ЧАҢКООНУ КАНТИП КАНДЫРУУ КЕРЕК?

Билип ал

Спорт менен машыгып жатканда колдонулуучу суусундук аз газдалган суу болуп эсептелет. Ал эми адамды бат-бат чаңкаткан жайкы ысыкта кайсы суусундук чаңкоону мыкты кандырат? Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө көз жүгүртөлү.

Чай. Чыгышта өзгөчө жайында чайдын, болгондо да көк чайдын популярдуулугу артат. Анткени анда адамды суусатуучу таасири бар кофеиндин өлчөмү аз. Ал эми кан тамырдын кагышын жөнгө салуучу заттардын өлчөмү жогору.
Көк чайга канттын ордуна бал кошуп ичүү жакшы. Лимонду көбүрөөк салуудан качыңыз. Анткени анын кычкылы ашказанды дүүлүктүрүп жиберет. Ошол себептен лимондуу чайды ач карын ичпөө да сунушталат.
Сүт катыкталган чайды ысыкта, өзгөчө көчөгө чыгар кезде аз ичүү керек. Анткени ал заара кубалоочу касиетке ээ.

Газдалган суусундуктар.Газдалган таттуу суусундуктарды (Кока-Кола, Спрайт, Фанта ж.б.) ичпей эле койгон жакшы. Себеби алар чаңкоону кандырбай, тескерисинче, күчөтөт.
Жакшы жолу – аз газдалган жөнөкөй же минералдык ашкана суусун колдонуу. Алардын курамындагы көмүр кислотасы шилекейдин көбүрөөк бөлүнүп чыгышын шарттоо менен көп суусатпайт.
Абдан газдалган суу тамактын былжырын дүүлүктүрүп, ичти көптүрөт. Бул нерсе өзгөчө жол жүргөндө адамды беймазага салат.

Квас. Чыныгы квас өзүнүн курамындагы кислоталардын арты менен чаңкоону кандырып, ачкалыкты да билдирбейт. Тамактан кийин ичсе да тамактын бат сиңишине кедергисин тийгизбейт.

Ширелер. Жакшысы, кычкыл түрүнөн: томат, алча, грейпфрут, алкорунун (кара өрүк) ширесин ичүү керек. Алардын курамындагы кислоталар даам рецепторлорун дүүлүктүрүп, шилекейди көп бөлүп чыгарып, чаңкоону кандырат.

Сүт азыктары. Айрандын, табигый йогурттун курамындагы органикалык кислоталар чаңкоону мыкты кандырат. Ошондой эле бат сиңет (1 саатта 91 пайызы сиңсе, жөнөкөй сүттүн 32 пайызы). Болгону, айран майлуу болбошу шарт.

Сыра. Ачытылган азык катары кваска салыштырмалуу чаңкоону жакшы кандырбайт. Андагы алкоголь жана кулмак (хмель) ооздогу былжырларды кургатып, тескерисинче, чаңкатат. Бөйрөк аркылуу да начар бөлүнүп чыгарылгандыктан, адамдын денеси шишимик тартып калат.

Күчтүү ичимдик. Суу же Кола кошулса деле, күчтүү ичимдикти ысыкта ичпей эле койгон түзүк. Ал алгач кан тамырды кеңейткендиктен адам өзүн жеңил сезип, магдырай түшөт. Бирок андан кийин курамындагы этил спирти кан тамырды ичкертип, булчуңдарды жыйрылтат. Бул баш оору менен кайра эле чаңкоону жаратат.

Суу кошулган шарап. Түштүк Европа жана Түндүк Африкада (Тунис, Марокко) жүзүм шарабына суу кошуп (эки бөлүгү шарап, бир бөлүгү суу) ичишет. Бул адамды сергитип, организмдеги зат алмашууну күчөтөт. Болгону, көп ичпөө кажет. Чаңкоону бат кандыруу үчүн 50 грамм кызыл жүзүм шарабына 100 грамм ашкана минерал суусун кошуп ичүү керек. Бул кан тамырларга да пайдалуу.

Максым, жарма, чалап... Булар улуттук суусундук катары илгертен пайдаланылып келет. Чаңкоону кандыргандан тышкары адамды ток тарттырат. Организмге керектүү заттарга да бай. Максым ачытылып жасалгандыктан, ашказанынын кычкылы көбүрөөктөр аздан ичүүлөрү керек. Жарма, чалаптын тузу азы көп суусатпайт.

Эскертүү!
Муз кошулган суусундуктар тамак үчүн зыян. Анткени ал чаңкоону кандырбайт жана ангинаны козгойт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан