700 миллион доллар чуусу: ДОКУМЕНТТЕР ЖАСАЛМА БЕЛЕ?

«Өлкөдөн чыгарылып кетти» делген 700 миллион доллардын тегерегинде жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда. 15-июнда 5-канал Элнура Алканованын журналисттик иликтөөсүн жарыялады. Анда журналист «Азаттыктын» 29-майда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деген иликтөөсүндө далил катары көрсөтүлгөн документтер жасалма болуп чыкты» деп жарыялады.

ЖАҢЫ ИЛИКТӨӨ ЭМНЕНИ ТАПТЫ?
«Азаттыктын» иликтөөсүндө 2011-2017-жылдары Айэркен Саймаити деген Кытай жараны «Абдыраз» аттуу ишканасы аркылуу Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кеткени, бул акчага бир тууган Матраимовдордун тиешеси болушу мүмкүн экени айтылган. Элнура Алканова бул иликтөөдө жарыяланган документтерди текшерип, анда бир топ дал келбестиктерди тапканын айтып чыкты.
Биринчиси – Саймаитинин акча которуулары деп «Азаттык» көрсөткөн документтерде Саймаитинин атынан коюлган кол. Текшере келгенде аталган кол Саймаитиники эмес, АКШдагы жолбун иттерге кам көргөн Адам Стендфилд аттуу адамдын колу болуп чыкты дейт Алканова. Журналист АКШга Стенфилд иштеген фонддун байланыш телефонуна чалганда чалууга жооп берген айым «Стендфилд азыр бул жерде иштебей калган» деп жооп бергенин иликтөөдөн угууга болот. «Азаттык» көрсөткөн дүмүрчөктөр чын эле жасалмабы?» деген ой кетет. Анда бул кагаздарды ким даярдаган? Бул кагаздарды жасаган адам Саймаитинин колун издегенден эринип, интернеттен эле бир колду көчүрүп алгандай»,- дейт Алканова. Иликтөөдө Саймаитинин өзүнүн колу кандай экенин билүү үчүн ал мурда ээлик кылган «Абдыраз» ишканасынын архивдик документтери каралып, анда Саймаити араб тамгалары жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айрым документтерде көрсөтүлгөндөй кытай иероглифтери менен кол койгону белгилүү болду деп белгиледи иликтөөнүн автору.
Экинчиси – Матраимовдордун фондуна акча которуулар боюнча. «Азаттыктын» иликтөөсүндө Түркиядан Айэркен Саймаити жана анын аялы Вуфулинин атынан Исмаил Матраимов атындагы фондго 3 жыл ичинде 2 миллион 338 миң 700 доллар которулган деп айтылган эле. Алканова иликтөөсүндө бул маалыматты жалганга чыгарды. «Азаттык» жарыялаган документтердин ичинен Исмаил Матраимов атындагы фондго акча которулган деген дүмүрчөктөр жасалма болуп чыкты. Депутат Искендер Матраимов бизге «Халык банктан» алынган маалымкаттын көчүрмөсүн жөнөттү. Ал документте «Халык банкка» Айэркен Саймаити аттуу адамдан Исмаил Матраимов атындагы фондго акча которуу болбогон, Вуфули деген айымдан гана 199 миң доллар которулган деген маалымат бар»,- дейт Алканова.

«АЗАТТЫКТЫН» АЙТКАНЫн АКЫРКЫ ЧЫНДЫК ДЕП КАБЫЛ АЛУУ ТУУРА ЭМЕС
Журналист Алканова «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү күмөн жараткан айрым жагдайларды иликтеп, ачыктоого аракет кылды. Бул аракет «азаттыкчыларга» жакпай, Алкановага каршы «чабуул» баштап жиберишти. 5-каналдын иликтөөсү жарыяланган соң «Азаттыктын» Бишкектеги бюросунун жетекчиси Айзада Касмалиева өзүнүн интернет баракчасына «Акча кимди гана кул кылбайт?.. Ал үчүн чындыкты көргүсү келбей, бирөөнүн күчүгүнө айланып жанын бакканды артык көргөндөр четтен чыгат» деген пост жазды. Буга Алканова «мени жана 5-каналдын жамаатын кемсинтип жаткандарга айтарым, бирөөнү кемсинтүүдөн же айыптоодон мурун өз сөзүңөргө далил тапкыла» деп жооп кайтарды. Коомдук пикир дагы экиге бөлүндү.
«Азаттыктын» айтканы же жарыялап чыкканы, албетте, акыркы же жападан жалгыз чындык эмес. Али Токтакунов сыяктуу эле чындыкты издөөгө, күмөндүү фактыларды өз алдынча иликтөөгө Алканованын, бул экөө сыяктуу бардык журналисттин укугу бар. Иликтөөсүндө «Азаттыктын» катасын таап көрсөтүп койгону үчүн эле аны «акчага сатылып кетти» деп күнөөлөө канчалык туура деген суроо туулат. Алканова өзү да чындык үчүн күрөшүүдө монополия жок экенин, кимдир бирөөнү чындыктын же күрөштүн айныгыс символу деп кабыл алуу туура эместигин эскертти. Убагында эркин журналист Адилет Айтикеев «азыр баягы «Азаттык» жок, радиону Атамбаевдин тушунда Ак үйдүн дүжүр медиасына айлантып салгансыңар» деп медиа жетекчилигин сындап чыкканы бар. Кыскасын айтканда, «Азаттыктын» айтканын акыркы же жалгыз чындык деп эрте бүтүм чыгарбай турган оң. Талаштан тактык жаралган сыңары, чындык да көп тараптуу иликтөөлөрдүн, аргумент, фактыларды салыштыруулардын артынан келип чыгууга тийиш. Эл күткөн чындык артынан олуттуу күмөн саноолорду ээрчитпеши керек.

КООМДУК ПИКИР «ТАЛТАЙГАН» АБАЛДА
«Достукту колдоо үчүн деп «Азаттык» кетирип жаткан орой катачылыктарды көрмөксөн болуп коюуга болбойт». Журналист Алканова «Азаттыкта» иштеп кеткен адам катары кесиптештерине сый мамиледе болуу чакырыктарына ушинтип жооп берди. 5-каналдын жетекчиси Эрнис Кыязов да интернеттеги талкууларга жооп берип жатып кесиптештерин калыс болууга үндөдү. «Иликтөө экс-азаттыкчы Шайырбек Эркин алып барган "Апта сереп" көрсөтүүсүндө обого чыкты. Ал иликтөөнүн орусчасы экс-азаттыкчы Нарын Айып алып барган "Главные итоги" көрсөтүүсүндө эфирге чыгат. Ал эми экс-азаттыкчы Элнура Алканова иликтөөсүн өз демилгеси менен факт-чекинг кылып элге сунууда. АКШ элинин салыгынан айлык алган «Азаттыктын» иликтөөсү Матраимовдорго да, Атамбаевдерге да, башка тараптарга да көз карандысыз болушун силер сыяктуу мен да каалап турам. Ким уурдаса ал ким экенине карабай ачыкталышы кажет, ким калп айтса ал да элге шардана болуш керек, мен ушундай позициядамын»,- деп билдирди. Интернет колдонуучулары болсо эки жээкте талкуу жүргүзүп жатышат. Коомдук пикир да бир жактуу эмес.

ЖУРНАЛИСТТИК ИЛИКТӨӨЛӨР УЛАНАТ
17-июнда Элнура Алканова чуулуу иликтөөлөргө арналган «Апрель» телеканалынын түз эфиринде өз чындыгын айтты. Бул эфирге Али Токтакунов да чакырылып, бирок ал баруудан баш тартты. «Дебат, маекке чакырган кесиптештер, иштейли. Колуңардан келсе Райымбек Матраимовду эфириңерге алып келгиле. Мен ага суроо бериш үчүн барам»,- деди Токтакунов. Ал эми «Азаттык» атайын билдирүү жасап, Алканованын «документтер жасалма» дегенине макул эместигин маалымдады. «Биз бул иликтөөдө пайдаланган документтер анык жана алардын түп нускалары бар. Ушул тапта бизге тийиштүү мамлекеттик органдар кайрылып жатышат жана алар менен кызматташуу, текшерүү иштерине колдогу документтер аркылуу жардам берүү аракетиндебиз. Жарым саатка бардык материалдарды батыруу мүмкүн эмес, калган жагдайларды кийинки иликтөөдө чагылдырып беребиз»,- деп айтылат билдирүүдө. Иликтөөнүн экинчи бөлүгү жарыяланса Алкановага жооп болору түшүнүктүү, анда анын айткандарына каршы кандай аргументтер айтылары кызыгуу жаратууда. «Азаттык» өзүнүн алгачкы иликтөөсүндө колдонгон документтердин жасалма эмес экенин далилдеп берүүгө аракет кылат.

«АЗАТТЫКЧЫ» ДЕПУТАТТАР ҮНСҮЗ ОТУРУШАТ
700 миллион доллар чуусу чыкканына 1 айга чукулдап калды. Бул маселеге көп депутаттар, саясатчылар, эксперттер пикир айтышып, баа берүүгө жетишишти. Ал эми «Азаттыкта» иштеп жүргөндө өздөрүн чындык үчүн күрөшүүчү катары көрсөтүп келишкен журналист-депутаттар Жанар Акаев менен Аида Касымалиеванын бул маселеде үн катпай жатканы көп нерседен кабар берет.
Журналисттик иликтөөлөр бири-бирин толуктап, биринин катасын экинчиси түздөп жүрүп отурганы туура. Ошондо кимдир бирөөлөргө көз каранды эмес, алар каалагандай эмес, накта чындыкты камтыган маалыматты коомго жеткирүүгө жол ачылат.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан