ЫСЫК-КӨЛДӨ 2 БАЛА МУЗДАТКЫЧТА ТУМЧУГУП КАЗА БОЛДУ
Ысык-Көл облусунун Түп районунда 6 жана 4 жаштагы бир тууган ага-ини ойноп жатып эски муздаткычтын ичинде камалып калып, тумчугуп каза болуп калышты. Ысык-Көл облустук милициясы билдиргендей, каргашалуу окуя Түп районунун Михайловка айылында 3-июнь күнү болгон.
Аталган күнү күндүзгү саат 11:55 чамасында эки бир тууган үйдүн короосунда ойноп жатып дайынсыз жоголуп кетишкен. Мындан улам балдардын ата-энеси милицияга кайрылышкан. Балдарды издөө иштери кечке чейин жүрүп, бирок алар табылган эмес.
Бир туугандар үйдүн короосунда турган СССР убагында чыгарылган эски муздаткычтын ичине ойноп кирип, кайра чыга албай, тумчугуп калышкан.
Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, аталган окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. “Саат 17:00дө үйдүн короосунда турган эски муздаткычты ачып көрүшкөндө балдар муздаткычтын ичинде болгон. Алар ойноп жатып муздаткычтын ичине камалып калып, тумчугуп калышкан. Ал муздаткыч сырттан гана ачыла турганы аныкталган. Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалды”,- деп билдирет аталган басма сөз кызматы.
Каза болгон балдар облустук ооруканага жеткирилип, ал жактан чарчап калышканы тууралуу балдардын туугандарына айтылган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук деп катталды.
Бул кайгылуу окуя болгон жерден тартылган видеотасма социалдык тармактарда тарап кетти. Ал тасмадан эшиги жарым ачылып турган каргашалуу муздаткычты, анын ичинен баланын кийими көрүнүп турганын байкоого болот. Эки баласынан бир күндө айрылган ата-эненин, алардын жакындарынын абалы оор. ЖМКларга комментарий берүүдөн кескин түрдө баш тартышууда. Ошондуктан бул видеону кимдер интернетке таратып жибергени учурда териштирилип жатканын облустук милициядан кабарлашты.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Муну жакшылап текшериш керек. Балким чондордун колу менен болгондур?! Кечээ жакында форумдун монолог бөлүгүндө, апасынын эки баласын "силерди кантип кыйнабай өлтүрүп салсам экен" деп бирөөнүн жазганын окуп тообо дедим эле.
Супер-инфо, ошол нерсени милицияга кабарлап койсонор. Такташсын!
Муздаткыч жабылып тескери карап турат...Аны буруп карабаса,эшиги култанбаган учурда да ,дубалга такалып турат,ачылбайт болчу....Тыгылып 2бала отурат.Экоо каалоосу менен кирген учурда да муздаткычтын эшиги сырттан бироо жаппаса,озу жабылбайт болчу. Ата-энеси кылгандай....
mela,ой тобоо. Акылынарга береке.
mela,Эми оз козубуз менен корбогондон кийин, антип кунологон болбойт. Байкуш ата-энеси оздору дагы деле жаман болуп журушсо.
mela,койгула туугандар ата энесине оор жоготуу болуп турат. Өзүңөр ойлосоңор кантип ата эне 2 баласын жанын кыят.
Менимче балдар муздаткычка өздөрү кирген, муздаткычтын эшигинин чөнтөгү менен эшигин жапкан го
Муздаткыч ичинен ачылбагандыктан тумчугуп калышкан
Эми кокустук болуп кетиптир Аллахым бейиштен жай берсин
Ошо ата энеси кылган депаткандар кудайдан корксонор биринчи . Анан видеосун корсонор энеси кандай чыркырап журот. Мен шолоктоп ыйладым коруп алып
katerina.li, көзүнөрдү чоон ачып, жакшылап окусаңар. Жакшылап текшериш керек деп жазылып турат. Монологдо бир аял жазган экен, ошону окуп алып тан калганын жазып атат. Түшүнүк барбы силерде?
janym_balam,чоон эле ачтым акылым сеникинен ойдо если что. Ата энесин куноологондор да болуп жатат. Соз ошолор жонундо.
Аллахтын чекесине жазганы, эх ото окунучтуу. Кайрат берсин. Кор оокат деп журуп ушундай эски оокатты ыргытып салгандан отоору жок. А дейсин бу дейсин ажал экинчи дем чыгарганга чейин жанында тураарынды билип журуш керек.
Ата-энесин куноолобогуло!Видеосун корсонор журогунор чыдап коро албайсынар,кандай гана чыркырашат холодильникти ачып жатканда,эчак чарчап калган балдарын катып калса да искусственное дыхание кылып журушот умут кылышып,журок ооруйт((((((((((