(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)
(Башталышы өткөн сандарыбызда)
БИРИНЧИ НИКЕ ТҮНҮ
Биринчи нике түнү ар бир кыздын эле гимени айрылып, кан чыга бербейт. Мисалы, кээ бир кыздар тубаса гимени жок төрөлсө же гимени жарым ай түрүндө, шакек түрүндө же гимени өтө чоюлгуч болсо, гимен айрылбайт жана кан чыкпайт. Мындай кыздар эмне үчүн жалган жерден күнөөлүү болуп, өмүрү өткөнчө бактысыз болушу керек?
Эгер жигит менен кыз бири-бирин чын дили менен сүйүшүп турмуш курса, эмне үчүн кичинекей чел кабык алардын бактылуу болушуна тоскоол болуусу керек?
Акыл-эстүү, маданияттуу жигит сүйгөн жарын “сенин кыз белгиң жок экен” деп кайгыга салбайт, бактысыз кылбайт. Эгер сүйгөн жарын кордоп, бактысыз кылса, анда өзү да бактысыз өмүр сүрөт.
Нике түнү жаш жубайлар үчүн сүйүүнүн түнү болушу керек. Жигит кызды эркелетип, наздантып, дүүлүктүрүп, сылап-сыйпап, өөп, сүйүү сөздөрүн кулагына куюп, денесин балкытып даярдайт. Кыздын гимени бат айрылып оорубашы үчүн төмөнкү ыкмалар сунушталат.
Кыз чалкасынан жатып, жамбашынын алдына катуу жаздыкты төшөйт. Эки бутун тизесинен бүгүп, эки колу менен ийри такымынан кармап, өзүнүн көкүрөгүн карай тартып жатат. Жигит “алигисин” вазелин же крем (интимдик) менен майлап, кыздын үстүнө чыгат. Салмагын салбоо үчүн эки чыканагына таянат. Бир колу менен кыздын жыныс кынынын чоң эриндерин эки жакка ачып, “алигисин” жыныс кынынын оозуна такайт. Же кыз өзү жигиттин “аспабын” кармап туруп, жыныс кынынын оозуна түздөп коёт. Мунун эч кандай уяты жок. Тескерисинче, бул кыздын жигитти каалаганынын белгиси. Эми жигит “аспабын” акырын кыздын жан жерине киргизе баштайт. Эгер кыздын жыныс кыны же гимени чоюлуп ооруп кетсе, жигит “аспабын” андан ары киргизүүнү токтотот. Кайра артка сууруп, анан акырындык менен дагы 2-3 сантиметр тереңдикке киргизет. Ушул кезде кыздын гимени айрылышы мүмкүн. Биринчи нике түнү жигит кыздын жыныс кынынын түбүнө чейин киргизбеши жана жыныстык катнашты узакка жасабашы шарт. Себеби кыздын айрылган гимени ооруп, канаганы күчөп, сезгенип кетиши мүмкүн.
Кыздын гимени айрылгандан кийин жигит 3-5 күнгө дейре кыздын жан жериндеги жарааттары айыккыча кошулбоосу кажет. Эгер жигит кызды кыйнап, жыныстык жактан одоно кошулса, кыздын төшөктөн көңүлү калып, ичинен күйөөсүнө абдан таарынат. Бара-бара жыныстык жактан муздак аялга айланат. Жигит ошондуктан айткандарга кулак салышы зарыл.
Кыздын гимени
Кыздын гимени (кыз белгиси) – жыныс кынынын оозунан орун алып, калыңдыгы 1,5-2 миллиметр болгон назик чел кабык болуп эсептелет. Гимен сырткы көрүнүшү жана ички түзүлүшү боюнча 17 түргө бөлүнөт.
Мисалы, көрүнүшү жагынан шакекке, такага, жарым айга же көп тешиктүү калбырга окшош. Гимендин ортосу дайым тешик болот. Бул кыздын этек кири келгендеги кан сыртка чыгып турушу үчүн. Кээ бир кыздар тешиги жок туюк гимен менен төрөлөт. Айызы келгенде кан сыртка чыкпай калып, оорутуу жаратат. Мындай учурда гинекологго кайрылса, ал атайын аспап менен кичине кесик жасап, кандын сыртка чыгып турушун шарттайт.
(Уландысы кийинки саныбызда)