Тогуз жыл сүргөн сүйүү баяны бактылуу этапка өтүп, ырчы Максат Садырбековдун апасы уулунун сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиевага 4-июнь күнү сөйкө салды. Эки жашка өкүл ата, өкүл апа болуп Бактыгүл Бадыева менен жолдошу шайланышты.
– Толкундануулар болду, албетте. Айсулууга сөйкөнү апам салды, кыз узатуу болгон жок, сөйкө менен эле чектелдик. Майда-баратка бөлбөй эле бир чоң той берели деп чечкенбиз. Сөйкө салууда салт-санаанын баарын колдондук. Буюрса, 6-июнь күнү үлпөт тоюбуз болот. Азыр ошого кам көрүп чуркап жүрөбүз,- деп билдирди Максат Садырбеков.
Белгилей кетсек, Максат Садырбеков сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын туулган күнүндө колун сураган.