МЫКТЫБЕК МУКАЕВ, телеалпаруучу, актёр: "ЭЛДИН ТАЛКУУСУНДА КАЛГАН КЫЙЫН БОЛДУ"

Жыл башында Мыктыбек Мукаевге байланыштуу чуулгандуу видео тараган. Анда Мыкы менен чогуу болгон денесине чаяндын сүрөтү тартылган айым Инстаграм баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, телеалпаруучу менен болгон "түнүн" элдин алдына салып берген. Ошондон кийин Кыргыз өлкөсүндө бул жигитти талкуулабаган киши калган жок. Ал маекте кантип чалынганын, кайра турганын, жеңиштери тууралуу айтып берди. Алдыңызда Мыкы жана анын ойлору.

– Салам, Мыкы! Жакында Нур-Султан шаарына КВН фестивалына барып, экинчи орунду багындырып кайттыңар, сыйлык кут болсун!

– Рахмат, “Жайдарман” – бул түрк тилдүү элдердин арасында өтө турган эл аралык кубок. Алгачкы ирет барганда биринчиликти багындырганбыз, мында экинчи орунду алдык. Тилибиз окшош болгондуктан, казакча сүйлөп сахнага чыгуу кыйын болгон жок. Тилдерибиз, темаларыбыз окшош дегендей.

– Элди күлдүрө ала турган деңгээлде канча тил билесиң?

– Үч тил билем. Англис тилинде сөздүктөн карап деле күлдүрө берем.

– Жакшы, “Эң Мыкы шоу” долбоору аркылуу өз аудиторияңды таптың. Башында эле ийгиликтүү болот деп ойлодуң беле?

– Ийгиликтүү болот деп ойлогонбуз. Өзүм интервью бергенди жаман көрөм. Мени чакырышканда деле расмий тилде сүйлөшө беришет. Жашоодо кандай болсо ошондой сүйлөшкүм келгендиктен, жеңил форматты тандаганбыз. Ошон үчүн маек бергени келген коноктор өзүн эркин сезиши үчүн үйдөгү кийимдерди кийгизчүбүз. Байкашымча, адамды сүйлөтүп, өзүңө ишендириш үчүн ал-жайды, ит-мышыгын сурамыш болуп сылап-сыйпап толкунга киргизип алуу керек. Эгер бул интервьюну "интим" катары элестетсек, башында даярдыкты “предварительные ласки” десек болот. Дароо эле суроо берип баштасаң дароо “интимге” кирген болуп калат (күлүп).

– Шоу-бизнестин оң-сол жагын кантип өздөштүрдүң?

– Көп нерсеге эрте аралашып калдым. 11-класстан баштап КВНде ойнодум. Чет элдик долбоорлорго катыштым. "Тамашоу", КВН – турмуштук чоң мектеп. Анда өзүң сценарий жазасың, өзүң аткарасың, реквизитти өзүң издейсиң. Бул өзгөчө ойлонгонго, өзгөчө кадам жасаганга жардам берет.

– Ата-энең сени кайсы кесиптин ээси болот деп кыялданышчу эле?

– Мен эл алдында болом деп ойлочумун. Ата-энем ал кезде эмне деп кыялданганын билбейм, алар болгону менин жакшы окуганымды билишчү. Башынан эле элдин алдына чыгуу, интермедия аткаруу же алып баруучу болуу – мен үчүн ырахат болчу.

– Өзүң айтып калдың, жылдыздардын көбү интервью учурунда бет каптарын тагып алышат деп, алдымда сен ушул учурда бет капсыз отурасыңбы?

– Көп жылдыздар өзүн ачык-айкын алып жүрө албайт. Анткени сындан коркот, ачык болгондон айбыгат, өзүнө-өзү рамка коюп алат. Мен адатта рамкадан чыгарганга аракет кылам. Өзүм болсо тааныбаган адамдардын алдында ачылып, жалжактап сүйлөй албайм. Досторумдун алдында башкачамын, анткени алар мени жакшы билишет. Азыр дал учурда бет капсыз, өзүм менен өзүм отурам. Мен өзүмдөн да, башкалардан да идеалдуулукту издебейм.

– Сен үчүн таптакыр “болбойт” деген эмне бар?

– Азыр бул болбойт деп айтсам, кийин кылып калсам “ай, шүмшүк” дешет го. Болбойт деген нерсе болуп кетсе эртең кыйын болуп калат. Таптым, мен үчүн ата-энеңди таштап кетүүгө болбойт! Анан чочконун этин жегенге болбойт.

– Белгилүү адамдардын жашоосу өзүнө таандык эмес экенин жон териң менен сезсең керек...

– Башында элге белгилүү болгуң келип аябай аракет кыласың. Кийин белгилүү болуп баштаганда сенин жеке аймагың тарый баштайт, мурун шадыраңдап жүрө берсең, бир аз тартынып каласың. Ошондо белгилүү болгуң деле келбей калат. Азыр каалабасам да белгилүү болуп калдым го.

– Элдин талкуусунда калдың, оор болдубу?

– Чынында кыйын болду. Бирок жеңип кеттим. Жумуш менен алаксып жеңдим. Бул учурда досторум, жакын санаалаштар туура кеңеш беришти.

– Депрессиядан канча убакытта чыктың?

– Эртеси.

– Алдаба, мүмкүн эмес.

– Эми, балким, азыр деле чыга электирмин. Өзүм оор басырыктуу адаммын. Болор иш болду. Артка барып ошол нерсени сүртүп өчүрө албайсың. Ким эмне десе өз акылына, тарбиясына жараша айта берсин. Бул менин жашоом, менин жашоомдо ушундай нерсе болду. Чалынсам күбүнүп алып туруп басып кете берем. Ар кимдин өзүнүн күчүнө жараша сыноо берет дегенге ишенип калдым. Аны башты жерге салып кабыл аласыңбы же тике карап эле көтөрөсүңбү, ар кимдин өзүнүн иши. Кыскасы, бул окуя мага сабак болду.

– Мыкыдан талкууга кантип туруштук берүү тууралуу эффективдүү 5 кеңеш...

– Биринчи кеңешим – депрессияга баш-отуң менен кирип кетпе. Экинчиси – баракчаңа бирөө жаман жазса башыңды оорутпай блоктоп сал. Мен 10 миңдей адамды блокко киргиздим. Үчүнчүсү – катталуучуларыңды иреттеп ал. Төртүнчүсү – бардык адамдарга өз чындыгыңды айтып энергияңды кетирбе. Азырынча ушул эле окшойт...

– Макул, бул темадан аттап өтөлү, чыныгы сүйүү башымдан өткөн эмес десең ишенбейм...

– Ойлонуп көрсөм, чыныгы сүйүү башыма келе элек экен. Мектепте болгон, бирок ал "тоок сүйүү" дешет го. Кыздар жагып калат, бирок азырынча сүйүүгө өсүп жете элек. Бир кыз менен эки жарым айдай сүйлөштүм. Ошондон бери жеке жашоом тынч. Мага өзгөчө дүйнө таанымы бар, кийингени, сүйлөгөнү өзгөчө кыздар жагат.

– Мирбек Атабековго өкүл бала болуу чын эле кыялыңбы?

– Ал жөнүндө азыр ойлоно элекмин. Өкүл ата кылып өзүм билген жакшы байкелерден шайлайм. Ким билет, балким, мамилебиз жакшы болуп калса Мирбек Атабековду да шайлап калармын.

– Катуу аракет кылып сахнада тамаша айтып жатканыңда эч ким күлбөй койсо кыжалат болосуңбу?

– Тамашаны сахнага чыгарууда толтура эмгек, аркасында көп адамдар болот. Көп учурда деп айтпайын, бирок кээде ошондой учур болуп калат. Эч нерсе кылбай эле, кийинки тамашага өтүп кете бересиң. Эч нерсе деле болбойт. Такыр күлбөй койсо тезирээк бүтүрүп сахнадан кеткенге аракет кыласың.

– Ырчылар бир ырын көп жолу ырдай беришет да, адатта бир тамаша менен канча жолу чыга аласың?

– Азыр интернет өнүккөн учурда тез тарап кетет. Андыктан көп тамашалар бир эле жолу чыгып, калып калат.

– Чаяндын сүрөтү менен татуировка тарттырып калышың мүмкүнбү?

– Көлдө татуировка тартып көп иштегем. Эмнегедир көп адамдар чаянды тарттырышчу. Өзүм эч бир татуировка тарттырбайм, жактырбайм. Ошол үчүн мүмкүн эмес.

– Сени өспүрүм балдардын көбү кумир тутат, ошолорго кантип юморист Мыкы болуш керек экендиги боюнча кеңеш берип кетсең.

– Чыгармачылыкка аралашкың келген өспүрүм болсоң, сен эч убакта Мыкы болгонго аракет кылба. Эгерде сен Адилет болсоң Адилет бол, Азат болсоң Азат боюнча кал. Бирөөнү туурап эч качан ийгиликке жетпейсиң. Эмгектен, өзүңө ишен, аракет кыл. Анан кененирээк кеңеш керек болсо, мени кайдан табасың билесиң да, туурабы?

– Маегиңе рахмат, ийгилик!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
katerina.li
2019-06-24 09:07:50
Ушу артистер "ар ким оз денгээлине,тарбиясына жараша жазышат"деп элди айтышат. Андан коро оздорун ондошсо биринчи,тарбиясын ,денгээлин туздошуп ,анан элди айтышса.
+24
Kalemkash
2019-06-24 09:59:39
Интим синтим дебей тузугуроок соз тапкан жоксунбу?
+11
ainura220888
2019-06-24 10:58:55
Чын эле ырчылар оз дэнгелине жараша деп суйлошот тобоо. Силердин денгелинерге жараша жазышат.
+10
Bars88
2019-06-24 12:20:05
Пиар атайы кылышы деле мумкун атын чыгарыш учун.Маскарапоз да бул корунуп эле турат
+7
Avrora2017
2019-06-24 13:22:57
Укмуш акылдуу экенсин маладес
0
Aidai_suluu
2019-06-24 14:27:01
Ошондо бир мен калдымбы Мыкынын чулгандуу окуясын укпаган? Чын эле жатканын коргозгонбу? Ким билет жазып коюнуздарчы?
+2
Jadyrashka
2019-06-24 19:06:44
Кийин бала чакан дагы корот Мыкы ал видеолорду, канча адам сохранить этип алган.
0
Luna15
2019-06-24 20:22:24
Jadyrashka,жон эле жаза бербегилечи Мыкыны эле Ким сохранитетип балдары чонойсун деп кутуп отурсун,окуя уже унутулуп калганда кайра козгоптур ХХХХХ,ал жерден жаман деле эчтеке коргон жокмун жаш баланын эле эсалганы жыланач чуркап жургон жок болгону бираз кызуу экен
-1
Nur777
2019-06-24 22:22:29
Мыкы "звезда" эмей эле тиги "кополок" звезда болуп кетти го ошол видеодо))))Ошол "чаян" пиар кылды озун...Негизи элге чуу жарата турган деле видео эмес болчу,бир аз кызуу экен,анан кийимчен жатат,жыланач болсо бир жон,андай нерсе бойдок жигиттерде болуп турат да маал-маалы менен...
+3
4ikaGo
2019-06-26 11:25:01
Мыкы сен Эркексин.
-2
jalgyzym...
2019-06-29 19:20:03
Биринчиден эл алдында жургондон кийин озундун тарбиянды.денгээлинди ондоп ал Мыкы. Эл коруп жатат ошон учун жазып жатышат.
Экинчиден чочконун этин жегенге болбойт дейсин кундо жесен керек колбасаны. Реклама кылып бутпойсунорго тим эле.
-1
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан