16-июнь күнү Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова тун кызы Дарияга жентек той беришти. Тойдо оюн-зоокко көбүрөөк, каалоо-тилектерге аз убакыт бөлүнгөндүктөн, тилек айта тургандар «дүңүнөн» сөзгө чыгып жатышты. Бул ирет биз сахнада, эл алдында болгон расмий иш-чарага эмес, сахна артындагы кызыктарга көбүрөөк көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Блиц-маек
– Нурлан, Асел, бул силердин ата-эне болгондон берки биринчи жакшылыгыңар. Кызыңардын жентек тою кут болсун!
Нурлан: – Чоң рахмат. Асел экөөбүз баш кошкондон бери биринчи жолу той берип жатабыз. Албетте, абдан толкунданып жатабыз. Бүгүн биринчи жолу той бергендеги түйшүктү, жоопкерчиликти сездик. «Коноктор жакшы отурабы, капа болушкан жокпу?» деп сарсанаа болуп жатабыз. Жентек тойго алыс-жакындан келген туугандар, дос-тааныштар, ата-энемдин, Аселдин туугандарын чакырдык. Жалпы 400гө чукул конок келди. Эң башкысы, кызыбызга элдин батасы тийип, кыргыз элинин керегине жараган кыз болсун дейбиз!
– Биз да кошулабыз. Асел, кызыл кийимдериңер тууралуу сурабасам болбос. Эмнеге бул түскө басым жасадыңар?
– Кызга кызыл, күлгүн түс жарашат. Ошондуктан кайсы түскө токтолсок деп отуруп кызылга токтолдук. Анткени кызылды жолдошум да жактырат.
– Рахмат силерге. Бардык каалоо-тилектер орундалсын!
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg