ЧАЙНЕКТЕГИ КЕБЕР ЭМНЕСИ МЕНЕН КОРКУНУЧТУУ?

Чай кайнатып жүргөн чайнектерде кебердин болуусу табигый көрүнүш. Кебер – бул суу түтүктөрүндөгү суунун курамындагы кальций жана магнийдин туздарынын топтолуп калышы. Сууну кайнатуу мезгилинде суунун түзүлүшү өзгөрүп, кебердин жарала тургандыгы баарына маалым.

Анын бир нече бөлүкчөсүн адам жутуп алса эч нерсе болбойт. Эгер кебер организмге дайыма кире бере турган болсо (чай же кофе менен), анда зыян. Ашказанга барган кебер ашказан маңызы жана туз кычкылынын таасири менен эрийт да, канга сиңип, кан тамырлар аркылуу ички органдарга, анын ичинде бөйрөккө тарайт. Ашыкча туздар муундарда топтолот, кан тамырларды бууп калат, ал тургай бөйрөктө таштын пайда болуусуна жеткирүүсү мүмкүн.

Андыктан чайнекте кебердин пайда болгонун байкап калсаңыз, аны дароо кетириңиз. Кебер ысыкты начар өткөрөт, андыктан чайнек көпкө барып кайнайт. Ал чайнектин иштен чыгуусуна да жеткирет.

УКСУС МЕНЕН КЕТИРҮҮ

Чайнектин моюнуна чейин муздак суу куюп, үстүнө 2-3 аш кашык уксус куюп, кайнатыңыз. Анан сууну төгүп, таза суу менен бир нече ирет чайкаңыз. Эгер кебер калың болуп бир кайнатканда кетпесе, анда айтылгандарды дагы бир ирет кайталаңыз.

ЛИМОН КЫЧКЫЛЫ МЕНЕН КЕТИРҮҮ

Чайнекке муздак суу куюп, үстүнө лимон кычкылын салып (1 литр сууга 10-15 грамм), кайнатасыз. Кайнап чыкканда өчүрүп, жарым саат коюңуз. Бул аралыкта кебер эрийт же жумшарат. Анан сууну төгүп, чайнектин ичин жакшылап тазалап, чайкаңыз. Кайра муздак суу куюп, 1 кайнатып туруп төгүп салыңыз.

СОДА МЕНЕН КЕТИРҮҮ

Чайнекке суу куюп, үстүнө 1 аш кашык сода салып, кайнатып, анан төгүп, ичин жакшылап тазалап, жууп, чайкайсыз. Кебер кетпесе муну да кайра кайталайсыз.

Канымжан Усупбаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
ainura220888
2019-06-24 11:19:24
Апам раматылык күл салып кайнатат эле. Кетип калат болчу
+6
-Sumitra-
2019-06-24 20:42:15
Мен жон эле казан кыргыч менен кырып тазалайм.
+3
Sana_30
2019-06-26 14:21:37
Сууга кулду кошуп кайнатса сонун болуп агарат.
+2
uli1234
2019-06-26 22:25:47
Чайнекти суусу жок плитага койуп койсо кызыганда жарылып жарылып чыгып кетет озу эле
+1
tynara81
2019-06-26 23:44:16
Чайнектегин тазалоо оңой. Электро чайниктерди тазалоо кыйын. Суунун литрин көрсөтүп туруучу жери кетпей кыйнап жатат.
0
Kroxa
2019-06-28 08:21:06
Биздин Караколдун Айылдын сууларынан Чайнектерде андай балээ жок таптаза...Бишкекке барсак эле бутту кебер суусу менен чайнектерди коробуз.. хлорду коп кошушат менимче...
+1
pero5184
2019-06-30 23:15:26
Рахмат мындан аары тез-тез тазалайм
0
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан