(Башы өткөн сандарда)
Эмки кезек Шайырды көндүрүш керек. Оо, бул кыз далай киреше алып келет. Жаш, сулуу… Света ушинтип ойлончу экен. Шайыр билген эмес. Ал өзү менен өзү болуп жүрө берди. Түшүнүксүз абалда болчу. Айланасындагы окуялардын баарын телевизордон көрүп жаткандай сырттан карачу. Адамдар ага арманын айттыбы же кубанычын бөлүштүбү айырмасы жок эле. Тек гана окуяны угуп койчу. Андан ары санаа да тартчу эмес, түйшөлчү да эмес.
– Сени эмне жигитиң боюңда кылып таштап кеткенби?- бир күнү Света ушинтти.
– Жок,- Шайыр кайдыгер жооп берди.
– Боюңдагыны ким жасаган анан?
– Эмне?
– Боюңда бар турбайбы?!
– Жок боюмда.
– Жинди го даана. Бери жактан туруп мен байкап жатам го.
– Жок боюмда!- жини келип чыкты.
– Айызың качан келди эле?
Шайыр үндөбөй туруп калды.
– Айтпайсыңбы?
– Айызым кээде 3-4 ай деле келбей калат. Гинеколог кээде ушундай болот деп айткан мага. Мурдатан эле ушундай.
– Эй, жинди! Даана көк мээсиң го!
– Оозуңузга карап сүйлөңүз!- Шайыр бурк этип кекетип койгон.
Азыр ойлонуп көрсө, ал ошондо акылынан азып эле жүргөн окшойт. Эч жакка чыккысы келбей, эч кимге, эч нерсеге ишенгиси келбей, Светанын түнкүсүн эркектер байырлаган батиринен чыкпай жашай берген.
ххх
– Бул кыз соо эмес окшойт. Психикалык оорусу барбы дейм?- бир ирет Света Калипага акырын ушинтип шыбырады.
– Эмнеге?
– Билбейм. Адегенде байкабаптырмын, бирок кызыктай экен. Акыл-эси жайында эмес чынында. Телефонунан ата-энесинин номурун алчы. Чалып алып кеткиле дейли. Мунун балээсине калбайлы! Чын эле оорулуу бул! Ачыктан-ачык көрүнүп турган нерселерди моюнуна албайт экен. “Боюңда бар экен” деп какшап жатам, мени кайра жаман көрөт.
– Бул ушу зордукталган окшойт! Эптеп ошону унутайын деп жүрүп акылы тайып кеткенби дейм… Эмнеси болсо да ата-энесине чалалы!
ххх
Капыстан эле каалганы кимдир бирөөлөр каккылады.
– Шайыр, эшикти ач. Ким экен?- Света уктоочу бөлмөдөн үн салды.
Баягы Светанын үйүн байырлагандардын бири болсо керек деп бейкапар эшикти ачкан Шайыр бет алдынан апасын көрүп чочуп кетти.
– Апа?
Үн-сөзсүз саамга карап туруп: «Кийин. Айылга кетебиз» деди апасы учурашпай эле.
– Сиз кантип таап алдыңыз?
– Ал маанилүү эмес.
– Мен азыр бара албайм, апа! Үйдөн кысылып чыдабай калганда кеткем. Кайра төрт дубалды тиктеп, атам экөөңөрдүн үңүрөйгөн кебетеңерди көргүм келбейт!
– Кызым, кетпесек болбойт! Боюңдагыны алдырабыз… Анан кетебиз!
– Эмнени айтып жатасыз? Боюмда жок менин!
– Кызым! Мен баарын билем. Кеч боло электе алдырып салалы!
– Боюмда жок дейм менин!- эшикти кайра тарс эттире жаап бекитип салды.
Калипа буларды тыңшап туруптур.
– Шайыр, кетишиң керек!
– Апамды сиз чакырыптырсыз да…
– Ооба, мен. Боюңда бар экени көрүнүп эле турат. Кет. Апаңды атайын чакырдым.
– Эшек экенсиз!- жинденип барып кийимдерин чогултуп баштады. Сумкасын көтөрүп келип каалганы ачса, апасы дубалга жөлөнүп отуруп алып ыйлап жатыптыр.
– Кеттик,- деди Шайыр кайдыгер гана.
ххх
– Ооруканага баралыбы?- апасы бир нерседен чочулагандай сураган.
– Барбайбыз!
– Ботом, кызым, анан…
– Барбайбыз дейм! Боюмда жок менин!
– Бирок…
– Болдучу, апа! Кеттик айылга!
– Жинди болбо! Сен төрөп алып…
– Төрөйм мен, ооба! Төрөйм! Ушинтип чечтим!
Апасы басып бараткан жеринде токтоп калды селейип.
– Эмне дейт?
– Төрөйм… Боюмда бар болсо, демек, төрөйм.
– Эй, ал деген…
– Апа! Деги сага эмне кылсам жагам? Токтотчу наалыганды!
– Ал деген тигил көк мээнин баласы болот да.
– Меники болот! Менин канымдан жаралганы жатпайбы?
– Болбойт, Шайыр!
– Болот сопсонун!- Шайыр атайылап апасына өчөшүп туруп алды. Аны артынан издеп келгени жаккан жок.
ххх
– Төрөйм десе төрөсүн! Бала кылып алабыз. Талаада калмак беле?- чебелектеген апасына атасы ушинтип жооп айтты. Шайыр аркы бөлмөдөн баарын дапдаана укту. Бирок кыздын төрөйүн деген ниети жок болчу. Ал жөн гана өчөшүп жатты.
Ортодо дагы эки айды ар кимди кекетип, болгон ит кыялынын баарын көрсөтүп отуруп өткөрдү. Анан качан гана курсагы чыгып калганда айласы кете түштү. Төрөйм деп ызылдап ооруканага аборт жасатууга барбай койгон өзү. Эми кантет?
Дары-дармек салынган кутудагы дарылар эсине түштү. Дары ичип бойдон түшүрүп койсо болот деп уккан. Күнүнө 5 даанадан ар кайсы дарыны ичип баштады. Курсагындагы али төрөлө элек чүрпөнү кыйнап, Султан менен Анарбектен өч алып жаткандай табасы канып жатты. Кантсе да ошолордун каны, бул да кыйнала түшсүн деди ичинен.
ххх
– А-ай!- түндө бакырып ойгонгон Шайырдын үнүн угуп ата-энесинин үрөйү учту.
– Кудай сакта, эмне болду?
– Билбейм! Ичим… Ай!
Райондогу ооруканага алып жөнөштү.
– Толгоосу башталган бейм? Бул 7 айлык кылып эле төрөйт окшойт!- рулдагы атасына апасы чебелектеп кыйкырды.
Айткандай эле болду. Шайыр 7 айлык наристени жарык дүйнөгө алып келди. Бирок баласынын абалы жакшы эмес экен. Чарчап калат го дешти дарыгерлер.
ххх
Жашоону али көрө элек жан да жашагысы келет экен. Наристе жашап кеткенге катуу жан талашты. Кандайдыр бир белгисиз күч жан алакетке түшүп жаткан ошол наристени колдой берди.
– Жүрөгү жакшы эмес. Бирок… Ушунчалык чыдамкай. Жашап кетиши да мүмкүн,- таң калганын жашырбаган дарыгер ушинтип айткан эле. Небересин колуна биринчи жолу алган Шайырдын атасы наристенин өмүрү үчүн күрөшүүгө даяр болчу. Балада эмне күнөө? Мында айып жок деп чечкен атасы.
ххх
Бала бакырып ыйлап баратты. Дээрлик төрөлгөндөн бери ал ооруканадан алыстай элек болчу. Дарыгерлер дайыма көзөмөлдөп турушту. Азыр унаада бараткан үчөө алаканга эле баткан бул наристе эмнени каалап жатканын же ооруп жатканын билбей, жардам бере алышпай шайлары ооду.
– Эмизет окшойсуң?- апасы Шайырды тиктеди. Шайыр бул кезде баланы жек көрүп карап бараткан.
– Эмизгенде деле эч нерсе чыкпайт.
– Кой антпе, эмиз. Балага кичине мээрим төксөң... Сүт да келет.
– Бул эме албайт үлбүрөп. Врачтар жашап кетиши мүмкүн деп айтпадыбы, түшүнөсүңөрбү? Мүмкүн деп жатат. Бул деген адам болбойт деген эле сөз!
– Кызым, токтот! Жетишет! Балада эмне күнөө?- атасы чыдабай кетти.
– Төрөйм деген өзүңсүң!- апасы да жинденди.
– Бул адам болбойт!- Шайыр бакырып жиберди. Ал тажаган болчу. Баарынан… Ооруканада баласы боздой берип чарчаткан. Түмөн түрлүү ойлор башын жарып чыгып кетчүдөй. Топтолгон көкүрөктөгү кек, алдыдагы туңгуюк. Булардын баарынан өлүп эле кутулбаса…
ххх
– Биз аны Бишкекке дарылатууга алып барабыз. Бул жашап кетсе, көрөсүң, сага эле медер болот!- атасы үйдөн кызына колдоо сөзүн айтты.
– Ата?
– Бул деген бала. Сенин каның, менин каным… Мына, мен эле бала кылып алам. Ансыз да фамилиямды алды. Сени түшүнүп турам… Бирок ал төрөлдү. Эми биз жоопкерчиликти алдык. Сен жалгыз эмессиң, кызым. Мен турам. Апаң турат…
– Уф…- кыз баарынан тажагандай үшкүрүп койду. Эмне кылсаңар ошол кылгылачы деди ичинен. Кайрадан кеткиси келип чыкты ушул үйдөн. Бирок кайда барат? Света менен Калипага барса кантет? Кантип жетсе экен аларга? Атасы бир нерселерди сүйлөп жатты. Шайыр болсо мелтиреп гана ойлуу карайт. Ал кетүүнүн амалын издеп жаткан...
(Уландысы кийинки санда)