Анжелика, ырчы: «30 ЖАШЫМДА ЖАШООНУН ЖАҢЫ БАРАГЫН АЧАМ»

Сындан, талкуудан, тагдырындагы бардык адамдардан, жагдайлардан улам күчтүү болгонун айткан ырчы Анжелика учурда отузунчу туулган күнүн тосуу алдында турат. Интервьюда сизди кызыктырган Марат да, Урмат да, ийне сайылган сүрөт да, устаты да бар, окурман.

– Анжелика, туулган күнүңдү утурлап маектешип жатабыз, анан 30 жаш кандай болот экен?
– Ийгиликтин башаты 30 жаштан кийин башталат дешет. Ошондой эле болот деп ишенем. Жашым отузга келгени менен, ичимде 22 жаштагы эле кыз жашайт. Сыноолордон, балким, каталарымдан улам ийгиликке жетүүм тез болду деп ойлойм. Жашоонун бороон-чапкынына, сыноосуна туруштук бердим. Кичинемде өзүм теңдүүлөрдөй эч ким менен ишим жок ойноп, кийин студент болуп, анан иштейм деп, анан турмушка чыгам деп жүрсөм менин ийгиликтерим да кеч болмок. Мен 8-9 жашымда чоң дүйнөгө аралаштым. 40-50 жаштагы өлкөгө белгилүү инсандар, депутат, министрлер менен бир столдо отуруп алардын жашоосун көрдүм. Мунун баары мага стимул берди. Кичинемден тың болдум, жоопкерчиликке үйрөндүм. Мен курдуулар студент болуп окуп жүрүшкөндө мен бизнеске аралаштым. Менин жолумда эки Анжелика болду. Бири – ийгиликтүү концертин берип «чыгармачылыгымды жыйыштырдым» деген 17 жаштагы өспүрүм жылдыз Анжелика, экинчиси – үй-бүлөлүү Анжелика. Экөөнүн тең жашоосу, жолу татаал болду. Эми 30 жашка чыккан Анжелика катары жашоомдун жаңы барагын ачып жатам.

– Элдин талкуусу укмуш эле болду, башка адам сынып калат беле деп ойлойм. Сен өчөшкөндөй кайра талкууга кээде жем таштап коёсуң...
– Башында талкуунун чабуулуна кабылганымда бул дүйнөдөн жок болуп кетким келчү. Жан чыдагыс ушактар болду. Ыза болуп, күйүп кетчүмүн. Бирок бардык нерсеге билим керек экен. Эл көзүндөгү адамдардын көбү негативге кантип каршы туруу керек деген психологиялык сабак алышат экен. Тренингдерге катышып, өзүмдү бул агымга каршы туруш үчүн тарбияладым. Жаман айткан адамдын миң сөзүнө эмес, жакшы айткан бир адамдын сөзүнө көңүл бурганды үйрөндүм.

– Адатта аялдар ажырашкандан кийин чүнчүп, кыйналып, социалдык тармактарга том-том кат жазышат, сен ажырашкандан кийин, тескерисинче, эркиндикке чыккандай ачылып кеттиң...
– Менталитетибизде ажырашуу десе эле трагедия деп ойлошот. Бул жашоонун агымы да. Адамга жашоосунда «комфорт» керек. Эгер жанындагы адам жакпай, жүк болуп жатса, сага түйшүк алып келип жатса, аны жээкке чыгарып туруп, өз жолуңду улашың керек. Мен ажырашууну ушинтип түшүнөм. Ажырашкандын эмнесине чүнчүш керек? Апам же балдарым ооруп калса, колумдан эч нерсе келбей жатса депрессия болсом болот. Эркек үчүн эмнеге чүнчүйм? Демек, ушундай болуш керек болчу, маңдайга ушундай жазылды. Ажыраштым деп отуруп алсаң бирөө сенин балдарыңды багып береби? Медалдын экинчи жагын эч ким билбейт да.
Кыйналган күндөрүм болду, үйүм жок, унаам жок, үч кызым менен көчөгө чыгып калган учурум болду. Азыр муну эмнеге айтып жатам? Ар бир аялдын башына ушундай күн түшүп калышы мүмкүн. Даяр болуш керек. Бир айда эки-үч жолу батир которуу керек болуп калды. Бир күнү эле жашап жаткан үйүм бирөөнүн атына өтүп кетти. Үйүмдү себим менен кошо алып калып, мени чыгарып коюшту. Себеби менден сурабай Урмат бирөөгө сатып жибериптир. Алданып калдыбы, билбейм. Ал кезде мени ал желмогуздай көрүп сөгүп калган. Мен үч кызды ажырашуу үчүн төрөгөн эмесмин. Ар бирин өлүм менен алышып жатып төрөгөм. Акыркы кызымда «ушинтип эле өлүп каламбы?» деген ой кеткен. Анткени же менин, же кызымдын өмүрү деген суроо коюлган эле.
Оор күндөрүмдүн эртеси мага күн тийип, белгилүү компаниялар менен бир жылдык келишим түзүлүп калды. Азыр кыздарым каалап жүргөн үйдө жашап жатабыз. Үй алганда эмеректерди төрт-беш жылда толтурам го деп ойлогом. Ал деле жарнамага жасалып калды. Жомок ушинтип башталды. Айрымдардын фантазиялары иштеп «бирөө жардам берди, антти-минтти» дешет. Үйдү да, үйдүн ичин да, унаамды да эч кимдин колдоосу жок эле, өзүм алдым. «Жок, Анжеликага башка бирөө алып берди» деп ойлой тургандар болсо, дал ошондой ойлой беришсин. Анткени жамбашын көтөрүп мендей иштегенче мени кимдир бирөө менен жабыштырып коюп отура берген оңой ал адамдарга.

– Анжеликаны ким же кайсы жагдай мынча күчтүү кылды? Устатыңбы же мурунку күйөөңбү, же башка бир себеп болбосун?..
– Мени үч кызым күчтүү кылды. Башка эч ким. Жадакалса ата-энем бул абалда жардам бере алышкан жок. 5 жыл аралыгында үй-бүлөдө мен гана аракет кылып калдым. Атам Урматка «сен же мына бул чыгымдарды өз моюнуңа аласың, же кызым менен үч неберемди өзүм алып кетип багам. Болбосо Анжелика катуу чарчап калды» деген. Бирок бир жыл ичинде эч бир аракет кылбай, өз кызыкчылыгы менен жүрүп алды. Көптөр «адамгерчилик менен аяп койсоң болмок» деп айтышат. Эмнеге эки колу, эки буту иштеген дени сак эркекти аял аяшы керек? Үчтү төрөп ден соолугу кеткен, жашоо менен жалгыз күрөшүп жаткан аялды эмнеге аябаш керек? Мисалы, ден соолугум начар, жүрөгүм ооруйт, бирок мен аны эч кимге айтпайм. Ар дайым ооруп жатканда да ордумдан турушум керек, кыздарыма жылмайышым керек, алар үчүн бардыгын кылышым керек деп ойлойм.

– Урмат сен турмушка чыгып жатканда колунан келген, алдыңкы ишкер эмес беле. 10 жыл аралыгында аны эмне өзгөрттү?
– Урмат адамгерчиликтүү, боорукер, жакшы адам. Чынын айтсам, башында эч кимди тоготпогон, таластыктарча сөгүнгөн, чыгармачылык тууралуу түшүнүгү жок, үйдөн мени чыгарбаган, «аял киши эмнеге машина айдайт?» деген жигит болчу. Кийин мени түшүнүп, колдоп калгандай болду. Чогуу жашаганыбызга 10 жыл болгондон кийин ал көөп кетти, дөөлөтүн көтөрө албай калды. Үгүт иштеринде, тойлордо килейген ичим менен жүрдүм. Үйдө эмне бар, эмне жок эч бир иши болгон жок. Кичүү кызымды да өзүмдүн демилгем менен төрөдүм. Менин төрөгүм келген, чет мамлекетке жолдомо алып барып эс алып келгенден кийин боюмда болгонун билдим. Ал наристе каалаган да, сураган да эмес, кызбы-эркекпи, иши жок болчу. Жанымда менден балалуу болгусу келген, мага кайдыгер эмес эркек, жок эле дегенде мени кызганган эркек болуусу керек эле. Айчүрөк эже мени элге монстр кылып көргөзгөн сүрөт боюнча ызы-чуу чыкканда «эй, оозуңарды жапкыла, мен аялымды абийири менен алгам. Бирөөң эч нерсе дебегиле» деп айтып чыкса болмок. Анткен жок. Ошого аябай таарындым. Жарака 10 жылдык юбилейибизде кетти. Үч кызымды жасантып, апакай көйнөктөр менен фотосессия кылып жатканда «жаныбызга келип сүрөткө түшүп койчу» деп сурансам, каткырып күлүп кетип калды. 10 жыл жашап чогуу сүрөткө түшпөгөндөн кийин, демек, мындан ары да жолубуз бир болбойт деп чечтим. Тойду өзүм өткөрдүм. Мен мындай жүктү көтөрүп жүргөндөн аял катары чарчадым. Төрөп берип, өзүм аларды бутуна тургузуп, бардыгын өзүм кылып, аны Урмат кылгандай көрсөткөндөн тажадым. Урмат менен ажырашып жатканда эл жабылып мени сындаарын да билдим. Бирок мага баары бир болчу, баары жүз буруп кетсе да мейли дедим. Анткени көп туура эмес нерселерди кылды. Бир күндө эле ал бардык нерсемди алып койду. Үйдү эле эмес, кызымдын атына коюлган сулуулук салонун тууганына каттатып коюптур. Сүйлөшүп жатып сулуулук салонун кызыма мурас кылып каттаттык. Алып калганым ошол болду. Аны мен тааныбаган достору, аябай көп киши колдонуп кетти. Акыры ал адамды аяп да, таарынып да жашагым келген жок. Жылдар өтө берет экен, кысылып жашай берет экенсиң. Жүрөк оору менен эки ай ооруканада жаттым. Бир басып келген жок. Бир ийненин акчасын төлөгөн жок.

– Ушунча сүйүп алган эркек таптакыр жүз буруп кеткенине али да түшүнө албай турам...
– Сүйүүдөн мурун жоопкерчилик болуш керек эле. Кана жоопкерчилик? Мени сүйбөй эле койсун, кыздарын сүйүшү керек эле. Алар үчүн жанын бериши керек эле. Мен ошол сапатты көрө албай койдум. Эми болгон нерсени айтсам Анжелика актанып жатат дешет. Чындыгында, мен эмне болуп турмушка чыгып калганымды деле билбейм. Айчүрөк эженин айынан шашылыш турмушка чыгып кеттим. Анткени мен каалабаган адамга эле күйөөгө бермек. Апам «кошунабыздын баласы, биз билген адам. Тең-теңи менен, ушу жигитке эле чык. Болбосо келечегиңден корком» деди. Мен үчүн Урмат байке болчу, ал 29да, мен 17 жашта элем. Сөйкө салып, куда түшкөндөн кийин мен кантип күйөөгө тийип кеттим билбей калдым. Өспүрүм жаш кызды бузуп коюш бат эле болчу, 18 жашымды күтүп тургандар толтура эле. Мен ойлойм, кайсы бир учурда каржылык, моралдык жактан да Урматтан өсүп кеттим. Азыр Урматка да, Айчүрөк эжеге да таарыныч жок. Жашоомдо ушул эки адамга жолукканыма ыраазымын. Бул жашоо, таттуусу да, ачуусу да көп. Жаш болчумун, мен Айчүрөк эжеден да, Урматтан да коркком. Айчүрөк эжеге убагында апама бербеген белектерди бердим, сыйымды көрсөттүм. Түшүнгөн жок. Акырында болбогон мурунку сүрөттү алып чыгып элге жайды. Ал жерде Айчүрөк эже, маркум Мухтар байке үчөөбүз эле болчубуз. Кечээ жакында «Замандаш» партиясынын кечесинде болдум, Мухтар байкенин аялынын алдында жүзүм жарык. Айчүрөк эже 11 жылдан кийин эмнеге алып чыкты? Аялдык ич күйдүлүк гана болду. Ошондо мурунку күйөөмдөн сурандым, «кандай болгонун айтып интервью берип койчу» дедим. Ал эмне болгон, кандай болгон, бүт баарын билчү. Турмушка чыккандан кийин деле Айчүрөк эже телефон чалууларын токтоткон жок, «сүйлөшүп кой, антип кой, минтип кой» деп айта берчү. Мен Айчүрөк эженин айтканын кылбай койсом болмок, бирок ал мени эч бир жерге чыгарбай коймок. Мен үчүн сахнадан айрылып калыш оор болчу. Ошол убакта Арсен, Омарлар чыгып калды.
Мен курактуу жаштар чыгып баштадык. Өх дедим да, Анжелика катары чыгып баштадым. Ушу жолку концертимде да Айчүрөк эжени "дуэт ырдайлы" деп чакырдым. "Угузбагыла, аны көрсөм буту-колум калчылдап калат" деп айтыптыр. Ар бир концертиме, жакшылыгыма чакырып келем. Бирок келбейт.

– Негатив көп болуп кетти окшойт. Кел, кыздарың тууралуу сүйлөшөбүз.
– Улуу кызым Айыма 12ге чыгат, баарын түшүнөт. Чоң кишидей иштейт, жоопкерчиликтүү, эмгекчил. Элима болсо үйдүн тентеги. Үйдө көп нерселерди жасап коёт да, эч нерсе болбогондой отура берет. Сүрөткө түшкөндү жаман көрөт. Ушу кызымда өзгөчө талант бар деп ойлойм. Кичүү кызым Айлиндин башкача мүнөзү бар. Мен «биринчи Кудайдан, экинчи ушу Айлинимден корком, башка эч кимиңден коркпойм» деп калам. Анын апасы да, атасы да болуп калдым, такыр чек койбойм. Атасы менен өздөрү каалаганда байланышып турушат. Бирок ажырашканыбызга бир топ убакыт болду, эч бир жардам болбоду. Балдар күтөт экен. Байкап «кыздарга келип кетпейсиңби» десем, «сен чакырсаң эле чуркап бармак белем, мага чалба» деп корсулдап салды. Кыздарымдын атасы Урмат, аны эч ким өзгөртө албайт. Ошондуктан атасынан кыздарды алыстатпайм.

– Өзүң шоу-бизнеске кичинеңден келдиң, кыздарыңдын ушу жолго түшүшүнө көмөк көрсөтүп жаткандайсың, адатта көптөр өзү баскан жолду кыздарына бастыргысы келбейт го...
– Мен такыр эле каалаган эмесмин. Бирок жан дүйнөсү ошону каалап турса башка жакка бура албайт экенсиң. Чарчаганда аяп Айымкага «барбай эле койчу концертке» десем, көзүнүн жашы тегеренип кетет. Эми каалап турса бара берсин. Үйдө жаткандан көрө эмгектене бергени туура. Кыздарыма баарына уруксат берем, болгону телефондон чектейм. Мен тууралуу укмуш талкуу болуп жатканда аларды жабык нерсенин ичинде кармап, эч нерсени билдирбегенге аракет кылдым.

– Көрүстөндөн ийне сайылган сүрөтүң чыкты, бул окуя кандай болду?
– Ал элге чыкпаш керек болчу. Бир-эки курбума жөнөткөм, анан шоу-бизнестеги бир-экөөнө жөнөткөм. Ошолор аркылуу тарап кетиптир, тарап кеткенден кийин өзүм билдирүү жаздым. Эми мындай окуялар көп эле болгон, ак, кара кой союп, куран окутуп койдук. Кызыгы, аны ким кылганын деле таптым, бирок аркасынан түшкүм келген жок.

– Акыркы суроом, ишкер Марат Назарбеков менен үйлөнүү тою жакында болот деген кеп чыкты. Чынбы?
– Жашоомдо Урмат да, Марат да жок, ким кандай ойлосо ойлой берсин. Бул нерсенин баарын эл билет. «Менин күйөөмдү тартып алды» деген айымды деле көрүп жүрөм. Мен катышкан мааракелерге барып аркамдан кууп жүрөт. Барсын, сулуу болсун, күйөөсүн кайтарып алсын! 11 жыл мурун ажырашкан жолдошу менин аркамдан чуркап баштаса кызганып кеттиби, ким билсин? Чындыгында, менден башка деле көп кыздын аркасынан чуркаса керек. Эркек, бойдок дегендей. Тиги айым менин атымды колдонуп эле ызы-чуу жасап жиберди. Ага да рахмат, тагдырыма кирген бардык адамдарга, Урматына, Маратына деле, баарына рахмат.

– Концертиңди жакшы өткөрүп ал.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Урмат мени менен жашасаң мүлктү кайтарып берем деп шантаж кылган” дейт Анжелика
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
momun74
2019-06-17 23:29:12
Анжелика кандай болсо болсун биок жакшы адамбы жаман адамбы негатив коментарийге туруштук бергенин чон эрдик деп эсептейм
+4
katerina.li
2019-06-18 08:07:01
Анжелика не унижайся ни перед кем. И эч убакта актанба. Жон гана бактылуу бол. Ошондо ичи куйуп аткандар сенин бактылуу экенинди коро албай орттонуп жок болуп кетишет
0
Nestana95
2019-06-18 12:53:08
Негатив аз ....эн сонун.....
-1
Nur777
2019-06-18 13:10:15
Мен мурда Анжеликага негатив жазгандардын бири элем,бирок ушул маегинен кийин оюм озгоро баштады...
Бизде баары жакшы деп жасалма жылмая бергендин ордуна ушинтип ачык-айкын агынан жарылып настоящяя болгон жакшы да,карачы канча адам позитивдуу коммент калтырыптыр.Негизи Урмат жонундо жакшы ойдо элем,эгер Анжеликанын айткандары чын болсоанда бир топ эле кордук коруп туйшук тарткан экен бул кыз.
Эми жакшы иштеп,кыздарындын жакшылыгын кор жана ар дайым бугункудой жасалмасыз,чыныгы айым б
+3
Nur777
2019-06-18 13:36:59
болуп журо бер.
+1
katerina.li
2019-06-18 13:37:45
Анжкликанын апасы ушу супер инфого маек бергенде айтканы бар"Айчуроктун кылыктарынан коркконуман кызымды урматка бергенге аргасыз болдум,антпесе чоопчон эле кишилерге салып берип кое тургандай" деп. Ошо бир балее кылганга жаштыгын пайдаланып. Анжелика деле айтып атат ко,ото эле жаш болчум,Айчуроктон коркчум деп.
+4
aijan
2019-06-18 20:43:39
Кемигинде да, керкисинде да бар болгону учун ажырашты, шамалы бар учун чоптун башы кыймылдоодо, бирок кайра эле озуно чан жугузбай чыгып кетти, бул да талант, браво))) Анан да акыркы жылдары негатив болсо да хайп жаратып оз пайдасына чечип калган кыйын айым бул, эхуу))) Мына, чыры тынчып калганда кайра сорок этип дагы чырдын башын кылтыйта кетти. Эми болсо Урмат жооп интервью бербей эле койсо деген тилек.
+10
radostmoya
2019-06-18 21:55:44
Үчүнчү кызы баары бир Маратка окшоп турат. Ал десин, бул десин Урматтын колдоосу м.н баары болду. Баарын өзү жыйган болсо, кантип эч нерсе койбой сатып жибермек эле.
+3
Snejana
2019-06-18 23:01:36
Кучтуу аялдын жанында эркек озунон озу чунчуп,алсыз,кээ бироолор ичип кетет. Аял назик болсо, жанында кучтуу мырза болот.Эмне учун он жыл бою Анжеликаны Анжелика кылып, иштеп, таап жургон куйоосу бир кун келип ушундай болуп калсын? Анжелика айтып атпайбы, кыздарым учун кучтуу болдум"-деп. Эмнеге?,кыздары кичинекей,алсыз. Аял тастандап,мен жылдызмын деп,турмуштун оор жугун оз мойнуна алып алса, жашоо ушундай эле болот. Урмат байке журот да санаасы жок, Анжелика кыйын, эч нерсеге муктаж эмес&
+1
Aseldeiim
2019-06-18 23:42:07
Куттуктайбыз
+2
Bak.taalai
2019-06-19 01:08:42
Айчурок Анжелика эле эмес мени да куйгузчу болду. Машинамды алганы уйкусу бузулуп Жанинди Анжелика алып чыкты дегендей жазыптыр. Иииии ииий ар жок ушу созду кантип айтты дейм да... Ээээй Айчурок сенден мурун Анжелика албады беле сен аны коруп уйкун бузулуп туурап алдын го. Сен бир машина алсан ушу жашка келип Анжелика эмне деген гана ийгиликке жетпеди сенин жарым жашында
+1
meni_kut
2019-06-19 09:41:42
Bak.taalai,92- жылдары биздин жаштык кезибизде дунгуроткон ырчы эле ушул Анжелика курактуу болчу менимче, буудай картошка которуп барып болсо да кирчук концертине.Анда Анжелика топто жок болчу.А Азыр Анжеликанын бир да ыры хит болбой жатат,озунун унуно ылайыктуу женил желпи ырлар.Супердин мыктыларын тандоодо бир да ыры женген эмес бир да жолу.
+3
elyadayan
2019-06-19 13:52:59
Анжелика эже азамат мен бул эжени баалайм .ар дайым кулуп жайнап пазитивна журот.ишинизге ийгилик кыздарынызга омур берсин
+1
al79mi
2019-06-20 10:02:38
Эмне десенер дагы баары бир ишенбейм ушул аялга. Жузундо эле турат го Муктар, Айчурок, Урмат эмес андай адамдардын жузун алдоого кудурети жетет. Аягында озу суудан кургак чыкканды аябай уйронгон. Турмушу татаал болсо озу кунолуу да. Колунан жетелеп турмушун туура жолго салып берген адамдардын баарын алдап жаман атты кылып аягында озу дагы жаман атты болду. Уну деле жок бирок артистизм зашкаливает. Айтор аман бол кыздарындын бактысына.
0
Gul_gulum
2019-06-21 15:24:25
Айчурок мн чырдашканда Анжеликаны жаман кордум эле. Аял катары эне катары эне болуп эми тушундум. Азаматсын менин башыма ушундай сыноо келсе которо алмак эмесмин. Кыйындыгынан ушул даражага жетти. Марат мнби ким мн болсо да эмки жашоосу чыныгы аялдардай бакытка балкып откорсун. Чынында жашоодо эркектер кокурок какканы мн аялдардан алсыз. Эркекти эркек кылган аял анан акырында желмогуз болуп калат. Пайгамбарыбыз (САВ)да артында Хадиче энебиз болгон. Эн негизгиси дин мн жашайлы
0
barakcha
2019-06-22 00:01:54
Ай ким билет ким билет...Амалы кучтуу бул аялдын.Карачы,комментчилердин башын бир заматта айлантты.Ха ха))
+1
№ 867, 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан