Айчүрөк Иманалиева: «МЕНИ КАРАЛАГАН АЯЛДЫН АРТЫНДА УЮШУЛГАН ТОП ТУРАТ»

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева менен Жанин Ахунжанова ММКлар аркылуу айтышып, чырдашып жатышкан кези. Өткөн санда Жанин айым «Айчүрөк эже ушуну менен токтобосо, бардык кордуктар тууралуу айтып чыгам» деген. Айчүрөк Иманалиева өз кезегинде «Айтмак түгүл, созолонто берсин, андан корко турган киши жок» дейт.
Жанин Ахунжанова деген ким? Ал чын эле Айчүрөк Иманалиеванын үйүндө 4 жыл жашап, гастролдорго коштоп чыкчу беле? Бул тууралуу Айчүрөк айымдын кесиптештери, жакындары айтып беришет.

«КАРАЛООНУ 8 АЙ МУРУН ДАЯРДАП БАШТАШКАН»
– Эң башкысы, мени каралаган бул аялдын артында уятсыз, уюшулган топ турат. Анткени 8 ай мурун «сени каралоого чогуу даярдашып жатыптыр, биз токтотуп койдук» деген улуулардын сөзүн уккан элем. Ал кайсы Жанин, эмне болгон Жанин экени оюма келген эмес.
Мен 1990-жылдардын башында өзүм жаңы тааныла баштаган ырчы болсом, бирөөнү ырдатуу, продюсерлик кылуу деген ой кайдан болот? Анын үстүнө Жаштар театрында иштеп, менин концертимден түшкөн каражаттан чоң коллектив айлык алчу.
Ал «Айчүрөк мени ырдатам деп алып кеткен, кордук көргөм, көйнөк тиктирип берем деген» деп оюнан токулган сөздөрдү айтууда. Дагы бир жолу айтайын, мен аны алып келген да, алып кеткен да, «ырдатам, костюм тигип берем» деп да айткан эмесмин.
«Гүлшайыр Садыбакасованын «Кыз-Бурак» тобунда 2 жыл иштегем, «Биз» тобунун биринчи солисти болчумун» деп жатат. Гүлшайыр эже мага чейин таанылган, ырчыларды таптап чыгарган адам эле. Эмне үчүн «Кыз-Бурак», «Биз» топторуна үмүт артып чыга алган жок? Ошол эки топтон чыга бербейт беле! Менин кандай тиешем бар?
Ушунча жыл өтүп кеткенден кийин ал мага кандайча, кантип келгенин унутуп калдым. Топтогу Сапар Сопубеков, Алтынбек Бердигуловго балдар-кыздар келе беришчү. Балким, спорт сарайына койгон концерттердин биринде аны Сапар алып келди го деп ойлоптурмун. Көрсө, Сапар да алып келбептир. Жанин мага Гүлшайыр Садыбакасованы, Алина Жетигенованы оозго алгыс сөздөр менен каралап келген. Мен Гүлшайыр эженин улуулугун сыйлайын, ал сөздөрдү айтпай эле турайын.
1992-жылы Ошко концерт берип гастролдоп баргам. Ошондо Жанинди Гүлшайыр Садыбакасованын үйүнөн көргөм. Азыркыга чейин ошол эжекеси менен чогуу жүрөт. Анда ал кыз мага жалдырап келе элек болчу.
Ал эч качан калп айтпайм деп жатат. «Апам чачымдан сүйрөдү, мен көчөдө калгыча өлөм» деп келген. Өзүм ата-энем жок, таята, таянемдин колунда жокчулук эмне экенин көрүп чоңойгон адам катары жүрөгүм ооруп, батир таап алгыча бир нече күн үйүмдө калкалагам. Ошол маал гастролго туш келип калса, биз менен 1-2 жолу чогуу барып келгендир. Аны үйгө жалгыз таштап коймок белек?
Ошол учурда «өлөм» деп келген эле, «каралаганың үчүн сени жарандык сотко беребиз» деген сөздөрдөн кийин ошол адатын кайталап «атылып өлөм, силер күнөөлүү болосуңар» деп манипуляция кылып жатат. Мындай жорук адамдын психикалык туруксуздугунан кабар берет болуш керек. Маегинде мага жалаа жаап, коркутуп-үркүтүп жаткандыктан, ошол сүйлөшүүнү өзүмдүн интернеттеги баракчама бөлүшүп койдум.
Башкаларын айтам деп жатат. Айтмак түгүл, созолонто берсин. Андан корко турган киши жок. Менин балам азыр 30 жашка чыгып калды. Балким, баламды сүйлөтүш үчүн чагымчылдык кылып жаткандыр. Менин балам буга бир дагы сөз айтпайт, аны тааныбайт.
Айдаркенге барганда анын үйүнө өзүбүз барбасак керек. Гастролдоп жүргөн кезде артисттердин баары конокко чакырган элдин үйлөрүндө түнөшчү. Демек, «биздин үйгө жатып кеткиле» деп чакырса жатып кеткендирбиз. Ар бир жатып кеткен үйдөн кыз алып ырдатам деген милдеттенме алган эмесмин.
«Мага «жаагыңды бас» деп Арген айтканда Айчүрөк эжеден коркуп жооп бере албай калганымды кордук көрдүм деп ойлойм» дептир. 6 жашар балам ошентип айтса, жанында жок болсом жаш баланы сабап денесине залака келтирип дагы башка жаман нерселерди жасамак беле ким билет? Кудайга шүгүр, ошол учурда баламдын жанында болуп калганыма. 50 жашка таяп калган аялдын 6 жашар баланы жамандап жатканына сөз жок. Бул аялдын адамды каралаганы чектен ашып жатат. Мен ага доктурга көрүнүп, ден соолугуңду чыңда, нервиңди тынчтандыр деген кеңеш бергим келет. Калганын мыйзам чегинде чечишип алабыз.

«ЖАНИНДИН АЙЫПТООСУ КАРАНДАЙ КАЛП»
«Айчүрөк» эстрада театрында көп жыл бою ямахада ойногон Алтынбек Бердигулов:
– «Айчүрөк» эстрада театрына 8-классты бүткөндөн кийин алынгам. Андыктан Айчүрөк эженин колунда эң көп иштеп, үйүндө жашаган менмин. 27 жашымда үйлөнгөндөн кийин өз алдымча иштеп кеткем. 10 жылдан ашуун Айчүрөк эже менен чогуу иштешип урушуп көргөн эмесмин. Ошондуктан Жаниндин айыптоосу карандай калп.
Жанин Айчүрөк эженин үйүндө жашаган эмес. Анан да баласынан кордук көргөм дептир. Арген томпойгон кичинекей бала болчу. Ал кантип чоң кишиге кордук көрсөтө алат? Атын тааныткысы келген адам туура жолду тандашы керек. Бирөөнү каралоонун арты жаман болот.

«ЖАНИНДИ БИРИНЧИ ЖОЛУ КӨРҮП ЖАТАМ»
«Айчүрөк» эстрада театрында сатирик болуп эмгектенип кеткен Талант Чүрөков:
– Мен 1993-жылдан 1999-жылга чейин Айчүрөк Иманалиеванын эстрада театрында сатирик болуп иштедим. Жанин деген кызды биринчи жолу көрүп жатам. «Жылаңайлак Токмокко баргам» деп жатат. Айчүрөк эженин үйүндө 6 жарым жыл жашагам. Ал бизге өз эжебиздей камкордук кылып, «жылуу кийингиле» деп турчу. Баарыбыз бир үй-бүлөдөй ынтымактуу жашап, иштечүбүз.

«АЙЧҮРӨК ЭЖЕМДИН ҮЙҮНДӨ 14 ЖЫЛ ЖАШАДЫМ»
Айчүрөк айымдын сиңдиси Нурчүрөк Иманалиева:
– Чоң апам 1-класстан баштап кышкы, жайкы каникулдарда Айчүрөк эжемдин үйүнө калтырып кетчү. Мектепти бүткөндөн кийин анын үйүндө 14 жыл жашадым. Топтогу балдардын баарын тааныйм. Азыр интернетте Жанин деген аял «Айчүрөк Иманалиеванын үйүндө 4 жыл жашагам, кордук көргөм» деп калп сөздөрдү айтып жатат. Айчүрөк эжемдин үйүнөн Жанин деген аялды 4 күн да көргөн эмесмин. Эжем ишенчээк, аябай боорукер болгондуктан ыйлап келсе үйгө киргизген чыгар. Ал «25 жыл сахнадамын» деп айтыптыр, ушунча жылдан бери сахнада жүрсө мен деле таанымакмын да.

«АЙЧҮРӨК ЧОҢ КОЛЛЕКТИВДИ БАКЧУ»
Турусбек Жумалиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:
– 1990-1994-жылдары Айчүрөк экөөбүз Жаштар театрында чогуу иштегенбиз. Ошол кезде театрлар өзүн-өзү камсыздоого өткөн кез болчу. Айчүрөк жалгыз эл чогултуп концерт берчү. Андан түшкөн каражаттан Жаштар театрынын коллективи айлык алып жашачу. Так кесе айтканда, килейген коллективди бакчу. 1994-жылдан кийин гана Айчүрөк өз алдынча иштеп кеткен. Айчүрөктүн концертин ошол кезден бери мен алып барам. Ушул убакка чейин Жанин деген аялды бир да жолу Айчүрөктүн концерттеринен көргөн эмесмин.

«АЙЧҮРӨККӨ ТИЙИШПЕЙ ЧЫГА БЕРБЕЙБИ»
Айчүрөк Иманалиеванын курбусу Нургүл Ашырова:
– Азыркы учурда Айчүрөктүн айланасында болуп жаткан кырдаалга зээним кейип өз чындыгымды айткым келип жатат. Айчүрөктү 28 жылдан бери тааныйм. Ал Кербенге гастролдоп келгенде коллективи менен биздин үйдө жатышчу. Арасынан Жанин дегенди эч көргөн эмесмин. Эгер ушунчалык өзүн көрсөткүсү келсе, Айчүрөктү жамандабай чыга бербейби. Эл Айчүрөктүн кандай экенин жакшы билет. Кыргызстандын желегин көтөрүп чет мамлекеттерде башкы орундарды багынтып келген адамга тийишпей жөн эле жүргүлө, ак эмгегиңер менен даңкталгыла.

«ЭЛГЕ УЯТ БОЛУП БҮТТҮК, ТОКТОТКУЛА ДЕП ЖАТАМ»
Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:
– «Кыз-Буракты» Гүлмира деген сиңдим башкарып жаткан убагында Жанин 2 ай иштеп кетиптир. 1-2 жолу ал кызды репетициядан көргөм. Андан кийин ал кетип калыптыр. Бир жолу аны Айчүрөк Иманалиеванын үйүнөн көргөм. Бирок Айчүрөк ондогон балдар-кыздар менен Ошко гастролдоп келчү, алардын арасынан Жанинди көргөн эмесмин. Чындыгында анын Айчүрөктө 4 жыл иштегенин билбейм.
Ушул окуяда маданият өкүлдөрүнүн арасында сакалдуу киши катары Айчүрөк менен Жанинди элдештирүүгө далбастап чуркап жүрөм. Мен кийлигишип жатып алар май айынын ортолорунда токтогондой болушкан, бирок кайра баштап алышыптыр. «Элге уят болуп бүттүк, токтоткула» деп жатам. Экөө тең бул чырды ушуну менен токтотушу керек. Мен аларды ынтымакка келтирүүгө бүт аракетимди жумшайм.
"Эки адам урушса акылдуусу токтоп калат" деген элибизде жакшы макал бар. Айтарым, куда-сөөк күтүп калган, маданият өкүлдөрү катары кыргыз элин сыйлап чырды токтотушу зарыл. Бирок эмнегедир «тиги жазганын токтотсун, бул жазганын токтотсун» деп элдешүүгө моюн бербей атаандашып жатышат. Бул атаандашуу токтошу керек.


Бул окуя боюнча Жанин Ахунжанованын пикирин редакция чагылдырууга даяр.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
oSporte
2019-06-10 09:26:43
Скочтун четин табып берем. 50 сом
+10
newman
2019-06-10 10:15:06
oSporte,
Түшкө чейин уктаганды үйрөтөм. 600 сом
+10
meni_kut
2019-06-10 10:08:54
Кыргызда бир кун даам сызган жерине мин кун салам айт дейт.Азыр бир туугандын уйуно батыш кыйын, жаман болсо кетип калышпайбы,эгер таанылгысы келсе мыкты ыр ,мыкты клип мн тааныл кара пиар мн эмес.Менин жердешим экен,бирок мындай ырчы бар экенин билбепмин,укпапмын.Андан коро кыргыздын желегин желбиретип чет олкого чыккыла,Анжелика ,Жанин.Сыймыктанып колдоп турмакпыз.
+5
PrinsessaNuri
2019-06-10 11:04:49
Кимге ишеништи да билбейсин. Жанин кичине нерсени эле апыртып айтып эле жамандап жатат окшойт. Хайп окшойт
+10
asdef
2019-06-10 11:44:40
Канчанчы серияга жеттик
+11
Sicilya
2019-06-11 20:10:33
asdef,жардын бирок;))
+1
Skarlett-Skarlett
2019-06-10 12:58:13
Аялдардын урушу эн жаман нерсе.Ото,,коварная"болобуз.Аллахым ыйман берсин ар бир аялзатына.
+8
jalgyzym...
2019-06-10 13:04:52
Кимисине ишеништи билбей калдым. Эгерде Айчуроктон кордук корсо ошол замат айтып чыгыш керек эледа. Канча жыл отуптур арадан бул Жанин деген аялды биринчи жолу коруп жатамын. Озун элге таанытыш учун ушул ишке барып жатабы билбейм.
+8
Gulzina1993
2019-06-10 13:26:53
Ырынан чыры кобоюп кетти го, сериал окугандай эле окуп калдык
+4
ainura220888
2019-06-10 14:40:41
Кимисине ишеничти билбейсин ыйлап барса эле киргизе бермек бпле уйуно значить илешкени бар. Гулшайыр эже бирде барганда коргом деп атат значить тааныйт эсинде калган. Бир коргон адамды эстей албайсынго значить коп коргон.
+1
jalgyzym...
2019-06-10 15:52:17
Мен супер инфого сунуш киргиздим эледа. Окурмандардын арасында оюн сынактарды уюштурсанар деп. Бирок жооп болбоду. Бир эле сериалды коруп отура бербей (ырчылардын) жакшыы оюндарды ойноп сынактарга катышып талашканыбыз сый жана жакшылык болсун дегеним. Приздерди койуп женуучулорго дегендей.
+6
admin_kinozal
2019-06-10 16:13:33
jalgyzym..., Салматсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
jalgyzym...
2019-06-10 16:24:52
admin_kinozal,рахмат.
0
Suikumduu98
2019-06-10 16:29:47
ээээ
0
bond02
2019-06-10 19:35:41
Ырдап чоорлоп таанылганга караганда аз убакыт урушуп таанылып кеткиле экоон тен.
+2
Olivia0109
2019-06-10 23:03:20
Ушунча жыл откондон кийин эмне максатта айтып чыкты бул аял? эн биринчи интервьюну ким алды ал да эмне максатта алды же эч ким тааныбаса чын эле бироонун уюштурган иши го.
+6
Aidai_suluu
2019-06-11 08:49:01
Админ кара адамдарга кандай тустогу кийим жарашат? Ушул сыяктуу макалалар менен жардам бергилечи сураныч. Менин онум кара каалаган тусумду кийе албайм кандай тус жакшы жарашат билбейм дагы. Анан дагы pubg оюну боюнча маалымат бергилечи. Эркектер уй-булосун внутуп ойноп жатышат. Канткенде токтотсо болот? Кенеш катары жазыныздарчы сураныч
+2
ajos
2019-06-11 13:48:17
Далили жок жаза бергендерге тан калам! Анжеликаны ажыраштырып жатканда жанында турган окшойсунар? Ал эми ушул конфликтте Жанин туура эмес кылды. Андай жеке мамиленин коомго эмне кереги бар? Максаты карангы. Мындай жол менен ийгиликке жетпесин тушунбогон акылсыз экен. Ал эми Айчурок Иманалиеваны актабайм да, каралабайм да. Жеке тааныбайм. Кээ бир уккулуктуу ырларын гана жактырам.
+3
katerina.li
2019-06-12 13:58:27
Айчурок жонундо комментарий жазбай эле коеюнчу. Тундо тушумо кирип чыкты. Айчурогу дагы,Анжеликасы дагы . Эми балакет басып Жанини кирип чыкпасын. Старая коза деп мени тилдеп атыптыр Айчурок. Мен молодая эле козамын.
+2
katerina.li
2019-06-14 12:07:48
katerina.li,молодая козочкамын
0
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан