6-июнь күнү Бишкекте ырчы Максат Садырбеков менен сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын үйлөнүү үлпөт тою болуп өттү. Тойго түгөйлөрдүн жакындары, кыргыз шоу чөйрөсүнүн калың катмары, спортчулар күбө болушту.
Тойду жар-жар ыры эмес, чимириле бийлеген бийчилер ачып берди. Андан соң жарыктар өчүрүлүп, экинчи кабаттан түшүп келген колуктусун Максат гүл менен тосуп алды. Жетелеше баскан эки жаш конокторго жүгүнүп таазим кылышты.
Түгөйлөргө өкүл ата-өкүл апа болуп ырчы Бактыгүл Бадыева менен жолдошу Алмаз Закиров шайланды. Жаңы куда-кудагыйлар баш кошуп жаткан уул-кызы үчүн жетине алышпай, бири-бирине ыраазычылык айтып бүтпөй жатышты.
Жылдыздар кезектешип дүйнөлүк хит ырларды аткарып жатышты. Алардын катарын Бек Исраилов менен жубайы Айжаркын толуктады.
Жубайлардын эсинде түбөлүк сакталып кала турган көз ирмем. Нике шакектерин салып, нике күбөлүгүн колдоруна алышкан Максат менен Айсулуу расмий түрдө үй-бүлө деп жарыяланды. Албетте, бул учурда эки жаштын кубанычында чек болгон жок.
Түгөйлөрдүн үлпөт тойго арналган бийи коноктордун назарын бурду. Бул заманбап бий эки жаштын сезимдерин да чагылдырып турду.
Жубайлардын жашоосу таттуу болсун деген тилекте жасалган 6 кабаттуу торт кесилип, Айсулуу менен Максат бири-биринин колунан таттуунун даамын татышты.
Футболчу Азамат Байматов жубайы Жибек менен досунун жакшылыгынан көз ирмемдерди сактоо аракетинде.
Гүл тосууга чыккан кыздарды Айсулуу бир аз убарага салды. Акыры гүл "Эл эмне дейт?" долбоорунун актрисасы Даткайым Кеңешовага буюрду.
Мирбек Атабековду кадрга илип калгысы келгендер көп болду.
"Асел бала менен бошобой, тойго Нукемди ээрчитип келдим" деп тамашалаган Нурлан Насип менен Нурмат Садыров да тойдун коногу болушту.
Тойдун аягында "Non-Stop" дуэтинде Максат менен өнөктөш болгон Чолпон Талипбек чыгып, экөө конокторго ырдап беришти.
БЛИЦ-МАЕК
– Куш боо бек болсун! Максат мырза, Айсулуу сиз күтүп жүргөн адам экенине качан көзүңүз жеткен?
– Ойлоп көрсөм, мен башынан эле сүйлөшкөнгө кыз эмес, жубай издептирмин. Айсулуу менен таанышканда эле менин адамым экенин, ага үйлөнөрүмдү жүрөгүм сезген.
– Апаңыз "Айсулуу менин келиним эмес, эрке кызым" деп белгилеп өттү. Бул күндү апаңыз абдан күтсө керек?..
– Апам менин досум, сырдашым. Ал бардык нерседен кабардар болгондуктан "качан үйлөнөсүң?" деген суроону берчү эмес. Бирок жалгыз уулу болгонумдан апам бул күндү абдан күткөн. "Абдан жакшы кыз туш келди, сен үчүн кубанычтамын" деп сүйүнүп жүрөт.
– Айсулуу, кайненеңиз менен мурунтан эле тааныш экенсиз. Ошентсе да "жаңы үйгө барганда кандай болот болду экен?" деп кооптонуп жатсаңыз керек?
– Кайненем менен 6-7 жыл мурун таанышкам. Ошондон бери мени кызындай көрөт, экөөбүз сырдашабыз, кеңешебиз. "Келин мындай болушу керек" деп талап койбойт. Тескерисинче, силер өзүңөр каалагандай жашагыла дейт.
– Рахмат! Түбөлүк бирге болуңуздар!
Динара Акимова
star@super.kg