«Ырдайлы кыргыз ырларын" долбоорун эфирге алып чыккан, "Досум-Үсөн" тобунун негиздөөчүсү, Кыргыз Эл артисти Юрий Бобков ооруп жаткан учуру. Ырчы апрель айында жыгылып, акырек сөөгү майдаланып сынып кеткен. Биринчи операциядан кийин үйүнө чыгарылганы менен, сынган сөөктөрдү бириктирген болттор кайра чыгып кеткен. Болтторду кайра бириктирүү үчүн жакында Бобковго экинчи ирет операция жасалды. Ырчынын кесиптештери ага жардам иретинде 8-июнь күнү кайрымдуулук концертин уюштурушту.
Эл артистинин жубайы Асел Осмонова жолдошунун абалы тууралуу мындай дейт:
– Юрийге эки ирет операция жасалып, азыр дарыланып жатат. Үчүнчү операциядан Кудай сактасын! Азыр үйгө чыгарып келдик, буюрса, жакшы болуп кетет деп жатабыз. Кайрымдуулук концерти тууралуу жолдошум алгач билген эмес, кесиптештери жакын калганда гана айтышты. Ошондо да кереги жок деп аябай каршы болду. Бирок концерттин уюштуруучулары “ушундай абалда бири-бирибизге жардам бербесек, качан беребиз?” деп көптөп жатып көндүрүштү. Чынында концерттен түшкөн каражат тууралуу кабарым жок. Аны уюштуруучулар билет.
Кыргыз Республикасынын Эл артистине бекем ден соолук каалап, эртерээк сакайып кетишин тилейбиз!