Ален Офойо: «СУПАЧАЙ МЕНЕН БЕТТЕШҮҮМДҮ ЖЕҢИЛГЕНДИК ЭМЕС, ЖЕТИШКЕНДИК ДЕП ЭСЕПТЕЙМ»

«Кара кыргыз» кличкалуу Ален Офойо 1982-жылы 1-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Бою – 1 метр 82 сантиметр, салмагы – 72 килограмм. Кикбокс боюнча Азия чемпиону (2003-жыл). Кыргызстандын 3 жолку чемпиону жана Кыргыз Республикасынын Президенттик кубогунун ээси (2007-жыл). Кикбокс боюнча эл аралык класстагы жана бокс боюнча спорт чебери.
Алган эң чоң гонарары – 3000 доллар. Учурда Бишкектин борбордук бөлүгүндө жашайт. Бойдок.

24-мартта Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна арналган үчүнчү эл аралык чемпиондук таймаш өттү. Аны уюштуруучулар бокстун абсолюттук чемпиону Константин Цзюну алып келип, спорт сүйүүчүлөрдү ыраазы кылышса, кубокту өзгөлөргө тарттырып ийбей чемпиондукту алып, намыска жараган мекендешибиз Ален Офойонун кубанычы койнуна батпай турган кези. Мындан 10-15 жыл мурун Бишкектин көчөлөрүн чаңызгыта ойноп жүргөн тармал чачтуу, өңү кыргызга да, арабга да окшобогон Ален кийин кикбокс боюнча Кыргызстандын намысын коргоп, желегин желбиретээри эч кимдин оюна келбеген болсо керек эле...
Эмесе, биздин коногубуз – Ален Офойо.

«ТЕГИМ БОРБОРДУК АФРИКАНЫН КОНГОСУНАН»

– Ален, минтип чемпиондукту утуп, даңкталып турган кезиң. Айтчы, ийгиликтен улам толкундандыңбы?
– Албетте. Миңдеген адамдар сени кыйкырык-сүрөөнгө алып колдоп, суктанып жатышса, канча жылдык машыгуулардын натыйжасы билинип, бир башкача толкунданган абалга туш болосуң.
– Окурмандарга жана күйөрмандарыңа кенен маалымат болсун үчүн кепти алгач балалыгыңдан, сенин экзотикалуу түп-тегиңден баштасак кантет?
– Тегимди айтсам, атам Станислад алыскы Конгодон (Борбордук Африка), апам болсо кыргызстандык орус кызы. Аты Татьяна. Атам аскердик учкуч болгон экен. Конгодо болгон эмесмин. Өзүм болсо накта бишкектик жигитмин. Шаарыбыздагы №2-төрөт үйүндө, 6-палатада төрөлгөн экенмин.
– Бала кезиңде абдан шок болсоң керек?
– Кандай десем, ашыкча шок болуп апамды кыйнаган эмесмин. Бирок, бир орунда турбаган, бекер да отура албаган бала элем. Дайыма өзүмдүн «чоң» иштерим менен алектенип, айланамдагы нерселердин баарына кызыгып, териштирип, күйүп-жанып жүрө берээр элем. Короолордо ойноп жүрүп далай дос таптым. Себеби, бирде Кызыласкерде, бирде Восток-6да, Пригородныйда, дагы бир топ жерлерге көчүп-конуп жашаганбыз. Мектепти да көчмөн сыңары аяктадым. Алгач 29-мектепке беришкен. Эмне тоскоол болду билбейм, биздин классты чачыратып жиберишип, 6-мектепке жөнөтүштү, андан 11-мектепке келдим. Ал жер жакпай калгандыктан, өзүм суранып жатып 54-мектепке которулуп кетип, 11-классты ошол жактан бүтүрдүм. Балдар менен топ-топ болуп мушташып, кызыл-кыргын түшкөн кездерим көп эле болгон. Бир жакшы жери, анын баары эле апама жете берчү эмес.

«КИКБОКС МЕНИ АЗГЫРЫП КЕТТИ»

– Ушундай көчө-мушташтардан улам спортко кызыгып кеттиңби? Негизи, эркек балдар машыгууга өзүлөрүн коргоп, таяк жебей, көчөдө ээн-эркин басып жүрө алыш үчүн бара башташат эмеспи?
– Ошондой деп айтсам деле болот. Бирок, алгач теңтуштарыма окшоп футболчу болгум келген. Тердеп-кургап топ кучактап эле аянтчада жүрчүмүн. Анан сууда сүзүүгө кызыга баштадым. Бир күнү досум: «Сабактан кийин кикбокс менен машыктырган залга барып келели» деп калды. Дароо макул болуп, жөнөп калдык. Ошентип, кикбокс боюнча алгачкы сабакты «Факел» спорт клубунан 12 жашымда алдым. Бара-бара кикбокс мени өзүнө азгырып тартып кетти.
– “Факелден” кийин «Гермесс-профиге» Александр Воиновдун колуна келдиңби?
– Жок, Александр Хусаиновичке чейин көп машыктыруучудан өттүм. Мени «бутунун соккусу күчтүү» деп эсептешет. Бут менен мушташуунун техникасын (спорт чөйрөсүндө Алендин айланып тепкенин «коронный удар с разворота» деп баалап жүрүшөт) «Гундо» спорт клубунан Арбуду Рахим аттуу машыктыруучудан үйрөнгөм. «Гермесс-профиге» кийинчерээк 18 жашымда келдим. Биринчи Маралбек Давлеткуловдун колунда машыгып, топтон суурулуп чыга баштаганда гана Воиновдун тобуна которулдум.

«ЖЕҢИЛГЕН УЧУРЛАРЫМ КӨБҮРӨӨК ЭСТЕ КАЛАТ»

– Биринчи профессионалдык беттешүүң кандай өттү эле?
– Профессионалдар арасында беттешүүгө биринчи жолу Казакстанда чыккам. Эсимде, мындан 5 жыл мурун Чунжада (Казакстан) рингге чыгып жеңилип, демим суугандай жаман абалга түшүп калгам. Ошону машыктыруучуларым байкашса керек. Кийинки профессионалдык беттешүүгө баргыча спорт сүйүүчүлөрдүн арасында өтүүчү далай беттешүүлөргө чыгарышып, жакшы даярдык алууга шарт түзүп беришти.
– Жеңилип, уттуруп ийген мүнөттөр көбүрөөк эсте калабы же жеңишке жеткен кездерби?
– Рингде каршылашыңды жеңип чыккандан өтөөр жагымдуу мүнөт болбосо керек. Бирок, менин жеңилип калган учурларым көбүрөөк эсимде калат. Ушул күнгө чейин далай беттешүүнү башымдан өткөрүп, көпчүлүгүндө жеңсем да, 3 жолку жеңилүүмдү унута албай жүрөм. Биринчиси, Москванын «Арбат» мушкерлер клубунда россиялык досум Владимир Тюринге утулуп калгам. 3-раундда бутумдан катуу сокку алып, мушташты токтотуума туура келген. Экинчиси, 2006-жылы Подмосковьеде Россиянын кикбоксчусу Сергей Зимневич менен беттешип, оң бутумдун томугунан жаракат алып, «Змейден” жеңилип калган элем. Үчүнчүсү, өмүрүм­дөгү эстен кеткиси – таиланддык Супачайдан жеңилишим болду.
Досторумдун арасында отурганда «моя золотая нога, много побед принесла» деп тамашалап, оң бутумду сылап коймоюм бар. Негизи, соккуну көпчүлүк учурда ушул оң бутумдан алам.
– Зимневич «Змей» деп жатканың кечээ Президенттик кубокко келип, сенден утулуп кеткен жигитпи?
– Дал өзү. «Змей» экөөбүз көптөн бери эле таанышпыз. Былтыр КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы беттеште жогоруда айтып өткөнүмдөй, оң бутума катуу сокку берип жеңип кетсе, минтип бир жылдан соң өткөн эсебимди кайтарып алдым.
– Өчүмдү алдым дебейсиңби! Тамашалап жатам, ал эми таиланддык Супачай Чансод менен беттешүүң жөнүндө бардык эле окурмандарыбыздын кабары болсо керек. Ошентсе да айрымдар үчүн 2006-жылы Бишкекте өткөн тайбокс боюнча дүйнөлүк чемпионаттын башка мелдештерден айырмачылыгы жөнүндө айта кетсең?
– Бүткүл дүйнөлүк Бокс федерациясы тайбокс боюнча жаңы версия киргизип, өткөн жылдан тартып бокс күйөрмандарына жаңы чемпиондорду тартууламакчы болду. Кикбокстон айырмасы, бокстун бул түрүндө чыканак, тизе менен да согууга уруксат берилет. Жеңүүчүлөргө алтын чөгөрүлгөн чемпиондук кур тапшырылат. Мына ушундай дүй­нөлүк мааниси бар беттешүүгө чыгуу мүм­күнчүлүгү башка толгон-токой кикбоксчуларга эмес, мага берилип калганы үчүн Супачайдан жеңилип калганыма карабай ыраазы болгом.
– Бирок, жеңип калсаң дүйнөлүк аренага, рингге чыгууга мүмкүн­чүлүк алмаксың да. Байге фонду да чоң болсо керек эле?..
– Кайсы спортчу жеңилип калгысы келсин. Ооба, жеңсем эң сонун мүм­күнчүлүктөргө жол ачылмак. Жашы мени менен тең Супачай абдан күчтүү, даярдыгы мыкты, башынан жүздөгөн беттешүүлөрдү өткөзгөн жигит экен. Эгер менин да тайбокс жагынан жакшыраак тажрыйбам болсо Супачай менен татыктуу мушташууга болоор эле. Ошентсе да Супачай менен беттешүүмдү жеңилип калганыма карабай жетишкендик деп эсептейм
– Чоң спорттон кетейин деген оюң барбы? Же Кыргызстанда спорт менен бутка туруп, бардар жашап кетүүгө болобу?
– Бизде спорт менен байып, чет жердегилердей, жок эле дегенде мобу эле кошуна Россия, Казакстан спортчулары өңдүү бардар жашап кетүүгө шарт жок. Өз ичибизде “спорт сени байытып жибербейт, бирок, ачка да калтырбайт” деп тамашалап калабыз. Ошентсе да жакынкы аралыкта чоң спорттон кетээр оюм жок.
– Анда неге бир топ спортчулар өңдүү ошол Россия, Казакстанга кетип калгың келген жок?
– “Бизге келип иште, тигиндей-мындай шарт түзүп беребиз” дегендер көп эле чыгат. Мисалы, Казакстан, Россиянын “Арбат” мушкерлер клубу кайра-кайра сунуш кылып жатышат. Барсам алар айткан убадаларын толугу мене ишке ашырып беришээринен күмөн жок. Ошентсе да менин өзүм туулуп-өскөн жеримден, апамдын, досторумдун, бизди ушунчалык даражага жеткирип жаткан спорт клубумдан, машыктыруучумдан алыс кетким жок.

«МЕНДЕН КЫЗДАР КОРКУШАТ ОКШОЙТ...»

– Эли-жерин, тарбия алган жерин сыйлаган патриоттугуңа ыраазыбыз. Эми күйөрман кыздардын тынчын алган жеке жашооң жөнүндө айтып берсең кантет?
– Жеке жашоом кандай болушу мүмкүн? Кадимки досторум сыяктуу эле жашайм, студентмин, Юридикалык академияда сырттан окуп, мына быйыл диплом алганы турам.
– Сенин бойдок экениңди билебиз, ал эми сүйлөшкөн кызың жөнүндө...
– Азырынча сүйлөшкөн кызым жок. Сыягы, кыздар менден коркушат окшойт, эч ким карабай жатат... Тамаша. Дос кыздарым болгону менен азырынча менин талабыма жооп берээр кызга жолуга элек окшойм.
– Андай кыз кандай болушу мүм­күн?
– Сулуу, ашыкча шаңкылдай бербеген, токтоо, а мүмкүн күйүп-жанып турган кумарлуу, бирок, чектен чыкпай, эркекти сыйлай билген, билимдүү, анан да азиат кыз болушу керек. Кыргыз кызы болуп калышы да мүмкүн.
– Таанышуу үчүн сени кайсы жерлерден жолуктурууга болот?
– Спорт залдан.
– Кыздар спорт залга издеп барышсынбы?
– Тамаша, бир аз бошоп калсам эле достор менен дискоклубдарга барып, кыйынчылык, түйшүк, мелдештердин баарын унутуп, суй жыгылгыча бийлегенди жакшы көрөм. Дайыма бир клубга барам деп айта албайм. Музыкасы, тейлөөсү жакшы, жаштар келген дискоклубдарга тез-тез барып турам.
– Ичкиликке мамилең кандай?
– Мен такыр ичпейм десем калп болот. Кээде өзгөчө майрам, кечелер болуп калганда шампан ичип коём, дискотекага барганда бир аз пиво ичем. Мас болгуча ичип, чатак салуу деген болбойт.

«МУЗЫКА, НАМАЗ ЖАНДҮЙНӨНҮ ТАЗАРТАТ»

– Бийлегенди жакшы көрсөң, музыканы да жактырсаң керек?
– Мен чынында меломанмын. Маанайга жараша баарын угуп, жактыра берем. Мындан жашыраак кезимде арэнби, рэпти өзгөчө жакшы көрчүмүн. Азыр болсо классиканы көп укчу болдум. Өзүм менен өзүм калып, магдырап эс алып отурууга убакыт табылган кездерде классиканы, айрыкча Бах менен Моцарттын музасын угам.
– Жандүйнөңдү тазартып, жеңилдеш үчүн дагы эмне кыласың?
– Намаз окуйм. Ар бешинчи күнү жума намазга мечитке барам. Былтыр орозо кармадым.
– Машыгууларга зыяны тийбейби?
– Спорт залда эсим ооп калайын деген учурлар болду. Олуттуу мелдештер болбосо, орозонун зыяны деле тийбейт. Жеңил жүрөсүң.
– Атаң конголук, энең орус кызы болсо, сен кайдан мусулман болуп жүрөсүң?
– Атамдын мусулман баласы экендигин билем.
– Ален, кептин аягында дагы далай ийгиликтерди багынтаарыңа тилектеш экенибизди билдиргибиз келет.
– Силерге да рахмат. Окурмандарыңар дагы да көбөйсүн.

Маектешкен АЙБЕК НУРАДИЛОВ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 231, 6-12-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан