18-июнда Бишкекте «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына Лада үлгүсүндөгү 18 автоунаа тапшырылды. Иш-чарага вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жана «Кыргыз почтасынын» башкы директору Марс
Наспеков катышты. Бул унаалар өлкөнүн бардык аймагына почта жөнөтмөлөрүн жеткирүү сапатын жакшыртуу үчүн Дүйнөлүк почта уюму тарабынан берилди.
Вице-премьер Аскаров Кыргыз Республикасы 1993-жылдан тарта Дүйнөлүк почта уюмуна толук кандуу мүчө экендигин айтып өттү.
«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасында 922 көп тармактуу объект иштейт. Анда калкты тейлөө боюнча 363 маалыматтык киоск бар. Мунун баары калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн арзан, бат жана жеткиликтүү жолун камсыз кылууда»,- деди Замирбек Аскаров.
Ал кошумчалагандай, Дүйнөлүк почта уюму «Кыргыз Республикасынын аймагына почта кызматынын сапатын жакшыртуу» долбоорун колдоого алып, 120 миң доллар бөлүп берген. Натыйжада «Кыргыз почтасы» үчүн Лада үлгүсүндөгү 18 унаа сатылып алынган.
Марс Наспеков: «Кыргыз почтасы» Кытайдын Кашкар шаарына чейин барып, жөнөтмөлөрдү жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алган өлкөдөгү жалгыз компания. «Ушул жылдан тартып, «Кыргыз почтасынын» унаалары Кытайдын Кашкар шаарына чейин барууга мүмкүнчүлүк алды. Муну менен Кытайдан буюртма кылынган товарларды жеткирүүнүн мөөнөтү 15-20 күнгө чейин кыскарат»,- дейт.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg