ЭКС-ЧИНОВНИКТЕР АТАМБАЕВГЕ КАРШЫ КӨРСӨТМӨ БЕРИШҮҮДӨ. КЕЗЕК САЛЯНОВАДАБЫ?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы саналуу күндүн ичинде өз корутундусун чыгарып, корутундуну Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин кароосуна жиберди. Аталган комитет депутаттык комиссиянын тыянагын парламенттин жалпы кароосуна алып чыгууга макулдук берди.
Депутаттык комиссиянын ишинин жүрүшүндө учурда тергөөдө сурак берип жаткан мурдагы аткаминерлер экс-президентке каршы көрсөтмө берип жатышкандыгы белгилүү болду. Мисалы, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени 18-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтылды. Комитет мүчөсү депутат Каныбек Иманалиев учурда камакта отурган Артыкбаев Бишкек ЖЭБине көмүрдү мыйзамсыз ташып жүргөн компания менен Атамбаевдин байланышы бар деп көрсөтмө бергенин билдирди.
Буга чейин мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени тууралуу маалымат чыккан. Атаханов 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн бошотуу боюнча Атамбаевден тапшырма болгонун билдирди деген маалымат айтылды. Бул тууралуу ИИМдин өкүлү Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда маалымдады. Айта кетсек, Атаханов тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, тергөө абагынан чыгарылган. Бирок үй камагына чыгарылган же чыгарылбаганын ИИМ ачыктабай жатат.
"Батукаев абактан мыйзамсыз бошотулган" деген шектен улам иликтөө башталып, бул иштин алкагында 3-июнда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова дагы камакка алынганы белгилүү. 15-июнь күнү Салянова тергөө абагынан Улуттук кардиология борборуна которулду.
Экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу аракети боюнча 18-июнда КСДП маалымат жыйын уюштуруп, парламенттин аракетин сынга алды. КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов Атамбаевге коюлуп жаткан күнөөлөргө эч бир далил жок дейт. «Экс-президент бардык суроолор жана айыптар боюнча жооп берүүгө даяр. Бирок эч кандай расмий чакыруу түшө элек. Журналисттер айыптарды Талант Мамытовдун оозеки айтканынан гана алышты, бирок документти өз көзү менен көрүшкөн жок»,- деди Ниязов.
Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында каралат.


Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан