Эркин Усенбаев, актёр: «ЖУМУШТАН КЕТКЕНИМДИ БИР ЖЫЛ АТАМА АЙТПАЙ ЖҮРГӨМ»

«Эл эмне дейт?» долбоорунун актёру Эркин Усенбаев өзүн ар тараптан сынап келет. КВНчи, актёр, тамада, шоумен, телеалпаруучу жана жөн эле тамашакөй жигит. Эгер Эркин кезинде окууга тапшырбай атасынын бизнесин аркалап кетсе, балким, азыр санап өткөн таланттары ачылбай калмак.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы
– 1989-жыл, 14-январь
Туулган жери – Ош шаары
Билими – КУУ, бухгалтердик учёт, аудит
Бою – 183 сантиметр
Салмагы – 95 килограмм

– Эркин, сени калың журт күлкү жаратуучу катары тааныса, биз «Супер-Инфо» гезитинин каарманы катары да билебиз. «Фотороман» рубрикасынын каарманы болгонуң эсиңдеби?
– Саламатсыздарбы? Рахмат. Ооба, «Супер-Инфо» гезитинин мурунку кеңсеси Кыргыз Улуттук университетине жакын эмес беле. Бир жолу окуу жайдан чыгып келатсам журналист эже жолдон тосуп «фотогеничный экенсиң, фотороманга тартылганга актёр издеп жатканбыз. Сени да сынап көрөлү» деп жетелеп кетти. Гезитке чыккандан кантип баш тартмак элем, макул болдум. Ошентип фотороманга тартылып, чыгармачылыгымдын экинчи деми ачылган. Анткени мектепте КВН ойночумун, спектаклдерде роль аткарчумун.

– Кесибиң экономист болгону менен, чыгармачылыкта жүрөсүң. Кесипти өзүң тандадың беле?
– Мен окуучу кезде атам менен Ошто жашачумун. Апам, карындашым, байкем Бишкекте турушчу. Мектепти бүтүргөндө окуу тууралуу ой болгон эмес. Атамдын бизнеси менен Ошто иштеп жүрсөк таежем атама чалып, «балаңды окутасыңбы?» ЖРТ (жалпы республикалык тестирлөө) бүткөнү калды» деп калды. Тестти тапшырдым, бирок аз упай алдым. Базарда жүргөн балага кагаз, ручканы карматып коюшса, ошондой эле болмок да.
Атамдын сунушу боюнча Бишкекке келип, КУУда иштеген таанышына жолугуп, окууга киргем. Чынын айтсам, билимим мага жашоодо жардам бербесе да, ал жакта окуганыма өкүнбөйм. Балким, искусствого же медициналык тармакка тапшырсам, азыркы досторумду таба алмак эмесмин.

– КВНге кызыгуу качан башталды?
– Биз Эрмек Нурбаевдин Урмат деген иниси менен чогуу окудук. Экономикалык кесипке кокустан келсем да, тайпабыздын старостасы болдум. КВН ойногонго балдар керек дегенде 25тей активисттерди чогултуп, «Алло, биз таланттарды издейбиз» сынагына катыштык. Эл жакшы кабыл алып, «болду, биз жылдыз болобуз» деп шыктанып жатып калдык. Жадакалса «Миң бир анекдот» деген китеп сатып алгам үлүп). Ошондо Урмат «китептен даяр анекдотту алгандан уялбайсыңарбы?» деген эле. Чынында ал кезде аны көрө албай жатат деп жактырган эмесмин. Бирок Урмат мага чыныгы КВНдин эшигин ачып берди.
Тамашоу Лигасында ойногон «ЧЕЗ» деген командабыз 5-курста тарады. Балдардын айрымдары банкка жумушка кирди, айрымдары өз иши менен кетти. Мен жалгыз калып, дипломду колго алганым менен, жумушсуз калдым. Атам сүйлөшүп мэрияга жумушка киргизди, айлыгым 2110 сом болчу. Жалаң аялдар менен отурам, кечке архив менен иштечүмүн. Ал жакты жамандагандай болбоюн, бирок бир аз бошой калсаң «ай, Эркинбай, печенье алып келе калчы» деп жумшай беришчү. Акыры тажап кетип жумуштан чыгып кеттим.
Жумушсуз калганымды үйдөгүлөргө билдирбеш үчүн бир жылдай портфель көтөрүп үйдөн чыгып кетчүмүн. Күндө «Ала-Тоо» аянтына келем, досторума чалам, ошентип убакыт өткөрөт элем.
Бир жолу Жаныш (ред.: Майр) менен Залкар (ред.: Касымов) чалып «эртең бүтүрүү кечеси болот, чогуу алып баралы, келбейсиңби» дешти. Ошондо чөнтөгүмдө акыркы 10 сомум калган эле. Акыркы тыйыныма ресторанга барып кечени алып бардык. Акчаны бөлүшө келсек, мурунку алган айлыгымдан көбүрөөк чыкты. Өзүм да рахаттанып алып бардым, стимул алдым, айтор, аябай жакты. Ошондон кийин кыйын болуп, «болду, мен тамада болом, кыйратам, машина сатып алам, үй алам» деп пландап салдым. Жадакалса тамада Эркин Усенбаев деп визитка жасатып алгам үлүп). Кайдан, жарым жыл чакырган киши жок буюртма күтүп жүрдүм. Көрсө, иштеш үчүн жарнама керек экен. Кийинчерээк Бакыт Байсариев багыт берип акча табуунун жолун көрсөттү.

– Жумуштан кеткениңди атаңа качан айттың? Атаң туура эле кабыл алдыбы?
– Бир жылдан кийин гана жумушсуз жүргөнүмдү атама айттым. Атам бир жумадай жаман болуп жүрдү. КВНде ойноп жүргөндө деле «башка туруктуу жумушка киргизейин. Ушунуңду таштачы» дечү. Бул теманын тегерегинде көп уруштук. Акыры мен «ата, апа, азыр заман башка. Акчаны башка жол менен деле тапса болот. Мен уурулук кылган жокмун, эч кимди сабаган жокмун. Жумушум өзүмө жагат» дедим. Атам түшүндү. Үйгө акча алып келгенден бери «балам, чарчабай элесиңби?» деп сурап калды үлүп).

– Сени актёр катары да көрүп калдык. Баса, «Участковый» тасмасына капыстан тартылып калган экенсиң...
– Ооба, 2013-жылы жайында көлгө эс алам деп автобекетке баратсам Эрнест Абдыжапаровдун кызы Перизат «Эркин, сен киного өттүң, билесиңби?» деп телефон чалып калды. Кандайча деп эле таң калдым. «Мени көлдө досторум күтүп жатат, бара албайм го» десем, ары жактан Эрнест байке «Келе кал, Эркинбай» деди. Агайдын сөзүн эки кылбай барсам милиция кызматкеринин кийимин кийгизишти да, «болду, кино тартканы кеттик. Жүрү, сен биз менен барасың» дешти. Досторум да калды, ошол боюнча киного тартылып калгам.

– Телеалпаруучу, актёр, тамада, кайсы кесип көбүрөөк жакын?
– Той алып барган чынында жакпайт. Эгер актёрлорго көп акча төлөп беришсе той алып бармак эмесмин. Тойдо маданиятсыздар, мастар көп, 100 коноктун жарымына жаксаң, жарымына жакпайсың. Мүмкүнчүлүк болсо башка бир бизнес ачсам тойду алып барбайт элем. Телевидение, актёрлукту жакшы көрөм. Анан да олуттуу роль аткаргым келет.

– "Ванчопа" тасмасында кримтөбөлдүн ролун аткарбадың беле? Ал ролуң көңүлдөгүдөй болбой калдыбы?
– Эл мени «Эл эмне дейт?» долбоорунан улам кайнененин баласы, аялынын сөзүнөн чыкпаган эркек катары көрүп көнүп калышкан да. Ошон үчүн жаңы образымды жакшы кабыл алышты. Образ өзүмө жакты, бирок майын чыгарып аткарган жокмун. Тасманын экинчи режиссёру катары да иштегендиктен образымды жакшы иштеп чыга албай калдым.

– Жеке жашооңду эл көзүнө көп чыгарбайсың. Буга чоң себеп барбы?
– Бул жактан мен абдан ырымчылмын. «Бакыт – тынчтыкты сүйөт» дегенге кошулам. Мени сүйүктүүм ушундай сулуу деп мактанганда эмне? Биротоло ак жоолук салынганда эле «мына менин келинчегим» деп тааныштырам. Элдин көзү тиет деп корком.
Баса, сизге бир кызыкты айтайын. "Эл эмне дейт?" долбоорунда менин жубайымдын ролун жараткан Алтынай экөөбүздү жашоодо да үй-бүлө деп ойлошот экен. Бир жолу чогуу баратсак байке тосуп алып толтура таттууларды берип салды. "Мунун баарын эмнеге берип жатасыз?" десем, "жубайың кош бойлуу экен, ошол жесин" деген (күлүп). Чыныгы жашоодо мен бойдокмун, Алтынайдын үй-бүлөсү бар. Ал актрисалык кесипке окубаса да, келиндик тажрыйбасы чоң. "Бизди кыз-жигитсиңерби же үй-бүлөсүңөрбү?" деп сурашкан сайын биз ролубузду ишенимдүү аткарып жатыптырбыз деп сүйүнүп калабыз.

– Маегиңе рахмат, Эркин! Келечекке койгон пландарың ишке аша берсин!


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жумуштан кеткенимди атамдан 1 жыл жашырдым" дейт актёр Эркин Усенбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
aliya-leyla
2019-06-10 09:58:18
Молодец, ишине ийгилик.
+3
Dinara-93
2019-06-10 10:17:51
0
radostmoya
2019-06-10 10:52:01
Ушундай красавчик жигитти Ошто көрбөй каякты карап жүргөм десең))))
+20
Nestana95
2019-06-10 20:20:21
radostmoya,эчак эле чаап алат беленер,))Бойдокиун дединтпей
+2
mela
2019-06-14 20:57:41
radostmoya,азыр да кеч эмес))) девушка не стена)))
-1
elmira.
2019-06-10 11:05:21
Эркин аябай жагат...азаматсыз
+3
elmira.
2019-06-10 11:05:33
Азаматсыз
+3
Akylai_aktan
2019-06-10 12:38:00
Эркиндин интервьюсун окуганы кирдим атайын.Талантыңызды баалайм.Азаматсыз!
+5
Skarlett-Skarlett
2019-06-10 20:50:58
Татына бала чынында,кыргызымдын кымыз жыттуу балдарына турмушка чыккыла кыздар.
+1
Sagidko88
2019-06-11 12:20:47
Мыкты актер,азамат
+2
Meken28
2019-06-13 06:53:58
95 kg bolso turushu mn mai turbaiby.Erkek degen zalga bulchundaryn chygaryp jurushso bolmok.
-1
lightning57
2019-06-13 12:07:41
Эл эмне дейт актерлору баарысы жагат
+1
balzak
2019-06-19 16:19:26
ишине ийгилик, азамат.
0
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан