14-июнь күнү Бишкекте өлкө башчылардын деңгээлинде Шанхай кызматташтык уюмунун ХIХ саммити өттү. Ага уюмга мүчө 8, ШКУга байкоочу статусу бар 4 мамлекеттин президенттери катышты. Жогорку деңгээлдеги иш-чаранын негизги жыйынтыгы, өзгөчөлүгү тууралуу сөз кылабыз.
ДҮЙНӨНҮ ЧОЧУЛАТКАН 3 КОРКУНУЧ
Эл аралык “Манас” аэропорту, аба майданга келип конгон №1 борт, андагы дүйнө лидерлери, Кыргыз тараптан аларды тосуп алуучу расмий топ... Бишкекке биринчи болуп 12-июнда мамлекеттик сапар менен Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, Кытайдын лидери Си Цзиньпин келсе, акыркы болуп 13-июнь күнү кечинде Ирандын президенти Хасан Рухани келди. Негизги жыйындар 14-июнда өттү. Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары тар чөйрөдө жолугушуу өткөрүштү. Ага Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Орусия президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев, Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев катышты. Тар курамдагы жыйында күн тартибинде турган эл аралык маселелер талкууланды. Тагыраагы, өлкө башчылары Сирия менен Ооганстандагы абалды, Ирандын өзөктүк куралдануу программасын талкуулашты. Ошондой эле азыркы кезде кооптуу болуп жаткан дүйнөдөгү “үч коркунуч” – терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүүнүн ролу тууралуу пикир алмашышты.
КЫТАЙДЫН ЛИДЕРИ КЫРГЫЗ МАКАЛЫН МИСАЛ КЫЛДЫ
Уюмга мүчө 8 мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусу аяктаган соң жыйын Ооганстан, Монголия, Беларусь жана Ирандын президенттеринин катышуусунда, кеңири курамда улантылды.
Жыйындын жүрүшүндө өлкө жетекчилери бир катар сунуштарын ортого салышып, эл аралык маселелер боюнча пикирлерин айтышты. Үй ээси катары биринчи сөз сүйлөгөн Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну тездетүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ШКУнун алкагында экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча атайын орган түзүүнү сунуштады:
– Экономикалык кылмыштар адатта улуттар аралык мүнөзгө ээ. Мунун баары баңгизат соодасы, аткезчилик, арам акчаны адалдоо аракети менен тыгыз байланышта. Жыйынтыгында алар өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратат. Кыргыз Республикасы ШКУ алкагында экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүчү атайын органды түзүүнү сунуштайт,- деп билдирди президент.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев учурда киберкоопсуздукту камсыздоого көңүл буруу керектигин билдирди. ШКУда маалымат коопсуздугу боюнча борбор түзүү бул мейкиндиктеги коопсуздук үчүн маанилүү роль ойноорун баса белгиледи.
Ал эми Кытай лидери Си Цзиньпин ШКУнун алкагында ар тараптуу байланыштарды күчөтүү керектигин айтты:
– Цивилизациялардын кагылышы тууралуу сөздөрдү токтотушубуз керек. Тескерисинче, ШКУга мүчө мамлекеттер арасында, өзгөчө жаштардын деңгээлинде байланышты күчөтүү зарыл. Кыргыз элинин “Ырыс алды – ынтымак” деген макалындай, ынтымак – бактылуулуктун негизи. Шанхай духу менен кадамдаш бололу. ШКУ Ооганстандагы абалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдойт.
22 ДОКУМЕНТКЕ КОЛ КОЮЛДУ
Саммиттин иши 2 жарым саатка созулуп, жыйынтыгында 22 документке кол коюлду. Анын сап башында Бишкек декларациясы турат. Ошондой эле баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө биргелешип күрөшүү, санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, айлана-чөйрөнү коргоо, туризм жана айыл чарба тармактарындагы кызматташуу сыяктуу жалпы 22 документке кол коюлду. Алардын ичинде террорго каршы турган "ШКУ-Ооганстан" байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин жол картасы түзүлдү.
Ал эми уюмга мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелеринин ортосунда дене тарбия жана спорт, саламаттыкты сактоо, жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу документтерге кол коюлду.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кийинки саммити 2020-жылы 22-23-июлда Орусияда өтөт. Бул тууралуу президент Владимир Путин жыйын учурунда билдирди.
Бул жолку Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин чет элдик жана жергиликтүү ЖМКлардын 500дөй журналисти чагылдырды.
Жалпысынан 30 телеканал, 10 радиостанция, 20 маалымат агенттиги жана 10 гезит өкүлдөрү иштеди.КЫРГЫЗ-КЫТАЙ АЛАКАСЫНЫН ЖАҢЫ БАРАГЫ
Кытайдын лидери Си Цзиньпинди 12-июнда “Манас” аба майданынан президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Эртеси эки өлкөнүн башчылары кеңири курамда жолугушуу өткөрдү. Айта кетсек, быйыл Кыргыз өлкөсү менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы өз ара кызматташтыкка 27 жыл толду. Бул жылдары эки өлкө ортосунда достукту чыңдоо үчүн бир топ документтер кабыл алынып, көптөгөн иштер жасалды. Мисалы, былтыр Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарында эки өлкө ортосунда стратегиялык кызматташтыкты орнотуу боюнча декларацияга кол коюлган. Эми ушул аракетти дагы алдыга жылдыруу үчүн эки өлкө башчыларынын бул жолугушуусу чоң мааниге ээ болду. Кытай лидери эки өлкө ортосунда экономикалык байланышты чыңдоо керектигин айтып, Кыргыз өлкөсүнөн айыл чарба азык-түлүктөрүн ири көлөмдө импорт кылууга даяр экендиктерин билдирди.
Ал эми Сооронбай Жээнбеков буга чейин Кытайдын бийлиги убада кылган 600 миллион юань гранттык каражат жакынкы убактарда бөлүнөт деп ишенерин билдирди. Эске салсак, Кытай Кыргыз өлкөсүнүн аймактарын өнүктүрүүгө, таза суу менен камсыз кылууга 100 миллион доллар же 600 миллион юань бөлүп берерин 2018-жылы июнь айында мамлекет башчысы
Сооронбай Жээнбековдун Бээжиндеги сапары учурунда айткан. Сүйлөшүү жыйынтыгында сүт азыктарын Кытай тарапка экспорттоо, айыл чарба азыктарын өндүрүү, ИИМге техникалык жардам көрсөтүү, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, Бишкек шаарында көчөлөрдү оңдоо боюнча келишимдерге кол коюлду. Мындан тышкары эки өлкөнүн ортосунда тарыхый чечим кабыл алынды. Тагыраагы, Кыргыз Республикасы менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюшту.
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Кытай лидерин эки өлкө ортосундагы стратегиялык мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн I даражадагы “Манас” ордени менен сыйлады.
ИШКЕРЛИКТИ КОЛДОГОН КЫРГЫЗ-КЫТАЙ БИЗНЕС ФОРУМУ
13-июнь күнү Бишкекте Кыргыз-Кытай бизнес форуму өттү. Анын алкагында эки өлкө ортосунда жалпы суммасы 7,5 миллиард долларды түзгөн ири долбоорлорго кол коюлду. 2018-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн суммасы 2 миллиард доллардан ашкан. Мунун басымдуу бөлүгү Кытайдан келген импорттук товарга туура келет. Кыргыз-Кытай бизнес форумунун алкагында биздин өлкөнүн да экспорттук абалын жакшыртуу максат кылынган. Жыйынтыгында жергиликтүү ишкерлер үчүн Кытайга товар экспорттоонун көлөмүн жогорулатууга шарт түзө турган Кыргызстан-Кытай логистикалык борборун куруу боюнча келишимге кол коюлду. Аталган борбор Нарын облусунун Ат-Башы районунда курулат. Анын жалпы аянты 200 гектарды түзөт.
Ошондой эле форумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Кытай өлкөсүнүн ортосундагы түз инвестициялардын биргелешкен фонду түзүлө турган болду.
Кыргыз өлкөсү 2018-жылы Кытайга 6 миллион доллар суммасында товар экспорттогон. Анын басымдуу бөлүгүн айыл чарба продукциялары түзгөн. Анткени Кытай тарап таза, экологиялык продукцияларды сатып алууга даяр. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында көп тармактуу агропарк куруу боюнча келишимге да кол коюлду.
Мындан башка кол коюлган документтердин негизгилерине төмөнкүлөрдү да кошсок болот:
- Кыргыз жерине электромобилдерди чогултуучу завод куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу меморандум;
- Токмок мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо жөнүндө кызматташуу тууралуу келишим;
- Кыргыз Республикасында алтын, күмүш, жез жана сурьма эритүүчү полиметаллдык заводду куру боюнча меморандум.
Адистер, аталган документтер иш жүзүнө ашып калса, 27 жылдык Кыргыз-Кытай кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүн айтып жатышат. Андыктан эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы барагын ачууда жогоруда кол коюлган документтердин мааниси абдан зор.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg