РЭП ЫРЧЫСЫ БАЯСТАН КЫЗДУУ, АКТЁР АСКАТ УУЛДУУ БОЛДУ

Рэп ырчысы Баястан менен бийчи Зульфия Лансарова 3-июнь күнү кыздуу болушту. Ата энесин кубанткан наристенин салмагы 3 килограмм 360 грамм болсо, бою 52 сантиметр. Биринчи ирет ата болуп кубанып турган Баястан сезимдери менен бөлүштү:

– Жубайым менен кызымдын абалы жакшы. Төрөт учурунда Зульфиянын жанында болуп, кызымдын киндигин өзүм кестим. Кызымды колума алганда, киндигин кескенде аябай толкундандым. Кызым туулган күнүмө бир күн калганда төрөлүп мага чоң белек болду. Андыктан туулган күнүмдү төрөтканада, кызым менен жубайымдын жанында өткөрдүм. Апам кызыбызга Наринэ деген ысым ыйгарды.

Ошондой эле “Министрдин кызынын махабаты” тасмасында Жоранын ролу менен белгилүү болгон актёр Аскат Эрбаев 2-июнь күнү уулдуу болду.

– Уулум 3 килограмм 650 грамм, бою 52 сантиметр болуп төрөлдү. Жубайым менен уулумдун абалы жакшы. Кызым төрөлгөндө сезимдер башкача болгон, уулубуз жарыкка келгенде дагы бир кыргыздын эр азаматы, коргоочусу, баатыры төрөлдү деп сыймыктандык. Уулума ысымды чоң ата-чоң энеси ыйгармак. Алар азырынча ойлонуп жатышат,- дейт Аскат.

Наристелердин бешик боосу бек болсун!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jalgyzym...
2019-06-10 15:57:31
Жакшы жанылык омурун берсин.
+3
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан