КУЛПУНАЙ – КАРТАЮУ ПРОЦЕССИН ЖАЙЛАТАТ

КУЛПУНАЙДЫН ПАЙДАСЫ

  • Кулпунай тамак сиңирүүгө жакшы таасир этип, табитти ачат.
  • Заара кубалоочу касиетке ээ.
  • Организмди тазалайт, курамындагы антиоксиданттын эсебинен картаюу процессин жайлатат.
  • Элдик медицинада кулпунайдын маңызы аз кандуулукта, гипертонияда, атеросклероздо дары катары колдонулат.
  • Авитаминоздо алмашкыс дары.
  • Семирүүгө каршы эң жакшы каражат. Ал үчүн күнүнө 0,5 килограммдан кем эмес кулпунай жеп туруу керек. Зат алмашуунун ылдамдашынын, организмдеги ашыкча суюктуктун бөлүнүп сыртка чыгышынын жана тамак сиңирүүнүн жакшырышынын эсебинен бара-бара салмак түшө баштайт.
  • Кулпунайда РР витамининин жана В тобунун витаминдеринин өлчөмү көп болгондуктан, антидепрессант жемиш катары эсептелинет.
  • Уйкусуздукту, кыжырданууну, чарчоону басып, нервди сактоого жана маанайдын көтөрүлүшүнө жардам берет.
  • Кулпунай сасык тумоонун вирустарынын өсүшүнө тоскоол болот.
  • Кантты түшүрүүчү касиетке ээ болгондуктан, кулпунай кант диабети менен ооругандарга сунуш кылынат.

Эскертүү! Кулпунайды ашказан жарасы, гастриттен жапа чеккендер көп өлчөмдө жеп алуудан абайлашы керек. Анткени кулпунайдын майда данектери ашказандын былжырын катуу дүүлүктүрүп жибериши мүмкүн. Ошондой эле жогорку артериалдык кан басымына каршы дары ичип жүргөн адамдардын да кулпунайга көп тартылбаганы оң. Андай дарылар менен кулпунай бириккенде бөйрөккө күч келет. Аллергиядан жабыркагандар кулпунайды азыраак жеп, артынан айран ичип коюшу керек.


КУЛПУНАЙ ДЕСЕРТИ

Керектелүүчү азыктар:

Кулпунай
– 500 грамм
Банан – 2 даана
Бал – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

  1. Кулпунайды жууп, суусун сарыктырып алабыз.
  2. Банандын кабыгын аарчып, 2 сантиметрден кылып кесебиз.
  3. Жыгач таякчага кулпунай менен бананды кезектештирип тизебиз.
  4. Эми балды үстүнө чуурута куябыз. Десерт даяр! Эгер кокос күкүмү же глазурь болсо үстүнө себелеп, жалбыз жалбырагы менен кооздоп койсоңуз болот.


КУЙМАККА ОРОЛГОН КУЛПУНАЙ

Керектелүүчү азыктар:

Айран – 500 миллилитр
Жумуртка – 2 даана
Ун – 200 грамм
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Кумшекер – 4 аш кашык
Туз – 1 чымчым
Кулпунай – 300 грамм
Жумшак сыр – 500 грамм
Каймак – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

  1. Жумуртканы чагып, ага кумшекер, туз жана айранды кошуп жакшылап чалабыз.
  2. Бул аралашманын үстүнө унду, өсүмдүк майын кошуп бөлтөксүз кылып аралаштырабыз. Боткодон суюгураак болгон масса даярдалат.
  3. Табаны жай отко коюп, ичин майлайбыз. Какшыган соң аралашмадан жарым чөмүч куюп, эки тарабын кызартып куймак бышырып алабыз.
  4. Кулпунайды жууп, тазалап, кургатып, 3-4 бөлүккө бөлөбүз.
  5. Жумшак сырга каймакты, кумшекерди жана кулпунайды кошуп жакшылап аралаштырып, аралашма даярдайбыз.
  6. Куймактын ортосуна бул аралашмадан салып, четин кайрып оройбуз. Даяр болгон десертти тарелкага салып, үстүнө 1 чай кашык каймак салып же кумшекер упасынан себелеп дасторконго койсок болот.


ДЕТОКС СУУСУНДУГУ

Керектелүүчү азыктар:

Кулпунай – 100 грамм
Алма – 1 даана
Лимон – 1 даана
Корица – жарым чай кашык
Жалбыз жалбырагы – 15 даана
Суу – 750 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:

  1. Мөмө-жемиштерди, жалбыз жалбырагын таза жууп алабыз. Алманы, кулпунай жана лимонду (жарымын) жука кылып кесебиз.
  2. Азыктардын баарын кувшинге же банкага салып, үстүнө муздак сууну куюп аралаштырып, муздаткычка 40-60 мүнөткө салабыз. Белгиленген убакыттан кийин чаңкаганыңызды кандырган витаминдүү суусундугубуз даяр! Бул суусундукту муздаткычта 1 суткага чейин сактоого болот.


КЛАФУТИ

Керектелүүчү азыктар:

Жумуртка – 2 даана
Сүт (майлуулугу жогору) – 100 миллилитр
Кумшекер – 2 аш кашык
Ун – 2 аш кашык
Ваниль – 0,5 чай кашык
Кулпунай – 1 стакан
Туз – 1 чымчым

Даярдоо ыкмасы:

  1. Кулпунайды жууп, тазалап, майда туурап алабыз.
  2. Жумуртканы чагып, ага майлуулугу жогору болгон сүттү (сливки), кумшекерди, ванилди жана унду кошуп жакшылап аралаштырып, суюк камыр даярдап алабыз.
  3. Электр мешинин табасынын (атайын кекс бышыруучу калыпты да пайдаланууга болот) ичин каймак май менен майлап, кулпунайдын жарымын салабыз.
  4. Эми табага камырды куябыз. Үстүнө кулпунайдын жарымын тегиздеп салабыз.
  5. 180 градуста иштеп турган электр мешинде 15-20 мүнөт бышырып алабыз. Клафутини дасторконго коёрдо үстүнө кумшекер упасын себелеп койсоңуз болот.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан