксуң?» дедим. Апам «ким айтса да былжырайт» деп гана койду. Бөлмөдөн 2 күн чыккан жокмун, акыры апам чындыкты айтты.
Чын эле мени балдар үйүнөн багып алыптыр. Бул чындыкка көгөрүп жеткеним менен, жашоомдун ушул бөлүгүн өрттөп туруп көмүп салгым келет. Сен болсо чалган да, келген да жоксуң, түп тамырың менен жоголдуң. Сенин сүйүүң, биздин эки жылдык убакыт жөн гана абага тарап кеткендей болду. Заматта бактылуу жашоомдун таш-талканы чыгып, өзүмдөн-өзүм чүнчүп жашоого жаралганыма нааразы болуп кеттим. Апамды да күнөөлөй албайм. Апам болгону жетим баланы бактылуу кылгысы келди. Мени ыза кылган сен болдуң. Эмне, ата-энеси жоктор, бакмалар, балдар үйүндө чоңойгондор мамиле күтүп бактылуу болууга акысы жокпу?..
Бермет