ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Мал бекенмин мен силерге? Жапайылар! Бирөөң ала качып келип, экинчиң аял кылып… Көк мээлер! Болуша турган эч кими жок деп жатасыңарбы? Же зордуктап койсок айласыз калат дейсиңерби? Түрмөдө чиритем мен силерди!- бурчта отуруп алып өзүнчө жинденип жатты. Султан болсо уйкуга кеткен. Таң атып келе жатат.

ххх

Эртең менен коңшу-колоңдун добушу угулганда эле Шайыр кыйкырып жардамга чакыра баштады.

– Жардамга-а!

Султан чочуп ойгонду. Коркуп кеткени көздөрүнөн эле көрүндү. Бирок Шайырга эч нерсе дей алган жок. Шаша-буша кийинип эле сыртка атып чыкты. Ал чыгары менен эле Анарбек баш бакты.

– Эмне айкырасың?

– Жардамга-а!

– Мээң ордундабы?

– Минтпесем силер мени коё бербейсиңер! Мен ушул жерге милиция келгиче кыйкырам… Жардамга-а! Милиция чакырып койгулачы! Мени өлтүрүп жатышат. Жардамга-а!

– Жап дейм жаагыңды!- Анарбек бетке бир чапты.

– Алдап ала качып келип, анан ушинтип сабап баш көтөргүс кылып башкарып алам деп ойлойсуң го, ээ?- саамга унчукпай калган Шайыр ызырынып кайра үн катты.

– Мен коркуп ар кимдин алдында жата турган кыз эмесмин, уктуңбу?! Мен түбүңөргө жетем. Зордуктап койсок кете албайт дедиңер да, ээ? Билесиңби, түрмөдө кыз зордуктагандарды эмне кылат?- деп ал заар үн менен кыйкырды.

– Ошентип эле көрчү. Ата-энеңди кошуп туруп өрттөп жиберем…

– Ха, ары жок! Күч сынашасыңбы? Менин чоң атам милицияда 30 жыл иштеген адам. Силерге көргүлүктү көрсөтөт.

– Мен сага күч сынашканды көрсөтөм!- жини менен дагы бир чапты кызды. Шайыр жыгылып түштү. Бирок кайра заар чачкан көздөрү менен жигитти карады. Бир кезде ушул көздөр Анарбекти сүйүп карачу… Азыр болсо жеп жиберчүдөй! Анарбек кармана албай кетти. Кызга жакындады да кадимки эркек адамды ургандай муштуму менен былч эттире согуп салды. Шайырдын көздөрү караңгылап кетти. Өзүнө келгенче Анарбек дагы бир сокку жасады, анан дагы, анан дагы…

Алсыздыгына арданып кетти. Дайыма ушундай. Дайыма аларды теңине алышпайт. Дайыма өп-чап турмушта жашап келишкен. Томаяк болгону үчүн эч ким буларга кызын бергиси келбейт. Кашайып, тиги агасы Султан да киши менен сүйлөшкөндү билбеген түнт неме болчу. Анан Анарбек баарын жайгармакчы болгон. Кырдаалды колго алып, чечкиндүү кадамдарга бармакчы болгон… Бирок минтип мерчемдеген ойлорунун баарынын ойрону чыкты. Ошого да арданды… Болгон жинин кыздан чыгарып жатты.

Өлтүрүп салбаса экен деп тиледи кыз. Адегенде жигиттин соккулары денесин оорутуп жаткан, бирок акырында ал ооруну деле сезбей калды. Өлбөй эле калса көрсөтөт бул акмактарга.

ххх

Ооруканадан эсине келди. Көзүн ачса апасы маңдайында отуруптур. Көп ыйлаганы көрүнүп турат.

– Апа?

– Оу, берекем… Кагылып кетейиним, эсиңе келдиңби?!

– Мен кайдамын?

– Ооруканада… Тигил акмакты кармашты, кызым. Атаң азыр ошол жакта жүрөт. Акмак неме турбайбы… Ий, айланайын, жашаганына бир жума болбой жатып көк ала кылып сабап… Эшек десе.

– Апа, байкесин дагы кармасын!- араң үн катты Шайыр.

– Эмне дейсиң?

– Анын байкеси мени зордуктады… Аны да кармашсын!

Апасы оозун алакандары менен жаап нес болуп туруп калды.

– Ушундай кантип болсун?!- бир топто барып эсине келе түштү окшойт. Күйөөсүнө чалып баштады.

– Милицияга айт! Жанагы Анарбек дегендин агасын да кармасын… Шайыр агасы да зордуктаган деп жатат… Түрмөдө чиритиш керек акмактарды.

ххх

Шайыр кичине жакшы боло түшкөндө эле милиция менен сүйлөшүүгө келди.

–Баарын башынан айтып бериңизчи? Алар эч нерсени моюнуна албай жатышат…

Кыз улутунуп алды. Мурда болбогон нерселерге ыйлай берчү экен. Азыр болсо жанагындай азаптарды көргөндөн кийин эмнегедир көз жашы чыкпай койду. Мелтиреп туруп сөз улады…

– Мен Анарбек менен сүйлөшүп жүргөм. "Тоого чыгып келели" деп чакырып, кечинде тоодон келе жатканда ала качып кетти. Ал "суранам, мен үчүн калчы" деген. Мен Анарбек өзүнө аял кылуу үчүн ала качып келди деп ойлодум. Анын мындай жолго барарын билген жокмун… Жеңелерим келип кеткенче күйөөнүн ролун аткарып жүрө бериптир… Анан бардыгы кеткенде "күйөөң мен эмесмин. Сени агам алды" деп айтты. Мен каршы болдум… Агасы зордуктады. Ошентип койсок кете албай калат деп ойлошту окшойт.

Эртеси милицияга барам десем, Анарбек жанчып сабап салды.

– Сизди Султан менен сүйлөшчү деп жатат го… Кадимкидей билип эле келген деп?

– Султанын мен биринчи жолу көрдүм. Анарбек экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү баары билет. Керек болсо чогуу түшкөн сүрөттөрүбүз бар. Мен далилдеп берем баарын.

– Чынында ишениш кыйын болуп жатат мындай окуяга,- сурак алып жаткан милиция кызматкери башын кашыды.

– Эмнеге ишениш кыйын?

– Кайсы жинди киши кыз ала качып келип, анан аны агасына аял кылып берип салсын? Болгондо да өзүнүн сүйлөшкөн кызын.

– Анткени ал адам эмес, айбан экен! Андай коркунучтуу адам түрмөдө отурушу керек.

– Жок, мен сиздин абалыңызды түшүнүп жатам… Бирок адегенде сен Анарбек менен сүйлөшүптүрсүң. Анан ал сени теңине албай коёт. Сен анын мындай кадамына өчөшүп, анын агасы Султан менен сүйлөшүп, ага тийиптирсиң. Атайын өчөшүп жасады деп жатат Анарбек…

– Анарбек өзү достору менен ала качып келген! Жанын жебесин!

– Жок, эми…

– Мен ишти башка тергөөчүгө беришин талап кылам. Сен аларга жан тартып жатасың. Алчуңду алып алгансың го…

– Жок, андай эмес.

– Андай болбосо эмнеге антип сүйлөйсүң? Мына көрдүңбү бетим былчыйып шишип турат, экспертиза зордукталганымды далилдеди… Ушунун өзү эле аларды токтоосуз түрмөгө камаганга себеп болмок. А сен болсо мага келип алып "өчөшүп тийгенсиң го" деп жатасың!

Шайыр ачууланып чыкты. Тергөөчү уурулугун карматкан кишидей көздөрүн ала качып унчукпай калды.

Аз өтпөй иш башка тергөөчүгө тапшырылып, анан заматта эле сотко өттү. Бул учурда Шайыр ооруканадан чыгып, өзүнө келип калган. Сотко ал болгон жек көрүүсүн топтоп алып келди. Ичинен да, сыртынан да аны кордогон адамдар түрмөдө чиришин тилеп жатты. Султан менен Анарбек темир тордун артында отуруп баягы алсыз кызды тааныбай турушту. Ыйлап-ыйлап анан баш ийип отуруп калат деп ойлошкон кыз, көзү менен аларды жерге киргизчүдөй тиктеп жатты.

Ар бири 8 жылга кесилди. Бир тууган ага-инилер…

– Бул оңой жаза болуп калды,- деп кыйкырды Шайыр.

ххх

Ооба, чынында эле Султан менен Анарбектин жазасы кийин алардын айынан Шайыр тарткан азаптардын алдында болбогон нерсе болуп калды. Ага-ини анын жашоосун түп орду менен талкалап салышыптыр. Же Шайыр өзү талкалап алдыбы? Түркиянын ысык абасы аны тумчуктуруп жиберди ушул учурда.

Балким, булардын баары өзүндөгү чектен чыккан жек көрүүнү ооздуктай албай калганы үчүн болуп жүрбөсүн?! А жек көрүүнү кантип ооздукташ керек эле? Жанагындай азап тарттырып жатса кантип жек көрбөйт?

ххх

Сот иштери бүткөн соң Шайыр окуусун таштап айылда, ата-энесинин жанында жүрүп калды. Киши менен сүйлөшкүсү келбейт.

– Кызым, мен сенин алдыңда абдан күнөөлүүмүн. Сени коргой албадым… Бирок сен жашоону улантышың керек. Шаарга психологго алып барайын… Минтип чүнчүп отурганыңды көрүүгө жүрөгүм түтпөй жатат,- деди бир күнү атасы...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
MIRBOLOT
2019-06-17 11:17:41
Мен биринчи деп калчу беленер?
0
medetbek
2019-06-17 11:40:36
MIRBOLOT,мм
0
ulua
2019-06-17 16:55:48
Эми эимне болду, тагдырдар талкаланып, ушу да болдубу тооба, бир келесоонун айынан.
0
Chaki2795
2019-06-21 19:20:22
Бул сериалды да ортосуна келгенде автордун укугу деп чыгарбай коюшаттыр, окубай эле коеюн
+2
Murok
2019-08-10 13:10:35
Анарбектер бар азыр толтура
0
№ 867, 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан