КОЙ (21.03-20.04)
Аптада кандайдыр бир иш күмөн жаратса, жакшысы аны кылбаңыз. Жакындарыңыз менен жакшы мамиледе болуңуз. Алар сиздин колдооңузга муктаж болушат. Сүйүктүүңүз менен пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Андыктан келип чыккан кырдаалды жөнгө салыңыз. Кесиптештериңиз, досторуңуздун жөнү жок тамашасына кулак салбаңыз. Мамилеңиздерге залакасы тийиши ыктымал. Апта соңунда кубанычтуу кабар угасыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башында жагымсыз жагдайлар орун алат. Өзгөртөм деп өзүңүздү отко салбаңыз. Сизден чыдамдуулук гана керек болот. Иш кагаздарына байланыштуу маселелер мүшкүл жаратат. Жылдыздар так болууга чакырат. Тамак-ашты көзөмөлдөңүз, антпесе ден соолугуңузга залалы тийиши мүмкүн. Апта соңунда дарегиңизге түшкөн сунуштан баш тартпаганыңыз жөндүү, себеби өнүгүп-өсүүңүз үчүн мүмкүнчүлүктөр чексиз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эгиздер үчүн апта эксперимент жасоого ыңгайлуу. Кандай нерсени өзүңүздөн өткөрбөңүз, ийгиликтүү болот. Сүйүүсүн таба электер олуттуу мамиле курууга жетишсе, айрым сүйүшкөндөр турмуш жолуна аттанат. Менменсинген мүнөзүңүздү тизгиндеп, ачууга алдырбаганыңыз жакшы. Болбосо анын кесепетинен ишиңиз артка жылып, эмгегиңиз текке кетет. Апта соңунда акчага же буюмга мелдешүүдөн оолак болуңуз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада сизге тапшырылган иштерге жоопкерчилик менен мамиле кылыңыз. Жасаган ишиңиздин натыйжасында кадыр-баркыңыз жогорулайт. Үй-бүлөдөбү, жумуштабы, айтор, кырдаалдарды сабырдуулук менен жөнгө салыңыз. Каржылык муктаждык жаралып калбасын десеңиз сатып алууларды жылдырып турганыңыз оң. Бойдок бөйөндөрдө жаңы жолугушуулар орун алат. Апта соңунда сапарга чыгышыңыз күтүлөт.
АРСТАН (23.07-23.08)
Бул аптада жумушка байланыштуу жолугушуулар ийгиликсиз болуп маанайыңыз түшөт. Андыктан мындай кездешүүлөрдү артка жылдырып, досторуңуз, жакындарыңыз менен убакыт өткөргөнүңүз пайдалуу. Үй же машинага байланыштуу маселелер оң жагына чечилет. Карызга акча алуудан качыңыз. Тезинен кайтарып берүүгө туура келип кыйынчылык жаралышы мүмкүн. Ага карабай апта соңунда жагымдуу кабар угасыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бийкеч жылдызындагылар үчүн бул апта күтүлбөгөн окуяларга бай. Жаңы таанышуулар орун алып, олуттуу мамилелерге багыт алышыңыз күтүлөт. Көптөн берки тааныш адамыңыз сүйүүсүн билдирип, сизди оңтойсуз абалда калтырат. Каржылык тартыштык жаралышы мүмкүн, бирок маселе тез эле оң жагына чечилет. Жумушуңузга байланыштуу жаңы идеяларды ичиңизде бышыра туруңуз. Ишке ашырууга ылайыксыз учур.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Таразалар бул аптада күтүлбөгөн тараптан жакшы сөз угуп, алардын колдоосуна татыйт. Таарынышып жүргөндөр үчүн жарашууга ыңгайлуу мезгил. Көптөн бери эки жээкте жүргөн сүйүшкөндөрдүн мамилеси кайрадан жанданып, таарынычтарга чек коюлат. Кесиптештер, жетекчилик менен болгон сүйлөшүүлөр сизден сылыктыкты талап кылат. Сатып алууларды чектеңиз. Жылдыздар сизди келечектеги керектөөлөр үчүн каражат чогултууга чакырат.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта ичинде пикир келишпестиктер көп орун алат. Үй-бүлө мүчөлөрү, кесиптештер менен жаралган кайчы пикирлер чырлашууга жеткириши мүмкүн, андыктан ачууга алдырбаңыз. Эски баалуулуктар актуалдуулугун жоготуп, жашооңузду өзгөртүү үчүн изденүү үстүндө болосуз. Жаныңызда жүргөн жоопкерчиликсиз адамдардын залакасы тийбесин десеңиз, алардан оолак болуңуз. Апта соңунда көптөн бери көздөп жүргөн нерсеңизди сатып алып кубанасыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Пландаган иштериңиз ийгиликсиз болуп жардамга муктаж болосуз. Жакындарыңыз тараптан айтылган пикирлерди кабыл ала билиңиз. Алардын кеңеши маселелерди чечүүдө көмөкчү болот. Жашоомдун кайталанган нугун өзгөртөм дегендер, оюңузду көзөмөлдөп туура чечим чыгарыңыз. Антпесе өкүнүп калуу ыктымалдуулугу жогору. Оңдоп-түзөө иштери үчүн ыңгайлуу учур. Жумушуңуздан жагымдуу кабар угасыз. Маянаңыз көтөрүлүшү мүмкүн.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Текечерлер үчүн бул апта бир калыпта өтөт. Жаңы мамиле куруу же көптөн бери көздөп жүргөн максаттарды ишке ашырууга ылайыксыз мезгил. Андыктан бул аракеттериңизди тизгиндей турганыңыз пайдалуу. Аптанын экинчи жарымында жасаган иштериңиз жетекчилик тараптан бааланып, жумушуңузда ийгиликтер орун алат. Эс алуу күндөрүн үй-бүлөңүз же жакындарыңыз менен табият коюнунда өткөргөнүңүз сизге кошумча дем берет.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Суу куярлар бул аптада тынымсыз аракеттин натыйжасында көптөн берки кыялын орундатууга мумкүнчүлүк алышат. Окуп-үйрөнүүгө, өзүңүздү өнүктүрүүгө ыңгайлуу мезгил. Жакындарыңыздын ийгилиги сизди кубантат. Кесиптештер менен пикир келишпестиктер орун алат. Сүйүктүүңүздөн кол үзүүнү каалабасаңыз, мамилеңизди тезинен жөнгө салыңыз. Жуманын экинчи жарымына маанилүү иштерди пландабаганыңыз оң.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Дайымкы шалдыроодон арылам десеңиз, аптада өзүңүзгө көбүрөөк көңүл буруңуз. Маанайыңызды түшүргөн пайдасыз ойлорго орун бербей, эс алууга убакыт табыңыз. Мындан аркы иш-аракеттериңиз абалыңыздан көз каранды. Жакындарыңызга карызга акча бербеңиз. Ала албай убара болосуз. Жолугушууларды, кечелерди четке какпаңыз, жаңы таанышуулар, жаңы адамдардын аркасы менен жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ болосуз.