(Башы өткөн сандарда)
– Психолог? Кайдагы психолог?!- жини келип чыкты. Эмнеге ага баруу керектигин ойлонгусу келбеди. Өзүн оорулуу сезгиси келген жок. Жан дүйнө оорусун бир адис дарылай аларына ишенбеди…
– Койчу, ата, кайдагыны айтпай!- кагып койду атасын. Айласы кете түштү. Акыркы кезде атасы кызына көрсөтпөй көп ыйлачу болду.
ххх
Бир жолу анын көңүлү айланып, оозуна кара суу келип окшуп жиберди. Жанында апасы бар болчу. Элейип карап калды.
– Деги сен…
– Эмне мен?
– Боюңда болуп калган эмеспи деги?
–Эмне?! Баргылачы ары?!- ичиндеги жек көрүү аны толугу менен бийлеп алды. Өз дүйнөсүнө эч кимди жакындатпай, адамдарга, керек болсо өз ата-энесине да ишенбей калыптыр. Баарын жек көрөт!
– Бир текшерилип койсоңчу!
– Тажатпагылачы!- ошол күнү апасын катуу какты. Ал да таарына түштү. Бирок баары бир эне жүрөгү түтпөйт да, таң эрте кызынын бөлмөсүнө кечирим сураш үчүн баш баккан. Тилекке каршы, Шайыр ордунда жок болуп чыкты… Ал шаарга баса берген болчу.
Шаарга жеткенче апасы да, атасы да тынбай телефон чалышты. Таптакыр алган жок. Эч ким менен сүйлөшкүсү келген жок. Качан Бишкекке жеткенде гана «Мен Бишкектемин. Мени издеп тынчымды албай тургулачы. Өзүмө келген соң барам» деп кыска жооп айтып, телефонун коюп салды.
Ал күнү Шайыр мейманканада түнөгөн. Кымбат экен. Ал жакта көпкө жашоого мүмкүн эместей. Батир издеп баштады. Жумуш таап алаксыйын деп чечти.
ххх
Аялдамада быжырап чапталган жарыялардын ичинен батир берилет дегенин жулуп алып, чалып көрдү. Тилекке каршы, батир башкаларга эбак берилип кеткен экен. Шаабайы сууй түштү. Аргасы кеткендей аялдаманын отургучуна отуруп оор үшкүрүп алды.
– Сен да таппай жатасыңбы?- жүзү купкуу болуп бир жерди мелтиреп тиктеп турган Шайырдан жашы отуздарга барып калган келин сурады. Кыз үндөгөн жок. Эч ким менен сүйлөшкүсү деле келбей турат. Жайына коюшса жакшы болот эле. Бирок тигил келин сүйлөнө баштады.
– Уф, мен да батир таппай кыйналдым. Бир жума болду издегениме. Жакшысы чыкса баасы кымбат, арзанына жашай алчудай эмессиң... Айла жок, классташымдыкына барат окшойм. И-ий, айла гана жок да. Шүмшүк күйөөм ичпей жакшынакай жүрсө, шаарга эзели келмек эмесмин… Тажатпадыбы! Ичип алып сабап. Боюмдан да түшүрдү. Бала көрбөй калгыр, как баш!
– Эже, арманыңызды башкага айтыңызчы, сураныч! Чарчап турам, сүйлөшкүм келген жок!
– Аа… Аялды аял түшүнөт деп…
– Өөх,- онтоп жиберди Шайыр. Көзү караңгылап кетти. Ордунан туруп бул наалып баш ооруткан немеден алыстайын деген. Бирок өйдө болору менен башы айланып кулап түштү. Дагы жакшы, тигил келин кармап калды.
– Эй, чоң кыз, жакшы элесиңби? Кокуй, купкуу болуп кеттиң го! «Тез жардам» чакыралыбы? Жүрөк-пүрөгүң оорулуу немесиң го…
– Жок, «Тез жардам» кереги жок!- башын мыкчып отура кетти.
– Ай, чоң кыз, барар жериң барбы деги?
– Мейманканада жашап жаткам.
– Ий, кокуй, ал жактан жыгылсаң эч ким көрбөй калат… «Тез жардам» чакырткан оң эмеспи деги?
– Жок, кереги жок!
– Анда жок дегенде мени менен бар! Мен бир классташ курбумдукунда болуп жатам убактылуу. Бирок ал шүмшүк да жанагындай неме да… Уктатышпайт экен. Түнү менен эркектер келе берип. Бирок айла жок. Жаман көрсөң жаман көр деп баш калкалап жатам. Сени да эптеп бир күн батыра тур дейин… Барасыңбы?
Шайыр айласыз макул болду. Бул жерден өзү басып кете алчудай эмес. Тигил келин колтуктап таяп тургузуп жатканда телефонуна чалуу келди. Караса атасы экен, алган жок. Бир күндө элүүдөн ашык жолу чалып коюптур. Атасы менен азыр да сүйлөшкүсү келбеди.
ххх
«Кызым, кайсы жерде экениңди айтып кой! Апаңдын жүрөгү ооруп жатат» телефонуна атасынан ушундай кат келиптир. Окуп туруп үндөбөй чөнтөгүнө салып койду.
– Сен да көйгөйү башынан ашкан бир байкуш окшойсуң?- тамекисин чычайтып алып түтөтүп отурган кызыл чачтуу келин үн катты. Шайыр, аны алып келген келин, анан ал келиндин ушул тамеки чеккен классташы болуп эки бөлмөлүү батирдин ашканасында отурушат.
– Менин атым Света, бул Калипа…
– Шайыр.
– Бул Калипа да шаарга сага окшоп бакыт издеп келген киши. Хе-хе… Жапжакшынакай карачы! Мен буга мени менен иште, сулуу денени карып кете электе сатып акча таап алыш керек деп айтып жатам. Кардарлардын аягы үзүлбөйт. Бул болсо макул болбойт. "Өзүнчө батирге чыгып, тигүүчү болуп иштейм" дейт. Түйшүк тартканды жакшы көрөт. Карабайсыңбы өзүнүн көйгөйү аз келгенсип сени сүйрөп келген тура!- тамекисинин түтүнүн үйлөп кыткылыктады кызыл чачтуу Света.
– Койчу, Света! Менин андайга дитим барбайт. Анын үстүнө тигил шүмшүк күйөөм бир күнү «мына, мен оңолдум. Бас, айылга кеттик» десе…
– Ошого үмүт арткан сен да жинди! Эй, иштеп жүрүп эле сонун күйөөгө тийип алган кыздар толтура!
– А эмне болгон жумуш?- Шайыр кызыга сурады.
– Хе, сүйүү сатабыз!
– Сүйүү дейт… Денесин сатат!
– А бирок кандай жашап жатам. Машина алдым, жакында үй алам. Анан күйөө керек болсо бирөөнүн башын айлантам да, тийип кетем, ха-ха-ха… А баса, сага жумуш бар менде.
– Жөн турчу жаш кызды азгырбай!- Калипа Светага жинденип кетти.
– Жок, Калипа, жаман ойлобо! Бул Шайыр жаш кыз турбайбы. Үй-пүйдү жыйнап, тамак жасаганга киши керек эле. Анан келип кезек күтүп калган кардарлар болсо кофе берип дегендей. Иштебейт белең? Жашаган жериң бекер болот.
Шайыр ал кезде Света ага боору ооруп ушундай жумуш сунуштаган деп ойлогон. Көрсө, ал эптеп жаныма алып жүрсөм, бир күнү муну тирүү товарга айлантып пайдасын көрөм деп ойлогон экен. Аны кийин гана билбедиби… Баёо тура!
Шайыр жашаган жер бекер болсо иштей берейин деп чечти. 10 миң сом айлык бермей болду Светасы. Ошондо Калипа ыза болуп кетти.
– Света, канчадан бери жумуш издеп жүргөнүмдү билип туруп…
– Жо-ок, сен деген мага коллега болосуң, ха-ха-ха…
ххх
Түн киргенде Светанын батирине каттаган эркектердин аягы үзүлчүдөй эмес. Ашканада Калипа менен Шайыр өздөрүн ыңгайсыз сезип отурушту. Уйку качты экөөнөн тең. Тээ түн бир оокум болгондо батирге жаш эки жигит кирип келишти. Колдорунда вино, шоколад…
– Шайыр, сен бар, телевизор турган бөлмөгө барып уктай бер,- Света ага боору ачыгандай үн катты.
– Мен деле…- Калипа ордунан турмакчы болгон.
– Жо-ок, классташ. Сен мени менен отур. Булар менин досторум,- Калипаны алып калышты.
ххх
Таңга жуук Шайыр кимдир бирөөнүн уңулдап ыйлаганынан улам ойгонуп кетти. Күндүз аны ушул батирге алып келген Калипа ыйлап жатыптыр.
– Эже!- чочуп кетти Шайыр.
– Мен куруюн! Мен адам болбой калдым…- Калипа уңулдады. Ый аралаш эле сүйлөп жатты. Шайыр анын сөздөрүнүн бирине түшүнсө, бирине түшүнбөй турду.
– Алдандым, Шайыр. Мен кантип ушуга жеттим? Жийиркенип жатам өзүмдөн. Денемди сатпадымбы? И-ий, ушул кантип болсун? Күйөөм билсе эмне дейт?! Эш-шек десе, ошол күнөөлүү. Ичпей эле койсо келет белем ушул жакка?
Кантип алданып калганымды билбейм. Таттуу сүйлөп, шараптан куюп отурушуп эле… Акчадан көзүм өтүп отурган жаным 5 миң эле сомго сатылып кетпедимби? Ушунча арзан экенмин. Ичимди намысым өрттөп жатат! Ий-ий…
Жер чапкылап уңулдады.
ххх
– Башталышында ушинтип намыстанасың. Бирок муну деле кадимки жумуштай кабылдаш керек. Анан калса биринчи чоң акчаны ушул жактан тапканда, сурантпай эле менден кардар талашып иштеп каласың...- эртеси Света кең дүйнөгө батпай турган Калипаны ушинтип жоошутту. Шайыр үчүн бул мурда көрүп билбеген дүйнө болчу. Алардын сүйлөшүүсү кызыктуу сезилди. Кези келгенде ал дагы дал ушундай Калипа сыяктуу ызалуу күндөрдү башынан өткөрөрүн аңдаган эмес. Ал кезде Шайыр жөн гана байкоо салып жаткан. Баарынан да Калипа кызыктуу болчу ага. Кантер экен? Сойку болуп кетеби? Адамдын ички өзөгү качан, кантип сынар экен? Ушул суроолор кызык эле…
Калипа адегенде ыза болуп жүрдү. Ар дайым күйөөсүнө нааразы боло берчү. Бирок сырттан караган киши деле отуз жаштын кырына эми келген бул сулуу келин өзүнүн айылдагы ичкич күйөөсүн зарыгып күтүп, үмүттөнүп жүргөнүн байкамак. Ичкич күйөөсү келген жок. Жадакалса чалчу дагы эмес. Ага акыл үйрөткөн, жөлөп-таяп жол көрсөткөн Света болчу. Бара-бара Калипанын аң-сезиминдеги күйөөсү ээлеп жүргөн боштукту Света ээлеп алды. Мээсине болгон кеңешин куя берди. Калипа акыры жеңилди…
3 айдай убакыт өткөндө Света айткандай эле Калипа толугу менен өзгөрүп, кардар талашып иштеген сойкуга айланды...
(Уландысы кийинки санда)