МИРБЕК АТАБЕКОВ АТАСЫНЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАП КОНЦЕРТ ӨТКӨРӨТ

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков бала кезинде атасынан айрылган. Жакында ырчы атасынын урматына туулган жеринде концерт уюштурарын айтат.
– Атам кезинде Талас районунда маданият бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген. Өзү да чыгармачылыкка жакын инсан эле. Убакыт билинбей өтүп отуруп, быйыл атамдын арабыздан кеткенине 30 жыл болуптур. Ошондуктан 25-июнь күнү атамдын элесине арнап туулган айылым Жон-Арыкка бекер концерт уюштуруп жатам. Концертке Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, ырчы иним Нурлан Насип баш болгон атактуу ырчылар катышат. Атамдын көзү тирүү болсо быйыл 60 жашка чыкмак,- дейт ырчы.


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ainura220888
2019-06-24 11:05:33
Ииий жаш кеткен экенда 30жашында эле. Жаткан жери жайлуу болсун!
+7
katerina.li
2019-06-24 20:21:19
Мирбек сбитый летчик уже . Атандын элесине куран окут. Концерт койбой
-3
bond02
2019-06-25 11:42:20
Таппаган шылтоосу жок да ырчылардын, мусулмандын элесине арнап качан концерт койчу эле.
0
Jazu90
2019-06-25 12:13:52
Ушу ырчы эч жакпайт, уга турган ыры жок.
-4
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан