Концерттин аталышы – Анжелика 30 жаш
Өткөн күнү – 12-июнь
Өткөн орду – «Ала-Тоо» рестораны
Билет баасы – 2000-3000 сом
Башталышы – 18:30 (21:00дө, 2 жарым саат кечигип башталды)
Алып баруучу – Эркин Рыскулбеков
Көрүүчүлөр – залдын 100 пайызы
Эми Анжелика 30 жашка чыгып концерт берип жатса, ага Толик сынчы барбай койсо болмок беле? Концерт өтө турган жерге келип таң калып эле калдым. «Аа, бул жерге ушундай келиш керек тура» деп өзүмдүн иш күндөгү кийимимден бир аз уялгансып четте турдум. Албетте, «дүрбүнү» таштап койдум. Кандай аталат билбейм, мен кече көйнөктөрдү «торт» көйнөк деп атайм. Кыз-келиндердин баары ошондой көйнөк кийген, эркектер да кычырашат. Ичине жулунса да киргизбей койгон жигиттерди көрүп «кой, менин Толик сынчы экенимди булар билмек беле?» деп жулунуп киргенге аракет кылган жокмун. Күттүрбөгөн концерт жок! Күткөн элди бир аз алаксытмак болуштубу, Анжеликанын үйрөнчүк кыздарын ырдата башташты. Эми мунусуна да шүгүр.
Бир маалда көп күттүргөн туулган күн ээси көрүндү. Эл жапырт туруп кызыл килемден басып келген Анжеликаны кол чаап кыйкырып сүрөп концерттик залга киргизишти. Эшикти тоскон жигиттер тим эле билетти шыкаалап карап араңдан зорго өткөрүп жатышты. Залда фуршет күтүп жатыптыр. Чынын айтыш керек, берекелүү экен. Бир аял «эмнеге тарелка беришпейт?» деп бакырып жатып айласы түгөнгөндө көпчүлүктө эмне дедиби, даамдарды алаканына салып курсагын тойгуза баштады. Күлөсүң ай, биздин кыргыздар негизи сонун эл!
Фуршеттин аягы эмне болду билбейм, залга кирип тыпыйып ордума отурдум. 21:00дө жарык өчүп, экрандан Анжелика көрүндү. Кемеде жалгыз калганына, тагдырындагы «цунамиге» туруштук бергенине, аны кантип жеңгенине байланышкан кичинекей ролик экен. Андан кийин өзү жаркылдап чыга келди. Сөз чынынан бузулбайт, ушу айымдын эмгекчилдигине, баарын кылдат ойлонгонуна, формаларына, аракетине бали деш керек. Эски-жаңы ырлар ырдалып жатты. Ошол учурда бирөө аткан октой жулунуп сахна тарапка келип, концертти тартып жаткан операторлор менен «үч миң төлөп силердин аркаңарды көрүш үчүн келген эмеспиз» деп урушуп кирди. Чын да бирок, арттагы отургандар моюн сунбаган операторлорго шыпшына карап моюндарын созуп абалдан чыгып жатышты. Акыры эл жеңип, жоон топ операторлор четке чыга башташты. Казакстандык ырчы Айдана Меденова келген экен, «Курбу» деген ырын аткарайын деп жатып «Анжеликанын курбулары барбы?» десе зал тымтырс боло түштү. Кийин залга чыгып гүл берип жаткан курбуларын Анжелика «жана эмне үн катпай отурдуңар?» деп тамаша-чыны аралаш чымчып өттү. Залга гүлдөр агылып жатты, баалуу белектер берилип жатты. Мына сага, 1 жыл бою саякаттаганга жолдомо, ырчынын аты жазылган, бриллиант менен кооздолгон асем буюм белек кылышты, апасы менен атасы тартуулаган аппак пианино акыркысы болду окшойт.
Ошентип өз нугу менен концерт уланып жатканда чукул бурулуш болду. Музыкалык аспаптарын көтөрүп белгилүү музыкант, гитарист Денис Колючий баштаган аттуу-баштуу музыканттар чыгып орун ала башташты. "Ии" дедим. Мына сага, Анжелика жандуу үн менен ырдай баштады. "Азамат!" деп ичимден сүрөп жан-алым калбай кол чаап отурсам эле... Эми бул жерин айтып кетпесем, Толик сынчылыгым кайсы? Үч ырды жакшы ырдагандан кийин ырчы айымдын үнү өчө баштады. Чыдабай жардамга келдиби, айтор, күтүүсүздөн Бек Исраилов сахнага чыга калып Анжеликаны коштоп ырдап баштады. Даярдыгы жок экөө бир толкунга түшө албай, ырчы жигит сүрөп-сүрөп кайра кетти. Ичимден "кайра эле даңкылдак-дүңкүлдөгүнө кайтсачы" деп турдум эле, Анжелика болбой эле дагы бир топ ырын жандуу үн менен ырдады. Апасына арналган ырын Толгонай Арзыкеева сахнага чыга калып коштоп турду. Кийин гүл бергени чыккан ырчылар Талант Кадыров менен Айя Садырова коштоп турушту. Абалдан ар түрдүү жолдор менен өткөндөн кийин сахнага Анжеликанын тун кызы Айыма чыкты. Аткаруусун, жылмайганын, сахнаны багындыра алганын көрүп, үнүн угуп "көпкө барат экен" дедим. Анжелика ордуна татыктуу орун басар даярдап жатыптыр. Сахнанын эң эмоционалдуу жери – Анжелика апасынын алдына чөгөлөп, экөө көздөрүнө жаш алып кучакташканы болду. Эл көпкө кол чаап турушту.
Кимдер келди? Алыскы Оштон Самара Каримова жолдошу менен, Бек Исраилов жубайы менен, Нурлан Насип, Гүлнур Асанова, дагы далайлар келишти. Бирок "гүл тапшырдык, милдеттен кутулдук" дегенсип акырын туруп кете беришип, аягында азыноолак эле ырчылар калганын байкадым. Концерт “30 жаш” деген жаңы ыр, дүркүрөгөн кол чабуулар менен аяктады.
Кыскасы, туулган күн жакшы өттү. Майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулган, кооз, курсакты тойгузган, маанайды көтөргөн кече болду. "Бирок бир ыргактагы даңкка-дүңк ырлардын арасына бири комуз менен «Эсимдени» же «Күйдүм чокту» заңгырата кошуп койгондо бөксө жерлерим мындан да толо түшөт беле, чиркин" деп кете бердим.
Толик сынчы