ИЛЬЯС КУДРЕТОВ УУЛДУУ БОЛДУ

«Добулбас" тобунун солисти, учурда жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып жаткан
Ильяс Кудретов 9-июнь күнү уулдуу болду. Жашоосундагы жакшылыгы менен бөлүшкөн ырчы буларды билдирди.

– Жубайым 9-июнда Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде көз жарды. Кудайга шүгүр, эне-баланын абалы жакшы. Уулум 3 жарым килограмм салмакта төрөлдү. Бою 53 сантиметр. Буга чейин уулдуу болсом атын Абдулла коём деп ниет кылып койгон элем. Ата-энем менен кеңешип, ушул ысымга токтолдук.

Белгилей кетсек, Ильяс Кудретов менен жубайы Нурзаданын Наима аттуу кызы бар.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Akylai_aktan
2019-06-17 21:52:45
Кичинекейдин өмүрү узун болсун,бактылуу болсун.Иляз мырзанын бардык чыгармасы маанилүү.Дагы дагы ийгиликтер коштосун.Үй бүлөлүк бакыт.
0
№ 867, 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан