Бир бүркүм. УКМКны ОРОЗБЕК ОПУМБАЕВ ЖЕТЕКТЕЙ ТУРГАН БОЛДУ...

  • Жогорку Кеңеште экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев ант берип, кызматка киришти.
  • Мамлекеттик «Манас жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» түзүлүп, Топчубек Тургуналиев президенти болуп дайындалды.
  • Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты. Ага быйыл 43 440 окуучу катышып, алардын 62,2 пайызы босоголук чектен ашык упай алышты.
  • Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Буга чейин ал УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.
  • 2050-жылы Жер шарында калктын саны 9 миллиард 700 миллионго жетет. Ал эми Кыргызстандын калкы 10 миллионго жетиши мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун докладында айтылат.
  • «Дастан» ишканасынын орусиялык «Трактор» компаниясы менен бирге чыгарган айыл чарба техникалары Өзбекстанга экспорттолору маалымдалды.
  • Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата ачылган кылмыш иши токтотулду.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан