ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

Өспүрүм тыпылдап кетип бара жатты. Жүзүндөгү терлер тып-тып. Бирок чарчаса да токтобой үйүнө жетип, жонундагы 5 жашар карындашын төшөккө жаткырды. Ал уйкусурап быйтыйган колдорун агасынын коюнуна салды. Ушундай адаты бар. Алакандары менен агасынын жүзүн сыйпалап бар экенин сезип, анан уктайт. Карындашынын таноосунан келген жумшак жытты искеп жатып, магдыраган өспүрүм дагы уйкуга жетеленди.
– Аа-аа! Алып кетпегиле Аруукени, карындашым жанымда калсын. Арууке-ее! Ал менсиз уктабайт!
Бакырып түшүндө сүйлөнүп жатып ойгонду. Жигиттин минтип бакырганына жанындагылар көнүп калгандай кайдыгер. Өзү дайым кара терге түшүп жатып ойгонот. Жүрөгү куду биринчи күндөй ээнсиреп көзүн ачат. Жонунда, жүрөгүндө, жашоосунда 5 жыл гана жүргөн карындашын издеген түш канча жылдан бери аркасынан кубалап келе жатканын, бир өзү, бир Кудай билет. Алгач апасы Түркияга иштегени кеткен, кийин өгөй апасы... Алар атасы менен калышкан. Аны бар дешке деле оозу барбайт. Сөлөкөтү жүргөн менен, алардын жашоосунда жок эле. Бирок Арууке анын жашоосунда бар болчу. Топтоголок, капкара көздөрү менен агасына сүйкүмдүү тиктечү.
– Мен сени табам!- деди жигит ишенимдүү.

Окурман, мигранттын балдары 10 жаштагы Айдар менен 5 жаштагы Аруукенин баянына ыйладым. Эч кимиси жок 2 жыл өздөрү жашап, карындашы ооруп калганда балдар үйүнө өткөрүлүп, бири-биринен айрылып калышкан эки бир туугандын тагдыры сизди кайдыгер калтырбайт деп ойлойм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Avrora2017
2019-06-10 20:50:24
Бул дагы жаны сериалбы, окуп баштаганда эле коздон жаш тегеренетго чиркин
0
Supsuluu
2019-06-11 19:27:35
Жетинчи сериядан наржагы газетага гана чыгат да ээ???
+5
Shokoladka94
2019-06-13 14:56:19
Ээх балакайлар ыйлабаса, кыйналбаса, капаланып, куса болуп ызаланбаса, кемсинип, бироолордон корунбаса жакшы адам болуп чоноёт го ээ? Акча деп олуп бараткансып чет жакка чуркайбыз, ошол акчага тойгон адам барбы? Акчаны мейли таап келдин, бир керегине жарады да жок болду, а баландын бузулган психологиясын, кээде ден-соолугун, омурунуз,кайра кайрып ала аласынбы? Мигрант болуп кетээрде таразалаш керек, же баландын келечеги же акча!
0
ashuular_plus
2019-07-11 23:19:37
Бул сериалды да ортосуна келип калганда токтотуп койбогула, "гезиттен окугула деп". Силер "Өлүмдүн үч түсүн" токтотуп койгондон бери сайтыңарга кире элек экемин, ага чейин күндө 2-3 маал карап турчу элем.
0
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан