ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 24-ИЮНДАН 30-ИЮНГА ЧЕЙИН




КОЙ (21.03-20.04)

Кой жылдызы үчүн бул апта ийгиликтүү болот. Жумушта маанилүү долбоордун үстүндө иштейсиз. Анда чыгармачылык менен иштөөгө аракет кылсаңыз, сизге чоң пайда алып келет жана өз позицияларыңызды бекемдеп алууга жардам берет. Жумада активдүүлүгүңүз да жогорулап, лидер болуп чыга келесиз. Жеке жашоодо сезимталдуулук күчөйт. Түгөйүңүздүн кызганычын күчөтпөш үчүн жана жакындарыңызды таарынтып албаш үчүн аларга көбүрөөк көңүл бөлүңүз. Жаныңыздагы адамдар менен мамилеңизди карап чыгыңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Бул жумадагы кыйынчылыктарды эмгекчилдик менен жеңе аласыз. Кемчиликтериңизди баса белгилеп айткандар көбөйөт, сабырдуу болуңуз. Жумуш ордуңузду которушуңуз мүмкүн. Сизди ийгиликке жеткире турган сунуш түшүшү мүмкүн. Ар кайсы иштерге мурдуңузду тыга бербестен, баштаган ишиңизди бүтүрүүнү сунушташат жылдыздар. Дем алыш күндөрү жактырбаган адамдарыңыздан оолак болуңуз. Интуицияңызды уга билип, башкалардын сизди колдонуп кетишине жол бербеңиз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Акчаңызды ар кайсы жакка сала бербеңиз, бул кооптуу. Алдыда жакшы күндөр тосуп турат. Жумушта сиздин эмгегиңиз бааланат, өзүңүздү көрсөтө билиңиз. Бирок жеке жашоо бир аз олку-солку тартат. Аптанын экинчи бөлүгүндө өзүңүздү чарчаңкы сезишиңиз мүмкүн, тамак-ашыңызды карап чыгыңыз. Досторуңуз кызыктуу нерсени сунуш кылышат, алар менен дем алыш күндөр жаркын маанайда өтөт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Сизге карата жөнү жок айыптоолор болушу мүмкүн, темирди кызуусунда согуп калыңыз. Бирок чогуу жашаган адамдар менен урушууга шашылбаңыз, тескерисинче, мамилени бекемдөөгө тырышыңыз. Бул жуманы өзүңүз жалгыз өткөрүүнү пландаган болсоңуз да, досторуңуздан кача албайсыз. Ар кайсы адамдардын каалоосуна карап өзүңүздүн пландарыңызды артка жылдырып койбоңуз. Акча жаатында кирешелүү жума. Жумуштан көтөрүлүшүңүз мүмкүн. Жеке жашоодо келишпестиктердин алдын алыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Бул жума сизден эр жүрөктүүлүктү жана ак ниеттүүлүктү талап кылат. Ошондо ийгиликке жетесиз. Чогулуп калган үй жумуштарын ушул жумада бүтүрүүгө туура келет. Акча иштеп калуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болуп, кирешеңиз көбөйөт.

Азыртадан балдарыңыздын ишенимине кирүүгө аракет кылыңыз, жакында алар менен бир нече маселелерди чечүүгө туура келет.

Жеке жашоодо кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо, жакшы жагына болот. Демек, сүйүү жаатында тартынбай көз карашыңызды айта берсеңиз болот.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Сиз үчүн өзгөрүүгө убакыт келди. Сулуулук салондоруна баш багып көрүңүз. Көп акча табууга мүмкүндүктөр бар. Досторуңуз жакшы жаңылыктарды айтышат. Жума узак сапарга чыгуулар, окуп-үйрөнүүлөр жана жаңы таанышуулар менен коштолот. Жеке жашоодо сүйүктүүңүз менен аяр мамиледе болуңуз, ага баш-көз болгон адам катары мамиле кылбаңыз.

Көптөн бери жаңы иш баштоону, үй же жер алууну пландап жүргөн болсоңуз, ал үчүн ылайыктуу учур.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жумуштан көтөрүлүү үчүн жетекчилик менен мамилени жакшыртышыңыз керек. Бардык жагынан сырдуу болуңуз, мунун зарылдыгын кийин түшүнүп аласыз. Жолуңуздан жакшы адамдар чыгат, алардын кеңештерин пайдаланып калыңыз. Акча жаатында өзүңүздүн аракетиңизге жараша көп акча тапсаңыз болот. Жеке жашооңуз гүлдөп турган учур. Сүйүктүүңүз менен эс алууга чыгыңыз. Бойдоктор үчүн жаңы таанышуулар ийгиликтүү болот.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Шашылуунун кереги жок, бардык ишти аткарарда жети өлчөп, бир кесиңиз. Акчаңызды чаржайыт кетире бербеңиз, акчага муктаждык туулат. Бул жумада социалдык иш-чараларга катышууга чакыруулар түшөт, ошондуктан жакындарыңызга жана жумушуңузга убакыт бөлө албай каласыз. Сүйүү жаатында келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөрдүн мамилеси мурдагыдан да бекемделет. Дем алыш күндөрү жакындарыңызга убакыт бөлүңүз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Чөйрөңүздөгү адамдарды талдап көрүүгө убакыт келди, алардын арасында абайлап мамиле кыла турган адам бар. Ден соолугуңузга кам көрүп, ооруп калуунун алдын алыңыз. Жакындарыңызга көңүл бөлүңүз, жылмайып жүрүңүз жана сергек жашоону баштаңыз. Ар бир күнүңүздү алдын ала пландаңыз, антпесе эч нерсеге жетишпей убара тартасыз. Жеке жашоодо кечиримдүү, сабырдуу болуп чыга келесиз. Бойдокторду жагымдуу таанышуулар күтөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Текечерлер бул жумада жеке иштери менен алек болушат. Башкаларга убактысы да, чыдамы да жетпейт. Ден соолугуңузга кам көрүңүз, өзүңүзгө эс алуу уюштуруңуз. Акчаңызды аябаңыз. Дем алыш күндөр сиз үчүн ийгиликтүү болот. Эски тааныштарыңыз сизди эстеп байланышка чыгат же конокко келиши мүмкүн. Сүйүү жаатында мээримдүүлүккө, камкордукка муктаж болосуз, сүйүү каалайсыз. Ушактарга ишенбеңиз. Бойдоктор жаңы мамиле күтүүчү учур.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жуманын башында бир аз аракет кылып койсоңуз, жумада каржылык муктаждык болбойт. Кирешелер сизди сүйүнтөт, жумушуңуздан да ийгиликтер күтөт. Ушул убакта жардам сурагандар болот, баш тартпаңыз. Эски жарааттарды унутуңуз. Бир кезде ишке ашпаган ийгиликтер эми ишке ашат. Жеке жашоодо жылдыздар кызганчаак болбоону жана сезимдериңизди ачык айтууну сунушташат. Бойдоктор көптөн бери көз артып жүргөн адамдарынын көңүлүн бурдура алышат.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул жумада сизге тоскоолдук жараткан эч нерсе жок. Андыктан аракеттенүүнүн үстүндө болуңуз. Чыгармачылыкта, ишкерлик жаатында ийгиликтүү жума. Жаңы маалыматтарды алып, аны талдап көрүп, чечим кабыл алыңыз, дүйнө таанымыңызды өстүрүңүз. Жаңы көз караштар жана өзгөчө ойлор профессионалдык өсүш тартуулайт жана киреше алып келет. Бойдок балыктар жолугушууга чакыруу алышат.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 24-30-июнга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан