ЮЛИЙ ГУСМАНДЫ ШАХМАТТАН ЖЕҢГЕН СУЛТАЙ ЧЫҢГЫЗ

16-июнда Орусиянын «Баарынан мыкты» («Лучше всех») теледолбооруна дагы бир биздин кичинекей мекендешибиз катышты. 7 жаштагы Султай Чыңгыз аттуу бала шахмат боюнча өнөрүн көрсөтүп, Орусиялык телеалпаруучу Юлий Гусман менен шахмат ойноп, утуп алды. Албетте, бул балага стимул бериш үчүн уюштурулган шоу болушу мүмкүн. Ошентсе да Гусман Султайдын өнөрүнө баа берип, ийгилик каалады. Султайдын апасы Самара Турганбаева менен байланышып, уулунун ийгилиги тууралуу сурадык.

– Самара айым, берүүгө эки жыл мурун катышкан экенсиздер. Ошондон бери эфирге чыгабыз деген үмүт калды беле?
– Султай 2017-жылы Румынияда өткөн окуучулар арасында шахмат боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медалга татыган. Ошондон көп өтпөй Максим Галкиндин «Баарынан мыкты» теледолбооруна катышууга сунуш түшүп, катышып келгенбиз. Келишим боюнча, сүрөт, видеого тартууга мүмкүн болбогондуктан, маалыматты жакындарыбыздан башка эч кимге айткан эмеспиз. Эки жылдан бери күтүп жатып «көрсөтпөй калды го» деп үмүтүбүздү үзүп койгонбуз. 5 күн мурун бизге программанын өкүлү байланышка чыгып, Султайдын видеосу чыгарын айтты. Албетте, абдан кубандык. Азыр уулум 9 жашка чыгып калды, 3-класста окуп жатат.

– Жакшы экен. Балаңыздын шахматка болгон кызыгуусун качан байкадыңыздар эле? Шахматтан тышкары эмнеге кызыгат?
– Султайдын шахматка кызыгуусу 4 жашынан башталды. Атасынын таякелери менен ойногондорун көрүп "мага да үйрөткүлө" деп сурана берчү. Балабыздын кызыгуусун өнүктүрүү үчүн шахмат клубуна бердик. Атасы да күнү-түнү жанында жүрүп үйрөтүп жатты. 4 айдан кийин Бишкектеги шахмат боюнча президенттин кубогуна катышып, күмүш медалга ээ болгон.
Уулубуздун жетишкендиги атасынын чоң эмгеги. Султай мектепте математика сабагынан ар дайым алдыда. Америкада англис тилин жакшы билбесе да, жыл аягындагы тесттерден жакшы жыйынтык көрсөттү.

– Учурда АКШда турат экенсиздер. Жер которууга эмне себеп болду?
– Биз 2018-жылдан бери жолдошумдун жумушуна байланыштуу АКШнын Виржиния штатынын Виенна шаарында жашайбыз. Бул жакка күчтүү гроссмейстерлер бар экенин угуп, уулубуз күчтүү машыктыруучулар менен машыгып, тажрыйба топтосун деп келгенбиз. Азыр Султай жумасына эки жолу машыктыруучу менен шахмат оюнун ойноп, машыгат. Бир айда бир ирет мелдештерге катышып турат. Мелдештер биздикинен такыр башкача өткөрүлөт экен. Ага карабай алдыңкы орундарды камсыздап, бизди кубандырып жатат.

– Маегиңизге рахмат. Ийгилик каалайбыз!


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Jyna
2019-06-26 00:42:19
Ар бир бала ушинтип жакшы ийгиликтерге жетишип ата энелерди сүйүнтүп жүрө беришсин. Келечектери кең бактылуу болушсун ар бир баланы.
0
Jyna
2019-06-26 00:45:18
Бирөөнү сындаганда жамандаганда алдыга чыгабыз ээ. Бул жака бир жакшы камментарий калтырганга жарабапсыңарго. Ушундай жаштарды жок дегенде жылуу сөз м.н колдоп турсак жакшыго. Бир аз болсо да дем күч болот.
+1
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан