Мерген Турган көчөдө ойлуу басып келаткан Жамбыл Камчиевге жолугуп калат:
– Кандайсыз, Жамбыл байке, эмне капалуусуз?
– Ээ, Мерген иним, проблема чачтан көп,- десе Мекең Жамбылдын башын бир саамга карап:
– Андай болсо сизде проблема деле жок турбайбы,- дейт имиш.
Нурзат Токтосунова стилистке келип:
– Эже, стилимди өзгөртөйүн деп чечтим. Кылсак болобу?
– Албетте, болот. Кандай кылып өзгөртөлү?
– Чачымды кырып салыңызчы...Канат Култаевге бир ырчы кыз телефон чалат:
– Канат байке, кандайсыз? Мен аябай ырчы болгум келет. Өзүм жөнүндө айтсам, жакшы ырдайм. Бирок, чынын айтыш керек, кебетем анчалык деле эмес. Кантип сахнага чыксам болот?
Анда Канат бир саамга ойлонуп, минтип айтат имиш: – Карындаш, анда сен Тата Уландын кыз варианты болуп чыкпайсыңбы...
2020-жыл. Кыргыздар будильник ойлоп табышып, ага «Гүлзат Мамытбек» деген ат коюшту.
Жеңиш Майрамбек уулунун жубайы:
– Мага бою узун жигиттер жакчу эле...
Жеңиш:
– Лампочка алмаштырганга ылайыктуубу?
Бильярд. Расул Маматкуловго жубайы Катя телефон чалат:
– Жаным, качан келесиң?
– Ой, 10 мүнөттө чыгам дедим го. Улам эле жарым саат сайын чала бересиңби?..
Радиодо түз эфир. Угарман телефон чалып ди-джейден ыр суранып жатат:
– Бүгүн сүйүктүүм Айшанын туулган күнү. Туулган күнүң менен, жаным, бактылуу бол! Сураныч, сүйүктүүмдүн туулган күнүнө арнап Урмат Усеновдун “Тажадым мен” деген ырын коюп бересиздерби...Мыкы кафеде отурган кыздар менен таанышып жатат. Биринчи кызга барып:
– Чоң кыз, сиз кандай телефон көтөрөсүз?
– Айфон.
– Аа...
Андан соң кайра башка кызга барып:
– Чоң кыз, сиз кандай телефон көтөрөсүз?
– "Простой" эле...
– Анда таанышып албайлыбы...Эки курбу маектешип отурушат.
Биринчиси:
– Гүлнур Асанова Мальдив аралдарына барып эс алып келиптир. Кызык, ким менен эс алды болду экен?..
Экинчиси:
– Бегиш менен эс алып келген жокпу?
Биринчиси:
– Жиндисиң го, анын аялы бар да. А эмнеге антип ойлоп жатасың?
Экинчиси:
– Кечээ Бегишти дүкөндөн көрдүм, ал дагы «загар» алып келиптир...
Аcхат Субанбеков
star@super.kg