Компаньон Банкынан “ДУБАЙГА БАРАБЫЗ!” акциясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
14-июнда бүтүндөй Кыргызстан боюнча 30 бактылуу адам муздаткыч, телевизор, ноутбук, планшет, смартфон жана башка тиричилик техникасын утуп алышты. Отуз бактылуу жеңүүчүнүн арасында Жалал-Абад, Ош, Кадамжай, Ноокен, Чүй, Кербен, Өзгөн, Токмок жана Каракол филиалдарынын кардарлары бар.
Компаньон Банкы жеңүүчүлөрдү куттуктайт жана акча которуу менен алуу боюнча кызматтардан пайдаланышкан бардык кыргызстандыктарды акцияга катышууга чакырат. Акциянын финалдык этабында катышуучуларда үч баш байгени – ноутбук, iPhone Xs же эки адамга Дубайга жолдомо утуп алууга эң сонун мүмкүнчүлүк бар!
Бекболот Эрматов, акциянын жеңүүчүсү:
“Март айында Компаньон Банкынын акча которуулар боюнча акциясы жөнүндө билдим жана анын кардары болуп калдым. Мен Токтогул жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги борбордук филиалдан акча которуп жана алып жаттым, биринчи орунду ээлеп, муздаткыч утуп алдым. Компаньон Банкына рахмат, баарыңарды акцияга катышууга чакырам!”
Айнагүл Олджобаева, акциянын жеңүүчүсү:
“Бир жылдан ашуун Компаньон Банкынын кардары болуп келем. Кечээ эле мага чалып кофе кайнаткыч утуп алганымды билдиришти. Абдан кубанычтуу болду. Мен мындан ары да Компаньон Банкы аркылуу акча которууларды жүргүзөм жана Дубайга жолдомо утам деп үмүттөнөм. Мен ал жакта боло элекмин, ийгилик жылмаярына ишенем!”
АКЦИЯНЫН ШАРТТАРЫ:
Акча которуулар боюнча “ДУБАЙГА БАРАБЫЗ!” акциясы 2019-жылдын 1-мартынан 30-ноябрына чейин уланып, жыйынтыктары үч этапта чыгарылат.
Биринчи этап 1-марттан 31-майга чейин созулду. Экинчи этап 1-июнда башталды жана 31-августка чейин созулат. Акциянын алкагында Компаньон Банкы жеңүүчүлөргө тиричилик техникасын, заманбап гаджеттерди тапшырмакчы. Үчүнчү, финалдык этаптын жеңүүчүлөрү баш байгелерди: ноутбук, iPhone Xs же эки кишиге Дубайга жолдомо алышат.
Акцияга катышуу үчүн «Золотая Корона», «ЮНИСТРИМ», Contact жана Western Union эл аралык акча которуу системалары аркылуу бардык валюталарда акча которууларды жүргүзүү жана алуу зарыл. Которуулардын эң көп көлөмү менен катышуучулар жеңүүчүлөр болуп калышат. Жалпы көлөмдү аныктоо үчүн чет элдик валюталардагы бардык которуулар операцияны жасоо мөөнөтүнө карата КРУБдун курсу боюнча сомго конвертацияланат.
Акциянын шарттары менен банктын расмий сайтынан: www.kompanion.kg жана 8800 телефону аркылуу (мобилдик телефондон чалуу акысыз) таанышууга болот. №053 КРУБдун лицензиясы.
Урматтуу кардарлар! Сиздерден кыраакы болууну жана алдамчылардан сактанууну суранабыз. Банк тарабынан жүргүзүлгөн бардык акциялар жана жеңүүчүлөрдүн тизмелери Банктын расмий сайтында:
www.kompanion.kg жарыяланат. Банк эч качан белекти алуу үчүн акы төлөөнү же акча каражаттарын кайсы-бир эсепке которууну, балансты толуктоону жана башкаларды талап кылбай турганын эстеп койгула. Сиздерде күмөн же суроо жаралса, байланыш борбордун 8800 телефон номери аркылуу маалыматты тактап алсаңыз болот.
Үмүт Ырысбекова