«АКЧА БАР, БАКЫТ ЖОК ЖАШООДОН КЫЙНАЛДЫМ»

– Жаш туруп эмне мынча муңканат дейт чыгарсыз. Анткени мен 24 гана жаштамын. Бирок жашоо каалаган адамын сүйүнтүп, каалаганын мага окшотуп күйүткө малып коёт экен. Балким, мен буга өзүм күнөөлүү чыгармын...

Турмушка чыкканыма 3 жыл болду, эгер жашоону артка кайтарганга мүмкүн болсо, бүт күчүмдү арнамакмын, тырышып агымга каршы сүзүп болсо да жээкке жетмекмин. Бирок бул миф. Реалдуулукта катаңды оңдогонго кеч болуп калат.

Анда сөз башынан болсун. Студент кезимде бир жигит менен сүйлөшчүмүн, жөнөкөй, абдан акылдуу бала эле. 2 жылдай сүйлөшүп жүрдүк. Бирок мен акырында шайтандын ишин кылдым. Айылдаш бир бала колумду сурап жуучу жөнөткөнүнөн байлык, машина, үйүнө кызыгып дароо эле макул болуп, жигитиме айтпай турмушка чыгып кеттим.

Азаптуу күндөр ошондо башталды. Көрсө, буларга келин эмес, күң керек экен. Кайненем такыр жанымды тындырчу эмес. Мына 3 жыл өтсө да ушул эле көрүнүш күнүгө кайталанып келет. Сабырым түгөнүп, ажаан аялга айланып баратам. Күйөөм бир акыбалымды сурап, жакшы сөз айтып койсо эмне. Бир нерсе дей электе уруп-тепкилеп өчүн менден чыгарат. Аны мен адам катары көрбөй калдым, жүзүн көрсөм титиреп, ичимден өлтүргүм келип кетет. Балам үчүн гана бул дүйнөдө жашап жүрөм. Бул үйдө жашоо кунарсыз. Баарынын ою акча, бай карым-катыштар... Үй-бүлө мындай болушу керек, ата-эне менен баланын ортосунда мээрим, сүйүү болуш керек деген мыйзамдар иштебейт. Балам ушулардын тарбиясында чоңоюп, атасындай болуп өсүшүн каалабайм.

Ата-энем менин мындай кыйынчылык көрүп жатканымды билишпейт. Атам абдан катуу киши, мени оңою менен ажыраштырбайт. Бетимдеги көк ала тактар кеткенде барып учурашып турам. Ишенсеңиздер, бардык нерсе жетиштүү: үй, кийим, акча. Бирок бакыт, үй-бүлөдөгү күлкү, кубаныч, сый-урмат, сүйүү жок. Мен ушундай жашоодон чарчадым, келечекке үмүт таппайм. Баламды гана ойлойм. Акыркы күндөрү башым эле ооруйт, бирөө сүйлөсө угам, бирок эч нерсе эсимде калбайт. Же бир сырдаша турган сырдашым жок. Айтайын десем сөз көп... Жок дегенде кайненем же жолдошум жакшыраак болсо, чыдап жашай берет элем. Бирок экөө тең бирдей... Мени уга турган адам деле жок, бар болсо да ачык айта албайм. Жок дегенде гезит бетине бугумду чыгарып алайын дедим.

Жазгүл

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
ainura220888
2019-06-24 11:14:01
Сабыр кыл. Башка эч нерсе дей албайм. Таякта да эки уч болот. Алда
+4
Sultanim
2019-06-24 11:40:56
Намаз окуп алардын хидаятын тиле.Жараткандан өткөн жакын болбойт.
+7
raikakyz
2019-06-27 11:27:05
Sultanim,Туура айтасын.Алладан гана ал адамдарга хидаят сураш керек.Аллах хидаят берет.
+2
dobrajelatel
2019-06-24 14:59:01
Акча, байлык кубаныч гана тартууларын тушундум. Акчаны, байлыкты тапканын менен балан, бактын болбосо кызыгы да мааниси да жок экен. Бул ааламда бала тартуулаган бакыт тендешсиз тура.
+3
Aida05
2019-06-24 19:44:08
Хандын койнунда калтырап жаткычакты.Кулдун койнунда кутуруп жат деген макал бекер айтылбаса керек.
+15
mikana
2019-06-25 07:32:55
5маал Намаз окуп дуа кылыныз,акырындап баары озгоруп жатканда тан каласыз.
Башында намаз окуганда кайнэне,куйоом не дейт дейсиз. Алардын Эч тартынбаныз алар кудай эмес. Жоолук салынып, Намаз окуп баштаныз. Чын журоктон окусаныз Намаз менен жоолук сиздин бактыныз болот ИншАллах.
+1
aiba_00
2019-06-25 10:21:15
Байлыгы батегим деп илгери мени бироо ала качам дегенде тийбей койгом, машинеси трактору уйу бар малы бар деп уговорить этишкенде да ойлогом журоктогу жылуулук жок болсо байлыгынын эмне кереги бар деп ошо кезде жаш элем жаш болсом байлыгына кызыкпапмын.
+2
Azatbek.Svoboda.
2019-06-25 13:46:48
Бекерчилердин жакшы жомогу экен!
+1
MEERIM3
2019-06-25 14:30:19
Байлык бийлик бир тыйын, Бакыт табуу эң кыйын. Менде бакыт бар байлык жок.
+3
_PeriWa_
2019-06-25 18:00:27
Чала болуптур.Не дейин башка. Бул жерде сени аягандын кереги жок. Ошол байлыгына дагы деле кызыгып жашап журосун да. Сенин ордунда чын эле окунгон адам болгондо,чын эле баласын озун сыйлаган адам болгондо эч нерсеге карабай баарын жыйыштырып коймок. Билбейм дагы ким кандай ойлойт. Бул менин жеке оюм...
+3
Mister-X
2019-06-26 00:12:40
Сени менен эки жыл суйлошуп жургон жигитиндин акыбалын убагында ойлодун беле?Канчалык азапка таштап кеткениңди билээр бекенсин?Сүйүүнүн кадырына жетпегенден кийин,сүйгөн жигитиндин да кадырына жетмек эмессин.Сага ушундай жашоо эле жакшы.Ошондо жашоонун,суйуунун кадырын билесин.
+2
Kamchybek-007
2019-06-26 06:48:42
Менде экөө тең жок бирок бейишим апам бар калганы келет аста секин
+2
Deniza88
2019-06-27 13:42:51
акча бар болсо сен да айла тап да, азыр баарын акча чечет дегенге уйроно элексинби куйоон менен кайнененден. Сен керек болсо алардан ашып туш да, негизи апасы кандай болсо баласы да ошондой дегенге толук кошулам, мээрим жок бир гана акча деген чын, ушундай уй булоо бар, мен да ошондой уй булоодо жашайм, сени жакшы тушуном ,озунду жей бербей ошолордон уйрон, сен да алардан кем калбай ошолордун нугуна туш
0
Same
2019-06-29 10:18:32
Алардын ою акчада деп жазыпсын. Сенин алардан ашыгын не. Сенин да оюн акчада болгон учун жигитинди таштап ошого тийдин да. Эми как говориться выживи.
+1
pero5184
2019-06-30 14:50:13
Бирөөнүн үйү ,бирөөгө чытырман токой
0
uli1234
2019-06-30 18:32:20
Ушул келин бар экенби же жомок эле жазып койдубу
0
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан