Эл оозунда “таздар чачтууларга караганда аялдарды өзүнө тартып турушат, төшөктө мыкты жана тажрыйбалуу” деп айтылат. Бул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар? Илим буга эмне дейт? Маалыматтар ушул жаатында болмокчу.
АТАКТУУ ТАЗДАР
Дүйнөгө таанымал атактуу таздар бир топ. Алардын катарында:
Байыркы грек драматургу Эсхил, улуу жол башчы В.И.Ленин, АКШнын экс-президенти Жон Куинси Адамс, Улуу Британиянын экс-премьер-министри Уинстон Черчилль бар.
Ошондой эле СССРдин акыркы жетекчиси Михаил Горбачёв, легендарлуу футбол калысы Перлуиджи Коллина, америкалык актёрлор Брюс Уиллис менен Вин Дизель, орус музыканты Александр Розенбаум, орусиялык актёр Гоша Куценко, америкалык баскетболчу Майкл Жордан, бразилиялык футболчу Роналдо да булардын катарында. Монаконун ханзаадасы Альберт, орусиялыктардан актёр Фёдор Бондарчук жана композитор Игорь Крутой, продюсер Иосиф Пригожин, америкалык теннисчи Андре Агасси да булардын катарын толуктайт.
Кыргызстандык белгилүү кашкалар:
Туризм боюнча экс-министр Турусбек Мамашев, белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиев, мурунку президент Аскар Акаев, музыкант Курмангазы Азыкбаев, музыканы туу туткан ага-инилер Актан менен Аслан Исабаевдер, куудул Жамбыл Камчиев, атактуу “Каттама” гезитинин ээси Жаныбек Жанызак бар.
СЫЙКЫРЫ ЭМНЕДЕ?
Таздар аялдарды эмнеге өзүнө тартып турушат? Таздардын сыйкыры эмнеде? Буга изилдөөчүлөр төмөнкүчө жооп беришет:
Артыкчылыгы
Учурда кашка баштык модада. Анын үстүнө таздарды ак чачтын басуусу коркутпайт.
СЕКСУАЛДУУЛУК ЖАНА РОМАНДАР
Атактуу таздарды төшөк жаатындагы ушактар ээрчип жүрөрү анык. Аларга мисал келтирсек.
Игорь Крутой учурунда ырчылар Лариса Долина, Ирина Аллегрова менен да ойнош болгон дешет. Аялы Оля Америкада жашаса, бул сексуалдуу болсо, анан ойнобогондо эмне деген ой келет.
КЫРГЫЗ КАШКАЛАРЫ
Курмангазы Азыкбаев музыкалык аспапта “Издейм сени” деп ойноо менен өзүн жактырган кыз-келиндерди коллекциялап келет. Мыктысы бир күнү тартып кетпесе болду?!
Ага-ини Арслан жана Актан Исабаевдер эрте эле чачтарынан ажырап калганына караганда, тукум куучулуктан окшойт дейсиң. Бирок сексуалдуу экендиктерин фанат кыз-келиндеринин көптүгүнөн байкайсың.
“Каттаманын” ээси, төшөк темасынын автору Жаныбек Жанызак сексуалдуулугун эротикалык гезит чыгарып далилдеген. Ошентип, энергиясын чыгарбаса, мурунтугун үзгөн өгүздөй кыз-келиндерге алигиче жүткүнүп турмак беле, ким билет?
Жеңишбек Назаралиев дүйнөнү көп кыдырат. Демек, ашыкча сексуалдуу энергиясынан сырттан арылып келет окшойт. Анткени өз жергебизде анча-мынча ушак болбосо, анын төшөк жааты көп сөз болбойт.
Жамбыл Камчиев “таздын күчүн көрөм десең, аны менен төшөктө бол” деп жүрүп, эки аял алып тынды. Бирок мунун энергиясы экөөнө араң жетет окшойт. Учурда кыз-келиндердин жамбаш-эмчектерине көз салбай калыптыр.
Турусбек Мамашев “улуусунан алсамбы же сулуусунан алсамбы, анан тынчып калсамбы” деп турган кези. Аны сексуалдуу жана бай катары карашып, “мен тийсем” деген эле кыз-келиндер көп. Же ашыкча тестостерондору тынчтык бербей алигиче жашыруун үйлөнүп койдубу, ким билет?
Астра Айдарова
erotika@super.kg