Сизди 24 саат бою сапаттуу байланыш, ылдам интернет менен камсыздап келе жаткан «Мегаком» компаниясын учурда 30 жаштагы жигит жетектейт. Ал парламенттин экс-депутаты, ишкер Акылбек Жамангулов. "Саясаттан алыстап, чарбалык ишке баш отум менен кирдим" дейт ал. Калганы маекте.
МАЕКТЕШТИН...
Туулган жери – Кемин району
Туулган жылы – 1988-жыл, 24-октябрь
Үй-бүлөлүк абалы – үч баланын атасы
Хоббиси – ат минүү
Өкүнгөнү – өлкөнү бутка тургуза турган жаштардын чет өлкөгө кетип жатканы
– Акылбек мырза, депутат кезиңизде «Мегакомдун» башкаруучу командасын, алардын жогорку айлыктарын сындап жүрчүсүз. Директор болуп келгениңизге жарым жылдан ашып баратат. Компанияга кандай жаңылык киргизип, эмне өзгөрүү жасай алдыңыз?
– Депутат сын айтканды гана эмес, маселени кантип чечүү жолдорун сунуштаганды да билиши керек. Тагдыр буюруптур, өкмөттөн, президент тараптан сунуш түшүп, «Мегаком» компаниясына жетекчи болуп дайындалып калдым. Акыркы 4-5 жылда компаниянын абалы өтө начарлап кеткен эле. Биринчиден, рынокто бүгүн атаандаштык абдан күчтүү. Экинчиден, компания тапкан каражат дивиденд катары бүт бойдон өкмөткө төлөнүп, компанияны өнүктүрүүгө акча жумшалбай калган. Бул тоскоолдуктарды жоюп, абоненттик базаны кеңейтүү үстүндө чоң иштерди жасап жатабыз. Мисалы, соңку 4 айдын жыйынтыгын алганда таза киреше 14 пайызга көбөйдү. Абоненттик базаны 10 пайызга көтөрдүк. Жыл аягына чейин кардарларга, кыргыз элине жаңы технология, жаңы долбоорлорду сунуштаганы турабыз. Абоненттерди ыңгайлуу интернет жана байланыш менен камсыздоо жакшырат. Эң ири долбоор – санариптик Кыргызстанга байланыштуу болот. Президент Сооронбай Шарипович айткандай, санариптүү Кыргызстанды түзүүдө «Мегаком» өзүнүн салымын кошот.
– «Мегаком» – бюджетке ири салык төгүүчү мамлекеттик компания. Адистер компания өзүн актабай сатып жибере турганчалык оор абалда эмес деп айтышат. Андай болсо, бул компанияны сатуу аракетинин артында эмне кызыкчылык бар?
– «Мегакомду» сатуу аракетинин артында жеке кызыкчылыктар болгон. Бардык эле бизнеске акча салбай туруп, пайда таппайсың. Мисалы, эртең 15 сом киреше табыш үчүн бүгүн 10 сом кирешеңдин 2 сомун кайра бизнеске салышың керек. Соңку жылдары компаниянын өнүгүүсүнө такыр акча бөлүнбөй калган. Өкмөт тараптан «компания сатылбай, мамлекеттин менчигинде калсын» деген чечим чыккан. Изилдеп көрсөм, улутташтырылгандан бери «Мегаком» бюджетке салык, дивиденд, социалдык төлөмдөр аркылуу 34 миллиард сом киреше бериптир. Бул Кыргызстандын деңгээлинде абдан чоң акча. Бизде “мамлекет башкара албайт” деген түшүнүк бар. Бул туура эмес. Туруктуу иштеген күчтүү менеджерлер болсо компания сөзсүз өзүн көрсөтөт. IT технология келечекте өз натыйжасын көрсөтө турган тармак. Андыктан компанияны сатууга эмес, өнүктүрүүгө күч жумшаганыбыз туура. Быйыл өкмөттөн жакшы жардам болууда, дивиденд төлөөнүн пайыздарын азайтып берди. Эми биз Кыргызстан боюнча техникалык базаны чыңдайлы деп турабыз. Биз жумшап жаткан каражат ошол эле 4G интернетти өлкө боюнча жайылтууга кетет.
– «Мегакомдон» жакынкы аралыкта дагы эмне жаңылык күтсөк болот?
– Сыймыктана турган компанияны күтсөңүздөр болот. IT технология – бул келечек. Өндүрүш, курулуш токтоп калышы мүмкүн. Тамак-аш жана IT технология тармагы токтобойт. Мисалы, азыр үйүңүзгө күрмөңүздү унутуп калсаңыз барбай коё аласыз. Эгер уюлдук телефонуңузду унутуп калсаңыз 1 саат жол жүрүп болсо да барасыз. Анткени бүгүн жашоо телефонго байланып калды. Азыр бизде социалдык тармактарда баарлашуу, байланыш, жазышуу гана. Чынында жаңы технологиялар өнүккөн өлкөдө улуттук телефон – бул баары. Мисалы, Кытайда «We Chat» деген программа бар, бул – виртуалдуу Кытай. Акча төлөө, медициналык консультация алуу, тейлөө кызматтарын пайдалануу, баарын колдогу телефон аркылуу бүтүрсө болот. Бул бизге бүгүн болбосо эртең сөзсүз келе турган долбоор. Мындан тышкары, "MegaPay" тиркемеси аркылуу банк кызматтарын абоненттерге жеткиликтүү кылуу үчүн иштеп жатабыз. Мегаком такси кызматын иштетүү планда бар. Учурда кытайлык компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, буюрса, заманбап смартфондорду Кыргызстанда чогултуучу ишкана ачсак деп турабыз.
– Эми «КТ Мобайл» боюнча... Сиздин аракет менен өкмөт башчы Абылгазиевдин таасирдүү бажасы, анын мамлекеттен ири суммада маяна алган баласы тууралуу маалымат ачыкка чыкты. Душман арттырып алам деп кооптонгон жоксузбу? Өлкөдөгү №2-адамдын аты аталган былыкты чукуу ар кимдин эле колунан келе бербесе керек...
– Окуяны башынан айтып берейин. Мамлекеттик «Кыргызтелеком» ишканасы 27 мегагерц жыштыгын аукционго чыгарат. Биз 345 миллион сомго сунуштама берип, аукциондо жыштыкты утуп алдык. Эрежеге ылайык, бул жыштыкты биз 11 жылга ижарага алып, «КТ Мобайл» компаниясына виртуалдуу оператор түзүп берүүгө милдеттеме алганбыз. Виртуалдуу оператор деген эмне? Бул уюлдук компаниянын бир корпоративи деп түшүнсөк болот. Интернет трафик, байланыш баарын бизден дүңүнөн алып, өзүнүн «Салам» деген брендин, кичине сумма кошуп, элге жаңы бренд менен сатууга чыгармак. Техникалык базасы биздин эле компанияныкы болот деп пландалган. Аукцион өттү, кол коюлган келишимге ылайык, биз каржылоону баштадык. Ортодо «КТ Мобайлдын» жетекчилери, сиз айткан Иманкадыр Рысалиев эрежелерди бузуу менен сунуштарды киргизип, кысым көрсөтө баштады. Талабы виртуалдуу оператор эмес, толук кандуу төртүнчү уюлдук оператор түзүү эле. Долбоордо техника-экономикалык негиздеме жок, эртеңки күнү «Кыргыз телекомду» да, «Мегакомду» да артка тартат эле. Бизнестин принциби – 10 сом чыгаша кылсаң, кайра 12 сом пайда табышың керек. Тигилердин сунушу болсо 100 сом чыгаша кылып,
2 сом пайда таба турган иш болчу. Албетте, бул «Мегакомдун» кызыкчылыгына төп келген жок. Бирөөлөргө жаман көрүнүп, душман арттырбай долбоорго кол коюп салсам деле болмок. Бирок «Мегаком» банкрот абалга жетмек. Азыр 30 жаштамын, келечек алдыда. Бүгүн бир жаман иш жасап коюп, эртең элден жашырынып жүрүүнү каалабайм. Башкысы кудайдын, мамлекеттин, элдин алдында жүзүм жарык.
– Эмгек жолуңуз 15 жашыңызда, заводдо адис болуп иштөө менен башталыптыр. Эмне мынча эрте? Ошондо мектеп менен жумушту бирге алып кеттиңизби?
– Ооба, 8-9-класста окуп жүргөндө сабактан кийин иштеп жүрдүм. Анткени максатым анык эле. Мектепти аяктап жатканда чет өлкөдөн окуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок Кыргызстанда билим менен жумушту бирдей алып кетишим керек деп чечтим. Кийин ири ишкерлер менен таанышып, алардан көп нерсе үйрөндүм. Шаарда иштеп жүргөндө эртеден кечке жумушта болуп, кечинде бизнес-тренингдерге барчумун. Салыктар, юридикалык маселелер, бухгалтердик эсеп боюнча окуулардан өттүм. Менде бала кезден «бизнести кантип түптөө керек, тайм-план, бизнес-пландар кантип жазылат, сүйлөшүүлөрдү кантип жүргүзүү керек, мамлекеттик органдар менен кандай карым-катнаш түзүү керек, ири бизнестин ээлери мененчи» дегенге кызыгуу күч.
– 20 жашка чыккыча 5 компанияда иштеп, директорлук кызматка чейин жетип тажрыйба топтоптурсуз. Бул сиздеги жеке жөндөмдүн акыбетиби же жакыныңыздын колдоосубу?
– Биринчиден, атамдын колдоосу. 15 жаштагы балага бирөө шыр эле иш бере бербесе керек. Айрым адамдар 15 жашында жетилсе, бирөөлөр 50гө чыкса да жаш. Бизде ЖОЖду бүтүп, практикага чыгып, анан 30 жашка чыкканда ишке орношот деген стереотип бар эле. Азыр замандын талабы башка. Шаарда 18 жаштагы балада «окуу менен катар иштешим керек, батир алганга аракет кылам» деген ой жашайт. Жаш курак эч качан адамга тоскоол болбошу керек. Кээ бирөө 60 жашта жасай албаган ишти 20 жаштагы бала жасап коюшу мүмкүн. Мисалы, Марк Цукерберг 23-24 жашында миллиардер болгон.
– Депутаттыкка кандай максатта келдиңиз эле? 3 жылда аны ишке ашырууга үлгүрдүңүзбү?
– Депутаттыкка кокустан бардым. 26 жашымда, Кеминде ишкерлик менен алектенип жүргөндө шайлоого катышуу сунушу түшүп калды. Үйдөгүлөр менен кеңешип, шайлоого аттандым. Элиме рахмат, 26 жаштагы балага ишеним артып, шайлап беришти. Ал ишенимди канчалык деңгээлде актадым билбейм. Колумдан келишинче иштедим, бааны шайлоочулар бергени туура. Чоң иштерди жасап, укмуш кыйратып жибердим дей албайм.
– Эл берген мандатты кызматка алмаштырууңузга эмне же ким түрткү болду?
– Сунушту өкмөт киргизип, негизинен бул кызматка президенттин колдоосу менен келдим. Сын айтуу оңой, ал эми бир өзгөрүү жасоо кыйын. Жашмын, өкмөттү сындап отура бербей, аткаруу бийлигинде иштеп күчүмдү сынап көрөйүн, компанияны алдынкы ишканалардын катарына кошоюн деген ойдо макулдук бергем.
– Жогорку Кеңеш сизди 3 жылда эмнеге үйрөттү, ал жерден эмне сабак алдыңыз?
– Көтөрүмдүү болууга үйрөттү. Бир аптада 30-40 киши кайрылчу. Жарымы акча сурап келет, жарымы өзүн, баласын же небересин кызматка орноштуруп берүүнү суранат. Албетте, анын баарын аткара албайсың. Миллионер болбосоң же «жумушка ал» дегидей өзүңдүн ири компанияларың болбосо. 99 пайызына жардам бере албайсың. Анын 80 пайызы сени «бул баланын көзүн май басыптыр» деп кетишет. Алар менен тил табышуу, маселени туура түшүндүрүү оор.
– Учурдагы парламенттин эмнесин сындап, эмнесин колдойсуз?
– Сындай албайм. Анткени парламентте, саясатта эмне болуп жатат ишим да жок. Бир гана максатым – компанияны тез арада алдынкы ишканага айлантуу. Бул жерде атүгүл сайттарды барактап отурууга техникалык мүмкүнчүлүк жок. Эрте келип, кеч кетүү кадимки көрүнүш болуп калды. Компания тирүү организм да, суроолор, маселелер көп. Аларды өз убагында чечпесе болбойт.
– Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз тууралуу сурайын. Кандай үй-бүлөдө өскөнсүз?
– Ата-энем өмүр бою тамак-аш өнөр жайы тармагында иштеп, азыр ардактуу эс алууда. Үч бир тууганбыз, эжем анан байкем бар. Келинчегим экөөбүз 3 балага ата-энебиз. Улуусу 5 жарым жашта, кичүүсүнө 4 ай болду. Депутат кезимде үй-бүлөгө көңүл бурууга убакыт жетиштүү эле. Парламентте бекитилген иш график бар да. Азыр андай эмес, бул бизнес. Бир калыптагы иш график жок, иш сапарлар көп. Чет өлкөдөгү өнөктөштөр каалаган күнү келет, «бүгүн дем алыш» деп жолукпай коё албайсың. Элге болсо 24 саат бою уюлдук байланышты камсыздап беришибиз керек.
– Кайсы учурда өзүңүздү бактылуу сезесиз?
– Өзүмдү ар дайым бактылуу сезем. Ата-энем, жакындарым, алты саным аман. Сиз менен сүйлөшүп отурууга мүмкүнчүлүк болуп жатат. Ушунун өзү бакыт да. Тилекке каршы, канчалаган адамдарда ден соолугуна байланыштуу мындай мүмкүнчүлүк болбой жатпайбы.
– Футбол, теннис, сууда сүзүү... Сизди спорттун кайсы түрү кызыктырат?
– Спортко абдан деле кызыкпайм. Дүйнө чемпиондугу өңдүү ири беттештерди достор менен кафеге барып көргөн учурлар болот. Ал эми фанат болуп, баш отум менен кирип кетмейим жок. Мен үчүн бизнес, саясат темасы кызык.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg