КЫЗСАЙКАЛ КАБЫЛОВА, ырчы: “ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ АЖЫРАШТЫК”

Мындан эки жыл мурун ырчы, куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы ырчы Кызсайкал 17 жашында Эрнис Айдаралиев аттуу жигитке турмушка чыккан. Түгөйлөр кыздуу болгондо “ажырашты” деген кептер чыгып, бирок бүгүнкү күнгө чейин Эрнис да, Кызсайкал да жеке жашоосун ачыкташкан эмес. Ырчы “сиздер аркылуу жеке жашоом тууралуу кептерге чекит койгум келди. Биздин ажырашканыбыз чындык” деп агынан жарылып маек берди.


– Кызсайкал, кандайсың? Турмушка чыкканда “мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат. Жолдошум каршы болсо ырдабайм” деп айткан элең. Бирок акыркы кезде кайра ыр жаздырып, чыгармачылыкка кириштиң. Буга эмне себеп болду?

– Саламатсыздарбы? Турмушка чыкканыма байланыштуу чыгармачылыктан алыстап кеткенимди баары билсе керек. Азыр жашоомдун жаңы барактарын ачып, жаңы дем менен Мажит байкем экөөбүз чыгармачылыкка кириштик. Жакын арада биздин жаңы ыр, клиптерибизге күбө болосуздар.

– Сулуулук салон иштетесиң, дүкөн ачыптырсың. Канча жашыңдан өз алдынча иш баштагансың?

– Өспүрүм куракта сулуулук тармагында окуп, бир жыл иштедим. Кийинчерээк ата-эне, бир туугандарымдын колдоосу менен сулуулук салонун ачтым. Албетте, башында иштин көзүн тапканча кыйынчылыктар болду, көп жер котордум. Акыры такшалдым окшойт, туруктуу жерге орноштук. Кудайга шүгүр, ишибиз өз жолуна түшүп калды.

– Ал эми үй-бүлөңчү? Акыркы кезде жолдошуң Эрнис экөөңдү ажырашты деп угуп жатабыз. Бул чынбы?

– Ооба, жолдошум экөөбүз бир жыл мурун ажырашканбыз. Бир жыл бою жарашабыз-ажырашабыз деп жүрүп, акыры мамилебизге чекит койдук. Интернетте бизди “ажырашты-жарашты” деп талкуу кылгандар көп. Андыктан сиздердин гезит аркылуу ажырашканыбызды тастыктап коюуну туура көрдүм.

– Экөөңөр кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштуңар эле. Бул дагы бири-бириңерди билүүгө аздык кылдыбы?

– Ооба, биз бир жылдай сүйлөшүп баш кошконбуз. Эрнис жакшы адам, ал тууралуу жаман айткым келбейт. Болгону биз эки башка адам экенбиз, мүнөзүбүз келишпей калды. Албетте, катачылык бир жактан кетти дебейм. Ажырашканыбызга экөөбүз тең күнөөлүүбүз.

– Ажырашууну аялзаты оор кабыл алат, андан ары жашоосун улантуусу кыйын дешет. Сен абалдан кантип чыктың? Дегеле чыга алдыңбы?

– Чынында, бир жылдай депрессияда жүрдүм. Санаадан улам ооруканага жаттым. Кызымды колума алганга алым келбей калган учурлар болду. Жолдошумсуз жашай албайм деп ыйладым, жашоо токтоп калчудай сезилди. Бирок жашоо улана берет тура. Кээде аялзаты депрессия үчүн жаралганбы деп ойлоп кетем. Менин социалдык тармактагы баракчама катталгандар ошол кезде жан дүйнөмдө кандай төңкөрүш болуп жатканын билип калышса керек. Анткени ошол учурда сырдашканым социалдык тармак болуп калды.

Өзүмдү колго алып, жаңы жашоого кадам таштаганыма аз эле болду. Оор кырдаалда апам, курбуларым жардамга келип, колдошту. Мурун кичине нерсени жүрөгүмө жакын кабыл алып ыйлай берсем, азыр баарын таразалап, туура кабыл алып калдым.

– Таарынышып жүргөн бир жыл ичинде үй-бүлөнү сактап калыш үчүн аракет кылдыңарбы?

– Албетте, экөөбүз тең колубуздан келишинче аракет кылдык. Бирок канча ыйлап-сыктабайлы, аракет кылбайлы, маңдайга жазганы болот экен. Муну мага берилген сыноо катары кабыл алдым.

– Эрнистин Инстаграм баракчасынан башка кыз менен түшкөн сүрөттөрүн көрүп калдык. Аны үйлөндү деп да уктук. Муну сен кандай кабыл алдың?

– Бир кездеги ыйлаак, кызганчаак Сайкал азыр өзгөрдү. Азыр чын жүрөктөн Эрниске бакыт каалайм (авт.: Сайкал андан ары сөзүн уланта албай ыйлап жиберди). Ооба, мага оор болушу мүмкүн. Бирок кандай оор болбосун, сыноону жеңүү аялдын өзүнөн көз каранды экен. Мындай сыноону жеңгенге мага кызым да чоң жардам берди. Ал мага жаңы жашоого дем берди, кызым үчүн күчтүү болушум керек дедим. Кызымды көргөндө бардык маселемди унутуп коём. Аялзаты миң жолу күчтүү болом десе деле жүрөгү назик болот тура. Мен 5 эркектин арасында өстүм. Мүнөзүм эркектей, күчтүүмүн дегеним менен, баары бир көңүлүм назик экен. Менин абалымды туура түшүнүп, колдоо көрсөткөн бир туугандарыма рахмат. Алардын жардамы менен күчтүү Кызсайкалга айландым.

– Кызыңа өзүңдүн фамилияңды бериптирсиң. Күбөлүгүн кайра жасаттыңарбы же башынан эле сенин фамилияңда беле?

– Эрнис мени ала качып үйлөнгөн, аны билсеңиздер керек. Расмий түрдө никеге катталайын дегенибизде документ жактан маселе жаралып калды. Кийинчерээк таарынышып жүрдүк, ошону менен расмий катталбай калдык. Бир жылдай кызым документи жок жүрдү. Балким, Эрнис өзүнүн фамилиясына өткөрүп алар деп күткөм. Атасына күбөлүк алалы деп көп жолу сунуштадым, бирок оюм ишке ашкан жок. Жакында кызым экөөбүз чет өлкөгө чыкмакпыз, ошон үчүн ата-энем менен кеңешип, өзүмдүн фамилияма өткөрүп алдым.

– Сени турмушка чыкканда “эрте күйөөгө тийди” дегендер болду. Турмушуң бузулганда бул нерсеге өкүнгөн жоксуңбу?

– Өкүнбөйм. Балким, кыздуу болбосом өкүнмөкмүн. Кээде “эгер ушундай кызым болорун билгенде 10 жашта деле турмушка чыкмакмын” деп күлүп калам. Буга чейин кызым жок кантип жашап жүргөм, билбейм. Артка кайрылганда жашооңду өзгөртмөксүңбү деп сурашса, өзгөртмөк эмесмин деп жооп бермекмин.

– “Кызыма ким тийишсе ордуна коём” деген таризде билдирүү жазып каласың. Бул ойлор эмнеден улам чыгат?

– Бала кезден мага ким тийишсе, аларды ордуна коюп көнгөм. Буга чейин кызыма тийиштүү жагымсыз сөздөрдү угуп калгам. Ошондуктан билдирүү жазгам. Чын эле, эгер кызыма ким тийишсе, ордуна коюп коём. Бул маекти тиешелүү адамдар окуп, түшүнөт деп ойлойм. Ошондой эле гезит аркылуу жакындарымдан, элимден суранат элем, мен тууралуу эмне десеңер дегиле, бирок кызым жөнүндө жаман сөз айтпагыла. Анткени ал наристе, анда эч күнөө жок.

Акыркы учурда мага “ажырашып жатам”, “мени күйөөм таштап кетти, кайын журтум кемсинтти, кеңеш бериңизчи” деп жазгандар көп. Менин эркектерге айтарым, бир үй-бүлөнүн жоопкерчилигин алып жаткан соң жоопкерчиликтүү болгула, ал эми аялзаты көтөрүмдүү болгула демекчимин. Менимче, жаңы баш кошкондо 2-3 жылга чейин жаштардын ортосунда түшүнбөстүктөр болот. Ошого чыдап коюшса, үй-бүлөсү туруктуу болот деп ойлойм.

– Маегиңе рахмат!

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кызсайкал Кабылова: "Жолдошум экөөбүз ажыраштык"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
Jadyrashka
2019-06-24 12:46:06
Тар өтүктү тандабастан кийгендей
Таптым мен да бир катадан миң азап

Ден ушул да
+7
aydinnur
2019-06-24 13:14:12
Жашоо өзүңдүкү карындашым, кайгырба..Эркекпи,кызбы жок дегенде жашоосунун жартысын өзү каалагандай жашап өтүш керек го... Анын үстүнө жаш үйлөнгөндүн арты көпчүлүк учурда ажырашуу менен бүтөт, азыр деле кенедей эле кыз экенсиң,өзүңө татыктуу бирөө чыгаар.. Ийгилик!
+6
Aiymkunumjyldyzym
2019-06-24 13:46:36
Биз ар кайсыны жаза беребиз.Кудай сактасын башыбызга эмне келеерин билбейбиз.Озундун апа болгонун жана апандын болгону кандай жакшы жан дуйнондун оорусун тен болушуп колдоп турган.Башка нерсеге кайгырсан да ушул нерсеге суйун демекмин.Апанын караанына колокосуно зар болуп журобуз.
+4
mela
2019-06-24 14:39:08
Куйоосу «абийиринди жапкам»-деп жазды го....Сен Аны пайдаланган окшойсун...Ага чейин Эрнистти жаман коруп аткам, ответственность жок экен деп....Бул билдируудон кийин ...Башкача
-16
Skarlett-Skarlett
2019-06-24 16:28:55
Бактылуу бол,куйоосу ХХХХ озу.Кызсайкалдын байкелери деле жакшы адамдар го,ата-энеси.
0
MEN95
2019-06-24 19:03:40
Кызсайкал сабрдуу бол.эрнис сени ойлобосда кызын ойлогондо сени менен ажырашмак эмес эле. эрнис бети жылтырак ХХХХХ.башка аял алсан деле кыз сайкалдыкындай эле дене мучо болот.башканыкы башкача болбойт. ойлонсон боло
+2
Aida05
2019-06-24 19:39:47
Намазынды таштаба келечекте бактылуу бол ак жол тилейм
+5
Aizikou-asanova
2019-06-24 20:35:49
Ийгилик каалайм Кызсайкал,турмуштан чоон сабак алыптырсын.Бул жагына жалан гана бактылуу кундорду кечирип журо бер
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-06-25 01:13:18
Ушундай сонун кызды баркына жетпептир.
-1
Nursbaike
2019-06-25 01:41:40
Кызсайкал билем бул комменттерди окуйсун Кучтуу бол сыноо дуйнодо
+3
aiba_00
2019-06-25 09:08:26
Кызсайкал жаш болуп Эрнисти катуу суйсо керек 16 га чыгаары мн турмушка чыгып кеткенине караганда, эрден жыргачудай болуп эрте тийгендин бир жаман жагы ушу да.Бирок экоонун ата-энелери деле акыл айтып экоону элдештирип койсо болмок, бул экоо жаш да коп нерсени тушуно элек.Кызсайкал дагы деле катту депрецияда жургондой, кулуп элге билгизбейин дегени мн ичинде каттуу окунуп ыйлап журот менимче, ажырашкан ото оор эркеке да аялга да Эрнис деле жыргап атат дейсинерби ал деле ичинен сызып журсо кере
+6
zinagull1996
2019-06-25 10:35:45
Эрнис акылы жок бала экен. Ушундай кызды айып кылып. Эрнис турмуштан коп тушунугу жок турмуш куруп алды.
Эмне дейбиз.кызсайкал ото акылдуу кыз. Сен али жашсын бактылуу болосун созсуз.
Эрни акылы жок экен. Ушундай кфзды колдон чыгарды
+3
SerDastanKanjarson
2019-06-25 20:13:25
Бактылуу бол
+2
Ziregim
2019-06-26 15:55:54
Катуу суйуптур куйоосун алтышкам ай ал от ото жаман ич ичинден куйгузуп тутой берет, ал отту эч качан очурууго мумкун эмес
+5
Deniza88
2019-06-27 13:34:22
ар ким оз иши бирок 17 жашында эрге тийип ХХХХХ барбы , 17 жашта ХХХХ
+5
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан