ОРОКТОГУ ЖАҢЖАЛ. АНЫН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?

Кыргыз Республикасы чакан мамлекет болгону менен, өлкөдө 100гө жакын улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын тилдери башка болсо да, турмуш-тиричилиги жана мекени бир. Өлкөдө улуттар аралык жаңжалдарды тутантууга кызыкдар чагымчыл күчтөрдүн бар экени өкүнүчтүү. Өткөн аптада Чүй облусунун Орок айылындагы балдардын урушу жалпы айылды дүрбөлөңгө салып, бактыга жараша, жаңжал өз учурунда басылып калды.

ЖАҢЖАЛДЫН БАШАТЫ – БАЛДАРДЫН УРУШУ

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айылында 340тай түтүн эл жашайт. Алар негизинен кыргыз жана түрк улутундагылар. 5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылындагы мечитте Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм мушташа кетишкен. Анда экөө бир баланы сабап койгон. Мушташтан жабыркаган 2 өспүрүм Бишкекке ооруканага алып келинип, бири травматология, экинчиси кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда алардын абалы канааттандырарлык.

Окуя болгон жерге укук коргоо органдары келгенче, жергиликтүү тургундар ич ара териштирүүнү башташкан. Урушуп кеткен балдардын туугандары эки жаат болуп тирешип, анын аягы массалык урушка алып келген. Бул окуянын келип чыгышынын негизги себептерин көпчүлүк эл түшүнбөй турган кезде, чагымчыл күчтөр тарабынан мыйзамга жат иш-аракеттер жасалган. Натыйжада 15ке жакын үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Жаңжалды басуу үчүн жүзгө жакын милиция кызматкерлери, ички иштер министри баш болгон топ окуя болгон жерге барды. Баш аламандыктын жүрүшүндө 30дан ашык киши кармалып, Сокулук РИИБине жеткирилди. Жергиликтүү тургундар кармалган жарандарды бошотуу талабын коюп райондук ички иштер башкармалыгынын имаратынын жанына топтолушту. Бир нече сааттан кийин кармалган 32 адамдын баары үйүнө коё берилди. Ал эми мушташка түздөн-түз тиешеси бар делинген экөө райондук милициянын убактылуу кармоочу жайында калтырылган. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене («Бейбаштык») менен катталды. 6-июнь күнү камакта калган эки адамдын баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими менен 16 жаштагы А.А. аттуу жергиликтүү тургун үй камагына чыгарылды. Ал эми 23 жаштагы А.К. соттун чечимине ылайык, Бишкектеги СИЗО-1ге которулду. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, учурда бул окуя боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Ошондой эле бул жаңжалга тиешеси бар делинип айылдык кеңештин депутаты Кылычбек Боркоев кармалган. Кийин айыл тургундарынын талабы менен ал дагы үй камагына чыгарылды.

ОКУЯНЫН ЭРТЕСИ

6-июнь күнү айыл аксакалдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бирок жарандар алардын бул аракеттерине ыраазы болушкан жок. Жергиликтүү тургундардын бири бийлик өкүлдөрүнө "силер азыр кетип каласыңар, ал эми көйгөй ошол бойдон чечилбей калды. Бул маселе чечилген жок жана кийин дагы көтөрүлөт" деп нааразы болду.

Ушул эле күнү жергиликтүү тургундардын ортосунда кайым айтышуу болуп, бир нече аял мушташып кете жаздашкан. Пикир келишпестик жергиликтүү тургундардын бири аларга кысым көрсөтүлүп жатканын айткандан улам келип чыккан. Бул сөздү уккан бир нече аял ал тургундан сөзүн далилдөөнү талап кылган.

Чогулган элдин ичинен айрымдары эки өспүрүмдү токмокко алган 2 жаранды айылдан көчүрүү талабын коюшту.

5-ИЮНДА КАТТАЛГАН ДАГЫ БИР ОКУЯ

5-июнь күнү Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында дагы жаштар арасында мушташ чыкты. Жергиликтүү тургундар көчөгө чогулуп, окуяны жайгарыш үчүн ондогон милиция кызматкери тартылды. Түшүндүрүү иштеринен соң чыңалуу басылып, тургундар тарап кетишкен. Ошол эле учурда айыл жаштары укук коргоо органдарынан окуяны терең иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышты. Себеби мындай жаңжалдар Жаңы-Жер айылында биринчи жолу болуп жаткан жок. Жаштардын айтымында, күч ор гандары мындай иштерди аягына чыгарбайт.

Бийлик Сокулук районундагы Жаңы-Жер жана Орок айылындагы окуялардын бири-бирине байланышы жок деп жарыялады.

Жаңы-Жер айылы Ороктон 40 чакырым алыстыкта орун алып, көп улуттуулугу менен айырмаланат.

ЭКИ АДАМДЫН УРУШУ ЭКИ УЛУТКА ЗЫЯНЫН ТИЙГИЗБЕСИН

Эки бала урушса алардын ата-энеси, тууган-уругу өз ара сүйлөшүп, абалды жайгаштырып койгону туура. Бирок бул окуядан пайдаланып айыл ичиндеги эки улуттун ортосуна чок салууну көздөө – бул чагымчылдык. Өспүрүмдөр арасындагы чыр-чатактар жөнөкөй эле мүнөздө болбой, улуттар арасындагы чыр-чатакка айланып кетүү коркунучу бар дешет жергиликтүүлөр. Бул чыр-чатактарга күнөөлүү адамдардын жазага тартылбай калганынан болууда. Алсак, буга чейин да жаштардын катышуусу менен Маевкада, Жаңы-Жерде, Баткенде чатактар болуп келген.

  • 2010-жылдын 19-апрелинде Бишкектин четиндеги Маевка айылында жер талаш орун алып, анын кесепети кыргыздар менен түрктөрдүн ортосундагы жаңжалга алып келген. Бул кагылышуудан улам 5 адам каза болуп, 40ка жакын адам жаракат алышкан. Ошондой эле Маевка айылында жашаган айрым түрк улутундагы тургундардын турак жайлары өрттөлүп жана ИИМдин 3 машинасы жарактан чыккан.
  • 2011-жылдын декабрында Маевка айылындагы мектепте кыргыз жана кавказ улутундагы окуучулар мушташып кетишкен. Бул окуядан көп өтпөй, 2018-жылдын январь айында Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында кыргыз жана кавказ улутундагы өспүрүмдөр ортосунда жапырт мушташ чыккан. Анда кыргыз жана даргин улутундагы өспүрүм балдар мушташа кетишкен.
  • 2011-жылдын декабрь айында Баткендин Лейлек районунун Андарак айылында кыргыз-тажик өспүрүмдөрүнүн арасында жаңжал чыккан. Ал окуяда кыргыз улутундагы 3 окуучу жолдон тажик улутундагы адамдар тарабынан сабалган. Бул окуяга күнөөлүүнү табуу үчүн айыл өкмөтүнүн алдына миңдей тажик, беш жүздөй кыргыз тургундары чогулган. Андан соң алардын ортосунда түшүнбөстүктөр орун алган. Ал окуяда адамдар жабыр тартпаганы менен, 2 дүкөн, 2 сарай, 1 наабайкана, 1 унаа талкаланып, 2 үй жарым-жартылай өрттөлгөн.

Мындай өңүттөгү чыр-чатактарды токтотуу үчүн күч түзүмдөрүн пайдалануу дайыма эле оң натыйжаны бербейт. Бийлик жаңжал чыккан учурда гана улуттар ортосундагы мамилеге көңүл буруп, ал окуя тынчыгандан кийин маселе унутулуп калып жаткандай. Өлкөнүн тагдыры үчүн бардык жаран жооптуу. Андыктан элдин ынтымагы, өлкөнүн биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү баарынан жогору экенин ар бир жаран билүүгө тийиш.

ТҮРК ЭЛЧИСИН КИМ ТЫЯТ?

Түркиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын жоруктары Кыргыз элинин нааразычылыгын жаратууда. Мисалы, чыр чыккан Орок айылына түрк элчисинин барышын, ал жактагы адамдар менен жолугушууcун коомчулук сын менен кабыл алды. Элчинин бул аракети Кыргыз өлкөсүнүн ички маселелерине аралашуу катары кабыл алынды. Ал эми элчи жаңжал болгон айылда элчиликтин кош бойлуу кызматкери болгонун жана аны алып кетүү үчүн келгенин билдирди. Бирок Орок айылына конокко келген ал кызматкер Түркиянын эмес, Кыргыз өлкөсүнүн жараны экени айтылууда. Женгиз Фырат бул аракети менен өлкөнүн ички ишине кийлигишти дешет эксперттер.

Бул окуядан кийин Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчисин Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырып, Түркия өлкөсүнө нота жиберди. Түркия тарап буга жооп катары Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевге нота тапшырды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты. Түрк тараптын нотасында Женгиз Фырат өзүнүн милдеттерин аткарганы жана өлкөнүн ички иштерине кийлигишпегендиги айтылат.

Аталган элчи буга чейин да жаңжал менен өз ысымын элге тааныткан эле. Май айынын башында Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармалыгы уюштурган ооз ачарга барган Женгиз Фырат ал жакта Фетхуллах Гүлендин уюмунун мүчөлөрү отурат деп чыр чыгарган. Ал Кыргыз өлкөсүнүн муфтийине "мен силерге 35 миллион долларга мечит курдуруп берсем, эмне үчүн силер мени террорчу Орхан Инанды менен чогуу отургузасыңар? Же Түркияны, же ФЕТӨ уюмун тандайсыңар" деген сөздөрүн айтып ал жерден кетип калган. Элчинин мындай аракетине бул сый тамакка “Сапат” билим берүү мекемелеринин мурдагы жетекчиси Орхан Инандынын келиши себеп болгон. Бүгүнкү күндө Түркия бийлиги “гүленчилерди” аскерий төңкөрүш жасаганга аракет кылды деп айыптап, экстремисттик уюм катары санайт.

Женгиз Фырат 2018-жылдын сентябрь айында "Сапат" билим берүү мекемелерин “Маариф” фондуна өткөрүү каралып жатканы тууралуу маалымат таратып, Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү министрлиги элчинин сөздөрүн жокко чыгарган. Мындан улам Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министрлиги элчиге коомчулукка так маалымат жеткирүүнү эскерткен эле.

Кыргыз өлкөсү көз карандысыз, эгемендүү мамлекет. Өлкөнүн ички жана тышкы саясатын өз алдынча жүргүзөт. Башка тараптын өлкөнүн иштерине кийлигишүүсү байкалган учурда биздин мамлекет өзүнүн так позициясын билдирип турууга тийиш.

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
almanbetperm
2019-06-17 09:06:30
Олкобуз биздин общий дом,
Ырдайбыз, бийлеп ойнойбуз.
Орусуда туркуда тен укуктуу бирдейбиз, деп бекеринен безилдеп ырдаган эмес момбеков
+2
tyrgon
2019-06-17 19:52:36
Түрк элчиси башка өлкөнүн иштерине гийлигишүү үчүн соттолсун кол чогулталы ✍
+2
Sajakat14
2019-06-18 16:56:34
tyrgon,ал биздин жаран эмес да. Биз аны соттой албайбыз.
0
almanbetperm
2019-06-19 11:57:01
Sajakat14,ким айтты чет олконун жараны кыргызстанда соттолбойт деп
0
Sajakat14
2019-06-21 01:27:26
almanbetperm,Түркия менен кол үзүш керек таптакыр ал кадамга барам десеңер. Бул жерде элчи жөнүндө кеп болуп жатат. Түркиядагы кыргыз элчилиги жабылат анда.
0
beko.m
2019-06-20 13:17:47
Тургундардын "талабы"менен уй камагына чыгарылды-деп жазган туура эмес,бардык нерсе по закону болуш керек!!
0
Sajakat14
2019-06-22 01:01:54
beko.m,ооба. Ошол мыйзам баарына бирдей болбогону адилетсиздик.
0
№ 867, 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА