18-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын отуруму өттү. Жыйынга экс-мэр Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева катышып, сөз сүйлөдү. Атасы чет өлкөдө экенин, комиссиянын жыйынына атасынын атынан катышып жатканын белгилеп өттү. Андан соң Нариман Түлеевдин катын окуп берди:
«2019-жылы 12-июнда Жогорку Кеңеште депутат Канатбек Исаев Атамбаев президент болгондон кийин мультимиллионер болду деп айтты. Мен Исаевдин сөзүнө толук кошулам. 2011-жылдагы президенттик шайлоо алдында Алмазбек Атамбаев менден 500 миң доллар карызга сураган. Мен ал акчаны карызга бергем. Кийин ал президент болгондон кийин акчаны кайтарып берүүсүн өтүндүм. Ошол учурдан тартып Атамбаевдин мага болгон мамилеси 180 градуска бурулду. Атамбаев 2007 жана 2008-жылдары да карызга акча сураганда бергем. Мунун баары Атамбаевде 2010-жылга чейин азыркыдай материалдык байлыгы жок болгонун далилдейт.
2011-жылы 1-декабрда Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү аземи өтүп, андан 1 ай өткөндөн кийин мага кысым көрсөтүүлөр башталды. Кийин мени каматты».
Эске салсак, 2012-жылы июнь айында Түлеев Бишкектин мэри болуп турган кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деп камакка алынган. 2013-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга эркинен ажыраткан. Түлеев 4 жылдан кийин эркиндикке чыкты. Анын иши эки ирет мунапыска дал келип, Түлеев сот тарабынан коюлган айыпты (келтирилген чыгымды) толугу менен төлөп берген.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg