"МЕНИН YЙ-БYЛӨМ". БАЛА КИМДИ ЖАКШЫ КӨРӨТ, КИМДЕН КОРКОТ?

Бала үй-бүлөдө өзүн башкаларга караганда төмөн, жогору же ашыкча деп эсептейби, үй-бүлөсүндө кимди жакшы көрөт же жек көрөт, кимди акылдуу же урушчаак деп ойлойт? Кыскасы, бала менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамилесин, баланын жан дүйнөсүндөгү көйгөйүн анын тарткан сүрөтүнөн аныктоого болот. Бул үчүн ата-энеге 6-10 жаштагы балдарга арналган «Менин үй-бүлөм» сүрөт-тести жардамга келет.

ТАПШЫРМА

Балаңызга альбом барагын, түстүү карандаштарды берип, «үй-бүлөңдүн сүрөтүн тартчы» деп айтыңыз. Ал тартып жаткан кезде «тигиндей же мындай тарт» дебеңиз жана анын оюн топтоп сүрөт тартуусуна шарт түзүп бериңиз. Тартып бүткөн соң төмөнкү маалыматтар боюнча чечим чыгарыңыз жана ошого жараша жардам бериңиз. Мүмкүн, балдар психологуна кайрыласыз.

Эскертүү: сүрөттү үйдөгү чыр-чатактан жана балаңызды урушуп койгондон кийин тартууну суранбаңыз. Ал ошол эмоциясы менен тартып салат да, баланын чыныгы ички жан дүйнөсүн билүү мүмкүн болбой калат.

СҮРӨТТҮ ЧЕЧМЕЛӨӨ

  • Алгач баланын тарткан сүрөтүндөгү адамдарды көрсөтүп, «бул ким?» деп сурап-билип алыңыз.
  • Бала үй-бүлө мүчөлөрүн өзүнүн баалоосуна жараша кезектештирип тартат. Мисалы, эң абройлуу дегенин биринчи жана чоң кылып, баалабаганын кичине кылып эң артында тартат. Бала өзүн эң артта, же бурчта, же кичине, же жакшы көрүнбөгүдөй кылып тартса, өзүн баалоосу төмөн.
  • Бала өзүнүн сүрөтүн чоң кылып тартса, өзүнө болгон ишеним, лидерликке умтулуу бар. Өзүн кичине же ата-энесинин курчоосунда тартса, балага камкордуктун жетишпей жаткандыгы.
  • Баланын сүрөткө өзүнөн башка эч кимди тартпаганы өзүмчүлдүк.
  • «Мени үйдөгүлөр жакшы көрбөйт, мен түртүндүмүн, үйдө ордум жок» деген сезимде жашап жаткан бала өзүн сүрөткө тартпай коёт.
  • Үй-бүлө мүчөлөрүнүн кимисин өзүнө жакын кылып тартса, бала ошого жакын.
  • Ата-энесинин бирөөсүнүн сүрөтүн чоң кылып тартса, анда бала үчүн ошол маанилүү роль ойнойт.
  • Бала жакшы көргөн адамдарын өзүнүн эки жагына, өзүнө жакын кылып тартат. Жаман көргөндөрүн өзүнөн алысыраак тургузуп коёт.
  • Үйдөгүлөрдү бириндетип, бири-биринен алыс тартса, үйдө ынтымак, жакшы мамиле жок. Эгер баары кол кармашып тартылса, анда үйдөгүлөр бири-бирине кам көрөт, жакшы мамиле жасашат, ынтымак бар.
  • Бала үй-бүлөсүндө жинине көп тийген, коркуп-чочулап турган адамдын сүрөтүн жоон, же өтө ичке, же кыйшык, же үзүл-кесил сызык менен тартат.
  • Эгер үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирөөсүн тартпай койсо, ал адамды жаман көрөт, сүйлөшкүсү келбейт.
  • Бала үйдө кимди акылдуу санаса, анын башын чоң кылып көрсөтөт.
  • Бала кимди жардамга муктаж, байкуш деп эсептесе, анын көздөрүн чоң кылып тартат. Кимдин көзүн чекит кылып же жүлжүйтүп койсо, бала аны жардамга муктаж эмес, көз карандысыз адам катары ойлойт.
  • Кулагы жок тартылган адам баланы, мүмкүн, үйдөгүлөрдүн баарынын сөзүн укпайт. Кимдин кулагын чоң кылып тартса, бала аны уга билген адам катары санайт.
  • Оозу ачык, чоң тартылган адам балага коркунуч жараткан адам. Ал адам кыйкырат, урушат. Оозу сызылып тартылган адам балага таасир эте албаган, ички сезимин чыгара албаган адам.
  • Бала күчтүү, жөндөмдүү деп эсептеген адамдын колун, манжаларын чоң кылып көрсөтөт.
  • Сүрөттө туугандарынын бири же жаныбар кошо тартылса, анда аларды бала жакшы көрөт. Эгер иттин же мышыктын сүрөтү ата-энесинен да чоң тартылса, анда ата-энеси бала үчүн 2-орунда.
  • Ата-энесинин сүрөтүн өтө чоң кылып тартса, анда алар балдарын катуу кармайт, буйрук бере беришет.
  • Үйдөгүлөрдүн баарын кичине кылып тартса, баланын депрессияга түшкөнү. Бала бир нерсеге тынчсызданат, эч нерсеге кызыгуусу жок.
  • Бала өзүн колу менен оозун басып турганын тартса, үйдө жашагысы келбегендиги.
  • Өзүн оозу чоң кылып тартканы агрессивдүүлүк, жан дүйнөсүндө бук бардыгы.
  • Эгер адамдарды башынан баштап эмес, буттарынан баштап тартса, баланын ичинде коркунуч бар.
  • Сүрөттө буттары денесинен бөлөк, абада асылып тургандай тартылган адамды жөлөк-таянычы жок адам деп эсептейт.
  • Адамдарды колу-буту жок кылып тартса, анда баланын акыл-эсинин өсүүсү төмөн. Адамды буттары гана жок кылып тартса, анда баланын өзүн баалоосу төмөн.
  • Сүрөттө кимди колун өйдөгө көтөртүп тартса, ал адамга жардам керек деген пикири.
  • Сүрөткө күн, жылытуучу шайман, куурчак же жаныбардын сүрөтүн кошо тартып койсо үйдө жылуу мамиле жетишпейт деп түшүнсө болот. Булуттардын, өзгөчө кара булуттун тартылганы балада кандайдыр бир кайгы-капанын бардыгы.
  • Сүрөткө үй, телевизор, үтүк сыяктууларды кошуп койсо аларды зарыл нерселер деп ойлойт. Дарак, тоо, суу энергиянын, баланын жаратылышка жакындыгынын белгиси.
  • Сүрөттө шарф, топчу кошо тартылса, үйдө баланы көп тыйышат, көп нерсеге жолотушпайт жана карматышпайт.


КАНДАЙ ӨҢДӨГҮ КАРАНДАШТАР МЕНЕН ТАРТТЫ?

  • Ачык өңдөгү карандаштарды колдонуп тартса, бала оптимист, активдүү.
  • Көгүш боз өң менен гана тартса, балада кубанычтын жоктугу.
  • Эгер бала өзүн тарткан өң менен дагы бирөөнү тартса, анда аны бала көбүрөөк жакшы көрөт.
  • Кара карандаш менен тартса баланы бир нерсе капалантып, кыйнап жаткан кези. Тартынчаактар, ошондой эле өзүн баалоосу төмөндөр ошол түстөгү карандаштарды колдонот.
  • Кызыл түстөгү карандаш менен эле тартса, анда бала энергиялуу же агрессивдүү. Сүйүүгө, жылуу мамилеге муктаж балдар да сүрөттү кызыл түс менен тартышат.
  • Сүрөттү 1 же 2 түрдүү карандаш менен тарткан балдар эмоциясын сыртка толук чыгара албагандар.

    БАЛДАРДЫН СҮРӨТҮНӨ АНАЛИЗ

Ырчы Кенже Дүйшееванын 7 жаштагы кызы Томиристин тарткан сүрөтү

Томирис сүрөттө атасын, өзүн жана апасын тарткан. Түстүү карандаштарды колдонгону баланын оптимист, активдүү экендигин көрсөтүп турат. Баарынын бир катарда кол кармашып тартылганы үйдөгүлөрдүн бири-бирине кам көрүп, жакшы мамиле жасай тургандыгы, ынтымактын бардыгы. Дарактар, гүлдөр баланын энергиялуу экендигинен кабар берет.


Сүрөттү тарткан Эрбол Данияров, 7 жашта

Эрбол сүрөттө инисин, атасын, апасын, анан өзүн тарткан.

Атасы көз айнекчен, чоң тартылган. Бул атасынын үйдө башчы экендигин билдирет. Башын чоң кылып тартканы атасын акылдуу эсептегени. Өзү апасынын жанында турат, бул атасына караганда апасына жакын экендигин билдирет. Өзүнүн колун чоң кылып тартканы жылуу мамилеге муктаж экенинен кабар берет. Инисин өзүнөн алыс тартканы ата-энесин андан кызганганы, өзүнө көңүл бурулбай жатканы. Булуттар жана кара фломастер менен тартылганы балада кайгы-капанын бар экенин билдирет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
glaz_almaz
2019-06-15 21:35:17
Томиристин тартканы эмес эле чон адам тартып койгондой...
-2
Nur777
2019-06-16 00:54:33
Булутту баарыбыз эле тартчубуз,мультиктен коруп,бирок депрессиясы жок эле асман болсо булут болот деген ой менен эле тартчубуз)
+2
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан