Кыргыз кыздарынын сүйүктүү “Сема” тобу буга чейин “Махабат ыры”, “Ой тобо” аттуу эки ырына клип тартып, көрөрмандарга сунуштаган болчу. Жакында эле элге тартууланып, жаштар арасында популярдуулукка жетише баштаган “Кызганба” аттуу ырына тартылган жаңы клип көрөрмандардын арасында кызыгууну жаратууда. Эмесе, бул клип тууралуу Сема өзү айтып берсин.
– Сема, жаңы тартылган бул клибиңдин мазмуну тууралуу кыскача айтып берсең?
– Учурда кайгылуу окуяны чагылдырган клиптер көп тартылып жатат эмеспи. А биз болсок тескерисинче, элге күлкү тартуулоо максатында “Кызганба” деген ырыма тамашалуу клип тартууну туура көрдүк. Клиптеги окуянын баары Жанарбектин түшү болуп сүрөттөлөт. Түшүндө Жанарбек бир кызды жетелеп баратып эле өбөйүн десе, башка кыз, паркта отургучта сулуу кыз менен отуруп, кучактайын десе карыган кемпир болуп калат. Ошондой эле клипте Жанарбекти да, мени да кыздар кууган жери бар. Экөөбүз эки жактан качып келип, бир жерден жолугуп калып, кыздардын курчоосунда калабыз. Анан “сени да кыздар кууп жүрүшөбү?” дегенсип бири-бирибизди таңкалып карайбыз. Ошол курчап алган кыздардын бирөөсү Жанарбекти өбөйүн дегенде мен: “Тур, жумушка жөнө” деп ойготуп жиберем. Ошол жерден клип аяктайт. – Клипке канча кыз катышты эле?
– Бул клиптин сценарийин белгилүү клипмейкерлер Мырзабек менен Бекбол жазган. Кастингден 277 кыз өткөн. Жалпысынан алганда, клипке 200 кыз катышты, алардын ичинен 30 кыз негизги каармандын ролун ойношту.
– Кайсы жерде, канча убакытта клип тартылып бүттү?
– Бишкек шаарынын Жал кичирайонунда, Түштүк дарбаза тарапта, Жеңиш аянтында жана Бизнес борборунда тартылды. Тынбай 3 күндө тартып бүттүк.
– Канча каражат сарптадыңар?
– 600 долларды режиссёрго бердим. Андан тышкары, автокранга 10 миң төлөдүм. Түшкү тамакка ар бир кызга бирден сэндвич, фанта алганда эле бир күндө 6 миң сомдон ашык акча кетип калып жатты. Ал эми кечинде 50-60 адам кафеден тамактанып жаттык. Кыскасы, баш-аягы 2 миң доллардан ашык кетти.
– Клип тартып жаткан кездеги кызыктуу окуялардан айтып берсең?
– Клиптин өзү кызык болуп жатпайбы, ошондуктан, клип тартылып баштагандан бүткөнгө чейин кызыктуу окуяларга туш болуп жаттык. Кыздар чуркап баратып томолонуп кетип жатышты. Бир кыз чуркап баратып жыгылып кетип, шымы жыртылып калып атпайбы, мен ал кызга шым сатып бермей болдум. Бизди бири-биринен кызганып урушуп кеткендер же бири-бири менен таанышып, дос болуп калгандары да болбой койгон жок. Кыздар күнүгө эртең менен саат 9 да кечикпей жумушка келген сыяктуу келип калышат. Кыскасы, бул клипти көргөн 7 адамдын 5өө сөзсүз күлөт болуш керек.
– Клип тартууда сага кыйынчылык туудурган учурлар болдубу?
– Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Айрыкча, көп киши менен клип тартуу аябай эле жоопкерчиликти талап кылат экен. Кыздарды тартыла турган жерге ташыган аябай кыйынга турду. Жалдан Түштүк дарбазага алып келиш үчүн 8-9 жолу каттап жаттык. Кыйналганда экинчи клип тарткым келбей калган. Көрүүчүлөрдөн жакшы сын-пикирлерди уккандан кийин эмгегибиз текке кетпептир деп ойлоп калдым. Режиссёрлор “сенин клибиңден көрө бир кино таркан оңой болчу” деп айтышты.
Даярдаган Замира Рахманбердиева