Жамалдин Мусаев, волейболчу: «ВОЛЕЙБОЛДОН, ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКАДАН ДА УЛУТТУК КУРАМА КОМАНДАГА МҮЧӨ БОЛГОМ»

Кыргыз волейболундагы аты алыска таанылган оюнчулардын бири Жамалдин Мусаев EREM командасы менен быйылкы жылдын өлкө чемпиону болду. Өз командасын чемпиондукка жеткирүүгө салым кошкон спортчу улуттук курама команданын көзгө басар волейболчусу болуп саналат.

Жамалдин Мусаев

Туулган жылы – 1992-жыл, 9-май

Туулган жери – Баткен району, Самаркандек айылы

Билими – Жогорку

Бою – 180 сантиметр

Салмагы – 80 килограмм

Ойногон клубу – EREM

Амплуасы – Байланыштыруучу

Жетишкендиктери – Волейбол боюнча
3 жолку өлкө чемпиону, 2017-жылдын мыкты волейболчусу. Улуттук курама команданын волейболчусу

Машыктыруучулары – Саитбуркан Эгембердиев, Исмат Амиров

Үй-бүлөлүү


– Салам, Жамалдин. Быйылкы жылы дагы EREM командасы чемпиондукту эч кимге берген жок. Жеңиштин сыры эмнеде деп ойлойсуң?

– Салам. Командабыз быйылкы жылы өлкө чемпиондугун жеңип алды. Бирок атаандаштык ички чемпиондукта абдан эле күчтүү болууда. Жеңиштин сыры деп командадагы ынтымакты айтат элем. Анткени паркетте алты адам болсо бир организмдей кыймылдайбыз. Бирибиз топко жетпей баратсак, экинчибиз тосуп дегендей. Ар бир оюнду машыктыруучу менен талдайбыз. Утулуп калганда эмне үчүн утулдук, кайсы жактан алсыз болдук деп, машыгууларда ошол нерселерди жасайбыз. Команда менен биримдикте, чогуу ойноп, чогуу эс алабыз. Бири-бирибиз менен байланыштабыз. Бир нанды бөлүшүп жейбиз деп айтып коюшат го. Биздин команда так ошондой.

– EREM командасына кантип кошулуп калдың?

– Команда 2016-жылы жаңы түзүлсө керек эле. Ошондо бул командага агаларым аркылуу кошулуп калгам. Негизи бул командага “Улуттук гвардия” деген команданын көпчүлүк курамы кирген. Мен анда “Улуттук гвардияда” ойноп жүргөн кезим болчу.

– "Жылдын мыкты волейболчусу" наамын алганда толкундоолор болдубу?

– Мен командама ыраазычылык билдирем. Анткени паркетте өзүң жалгыз эч ийгилик жарата албайсың. Ар бир оюнда күйөрмандар залга батпай, сүрөөнгө алышат. Эл таразалап, эл өзү сынчы болот эмеспи.

– Волейболго кандайча келип калдың эле? Спортко таштаган алгачкы кадамдарың тууралуу айтып берсең?

– Мен Баткен районунун Самаркандек айылындагы мектепте окудум. 8-класска чейин бизди спорт залына киргизишчү деле эмес. Ал жакта жогорку класстын окуучулары гана ойночу. Жогорку класста окуп жатканда боюм кыска эле, бирок мектептин машыктыруучусу Саидбуркан Эгембердиев командага кабыл алды. 10-класста облустук мелдеште жеңилип калдык. Ошондо машыктыруучубузга кийинки жылы республикалык мелдешке чейин жетебиз дедик. Бул сөздөр машыктыруучубузга абдан жакты.

Кийинки жылы райондук, облустук, андан кийин республикалык мелдешти да жеңип алдык. Ал кездери биз жакта Орусияга барып иштеп келүү модага айланган. Мен да ойлонуп калдым. Бирок окууну бүткөндөн кийин 5 жогорку окуу жайдан чакыруу түштү. Апам "сен окуйсуң" деди, ошентип Бишкекке келип, КМТУда окуп калдым.

– Борборго келгенде айылдагы волейбол менен салыштыруу болдубу?

– Албетте, айырмасы чоң болду. Волейболдун деңгээли башка экени сезилди. Чабуулдагы оюн, оюнчулардын физикалык даярдыктары, бой башкы ролду ойноорун көрдүм. Алгачкы жылдары машыктыруучум “Улар” деген кыздардын командасынын машыгууларына кошуп койчу. “Кыздардын соккусун тосо албасаң, кантип ойнойсуң?” дечү. Спорт залдын ачкычтарын мага табыштайт эле. Залды тазалайм, топторду иретке келтирем. Алгач кыздардын машыгуулары башталат, алар менен чогуу машыгам. Андан кийин ардагер оюнчулардын машыгуулары башталат, ал жакка да кошулуп ойнойм. Алардын оюндарына катышып жүрүп өстүм деп айта алам. Окуудан тышкары бардык убактым спорт залда өттү.

Башында чабуулга чыкканды жактырат элем. Машыктыруучум мени байланыштыруучу кылууга үйрөттү. Мен болбой эле чабуулга чыгып кеткенде "мени ук, кийин мага рахмат айтасың" деп калчу. Азыр болсо паркетте универсал болуп калдым.

Боюм 170 сантиметр эле, машыгуулардын жыйынтыгы менен 10 сантиметрге өстү. Бара-бара оюнчу катары өлкө чемпиондуктарына акырындап катыша баштадым. Башында запастагы оюнчу катары, кийинчерээк негизги курамга чыга баштадым.
ИИМдин командасында, “Улуттук Гвардия”, “Алай-Датка” командаларында ойнодум.

– Сенин жеңил атлетика менен дагы машыгарыңды билебиз. Кандайча аралашып калдың эле?

– Бир жолу машыгуулардын биринде жеңил атлетчилер да чуркап жатышыптыр. Алардын машыктыруучусу мени байкап калган окшойт, "келип чуркап көр" деп сунуштап калды. Ошол сунуш түшкөндөн бир жылдан кийин бардым. Алгачкы мелдеште 60 метр аралыкта бардыгынан биринчи келдим. Жеңил атлетчилер чуркоого ылайык атайын бут кийим менен болсо, мен кадимки ботас менен чуркагам. Ошентип жеңил атлетикага аралашып калдым. 100-200 метрлик кыска аралыктарга чуркайм. Машыктыруучуга волейболдон бош убактымда чуркап турарымды айттым.

– Ошондо сага жеңил атлетика менен волейболдун кайсынысы жакын?

– Чуркоо боюнча бир нече жолу Борбор Азиянын жеңүүчүсү болдум. Улуттук курама командага чакыруу алдым. 2015-жылы жеңил атлетикадан да, волейболдон да улуттук курама командага мүчө болдум. Бул мен үчүн чоң сыймык. Бирок машыктыруучулар “экөөнүн бирин танда” дешти. Жеңил атлетикадан стипендия берилет, волейболдон төлөнбөйт. Мен негизи эки спортко тең жакынмын. Бирок мага “волейболдон келдиң, волейболду эле улант” деп көп айтышат. Волейболго көбүрөөк ыктап калдым, анткени мени көпчүлүк волейболчу катары таанышат.

– Волейбол боюнча улуттук курама команда акыркы жылдары Азияда таанылып калды. Мындан дагы жогорку ийгиликтерге жетүү үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуң?

– Ооба, акыркы жылдары улуттук курама команда Азия континентинде байма-бай оюндарды көргөзүп келүүдө. Кайсы бир командалар менен тең тайлашып ойноп калдык, бирок мындан ары дагы деңгээлди өстүрүү үчүн күчтүү командалар менен ойноп турушубуз керек.

Учурда өлкө чемпиондугунун деңгээли да жылдан-жылга өсүүдө. Салыштырсам, мен жаңыдан чемпиондукка катышып жаткан кезде мынчалык деңгээлде эмес эле. Азыркы учурда бул кадимкидей сезилет. Командалардын күчтүү болушу баары бир каражатка барып такалат. Волейболчулар спорттон тышкары ар кайсы жерлерде иштешет.

– Акыркы убактарда бир катар кыргыз волейболчулары чет өлкөлүк командаларда ойноп келишүүдө. Сага да чакыруулар түштү беле?

– Ооба. Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында жергиликтүү командада эки жума өзүмдү көрсөтүп ойноп келгем. Таиланд, Мальдив аралдарынын клубдарынан чакыруу түшкөн. Бирок шартка байланыштуу сунуштардан баш тартууга туура келди.

– Маегиңе рахмат!

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Samash-87
2019-06-24 12:34:47
Чет өлкөдөн чакыруу келгенде ойлонбостон кетишиң керек эле,Кыргызстандан өспөйсүң дагы 10 жылдан кийин деле ушул эле бойдон каласың.
+1
Komrad
2019-06-24 17:37:21
Samash-87,малдивге э
+1
Dosumbek03
2019-06-24 23:51:07
Алга байке мен сизди колдойм мен дагы Самаркандек айылында жашайм
0
Dinmuhammed
2019-06-26 10:04:00
Азаматсын укам Баткен алга!
0
lightning57
2019-06-26 11:21:06
Жонокойлугу жагат,волейболдо защитасы кучтууго , оюну да соонун

Биздин жогорудагыларга ынсап берип,спортчуларга тузугуроок конул бурулса экен

0
jjjjoy
2019-06-26 16:20:47
"Аксы" курама командасы тууралуу дагы жазгылачы,коп ийгиликтерге жетишип журушчу эле . Команда башчысы мн маек куруп бергилечи ,абдан кызыгам ошол командага.
0
jjjjoy
2019-06-26 16:22:25
Сураныч супер инфоооо
0
admin_portal
2019-06-26 16:59:22
jjjjoy, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
jjjjoy
2019-06-26 21:33:03
Рахмат ,Рахмат ,маалымат кутобуз .
0
Tamara.99
2019-06-30 19:15:38
Жамалга караганда 5 номерде ойногон Нурмухаммед деген жакшы ойнойтго ошол жөнүндө интервию алыңыздарчы Супер-инфо.
0
admin_portal
2019-07-11 14:29:25
Tamara.99, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Tamara.99
2019-06-30 19:16:07
Нурмухаммед Ноокаттан болот
0
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан