УКМК: «КЫРГЫЗ ТЕМИР ЖОЛУ» БЮДЖЕТКЕ ИРИ ЗЫЯН КЕЛТИРГЕН

«Кыргыз темир жолу» ишканасы 150 вагонду мыйзам бузуу менен сатып алып өлкөгө 69 миллион сом зыян келтирген. Бул тууралуу УКМК билдирди. Аталган ишкана тарабынан 432 миллион сомго 150 даана темир жол вагондорун сатып алуу боюнча сынакта мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталды.
Сынакка катышкан айрым заводдор ар бир вагон үчүн 35 миң доллар сунуштаган. Бирок тендердик комиссия андай сунуштарды четке кагып койгон. Вагондорду 41 миң доллардан сунуштаган компания тендерде жеңүүчү деп табылган. Натыйжада казынага 69 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси – Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.
Эскерте кетсек, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы сөз болуп жаткан вагондорду эки жыл мурун Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан насыяга алган акчага сатып алган.


Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан