16-июнь күнү футбол боюнча өлкө чемпиондугу – Кыргыз Премьер-лигасынын 10-турдук оюндары орун алды. Анда Бишкек шаарында "Алга" Оштун "Алай" командасын кабыл алып, 0:1 эсебинде жеңилүүгө дуушар болду. Бул оюнда үч кызыл айып кагазы көрсөтүлдү.
Кантта "Академия-Лидер" өз талаасында "Абдыш-Атадан" 1:2 эсебинде жеңилсе, "Кара-Балта" – "Нефтчи" беттеши 1:1 эсебинде жыйынтыкталды. "Дордой" клубу АФК Кубогунун тайпалык баскычында ойнойт, андыктан бул турдун беттеши кийинкиге жылдырылган.
Жыйынтыгында "Алай" клубу 25 упай менен чемпиондуктун сап башына жайгашса, "Дордой" 22 упай менен 2-орунда. Ал эми "Кара-Балта" жана "Академия Лидер" 7-8-орундарда келе жатат.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg