АКЫРКЫ КОҢГУРООДО ӨЗГӨЧӨ БИЙИ МЕНЕН ШАҢ ТАРТУУЛАГАН БАЛАКАЙ

Нарын шаарында 25-майда өткөн акыркы коңгуроодо Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 1-классынын окуучусу ырдап жаткан классташ кызынын жанына туруп алып бийлеп, өзгөчө бийи менен интернет жылдызына айланды. Тартынбаган балакайдын өнөрү көпчүлүктүн ичин жылытып, позитив тартуулады. Жагымдуу маанай тартуулап, элди күлдүргөн бала ким?

«УУЛУМ АЯБАЙ ЖАРООКЕР»

Сүймөнчүк баланын апасы Анара Абраимова:

– Тилек 7 жашта. Ал 2 жашка чыкканда эле өнөрү чыгып бийлеп, ырдаганды үйрөнүп алган. Мектепке баргандан баштап таланты мурункудан да ачылды, кандай иш-чара болбосун ырдап, бийлеп берет. Уулум кыргызча ырларды жакшы көрөт, айрыкча Мирбек Атабековдун ырларын жата калып угат. Былтыр «Сулууларга суктанууга акым бар» дегенди ырдап жүрдү эле, азыр Ишен Назаровдун «Апакем» деген ырын ырдап калды.

Кайненем менен чогуу жашайбыз. Тилек аябай жароокер болгондуктан чоң апасын сыйлап, таягын алып бере калып, жетелеп басып, уктап калса үстүнө төшөк жаап жакшы карайт. «Апам жакшы, апама антпегиле, минтпегиле» деп таламын талашып турат. Апасы да анын адвокаты (күлүп).

Тилектин таланты ачылсын деп чектөө коюп, тыйбайбыз. 2 кызымдан кийин, 13 жылдан кийин төрөлгөндүктөн «Кудайдан тилеп келген наристе» деп чоң апасы атын Тилек деп койгон. 2 эжеси менен чоң кишилердей сүйлөшөт. Алар «интернетке тарап жылдыз болуп кеткен турбайсыңбы?» дешсе, Тилек «мени элдин баары көрдүбү? Эми мени баары таанып калыштыбы?» деп кудуңдап алыптыр.

«ТИЛЕК МЕКТЕПТИН КИЧИНЕКЕЙ ДЕПУТАТЫ»

– Мен балам окуган мектепте мугалим болуп иштейм. 25-майда акыркы коңгуроо болуп, уулум 1-классты аяктап жаткан. Иштерим чыгып мектепке кирип кетсем «балаң бийлеп жатат» дешти. Чыксам эле бүтүрүүчүлөр, ата-энелер баламдын бийлегенин видеого тартып жатышыптыр. Өзү эле чыгып бийлеп кириптир, баары боору эзилип күлүп эле калышты. Ушинтип күтүлбөгөн жерден ыр жаңырса бийлеп кирмей адаты бар. Акыркы коңгуроого келишкен Нарын шаардык кеңештин депутаттары батасын беришкен, ошондон кийин мектепте Тилекти кичинекей депутат деп атап алышты. Тартылган видеолор бат эле интернет аркылуу Казакстанга чейин тарап кетти. Элдин билдирүүлөрүн окуп алып аябай сүйүндүк. «Балакай, өркүнүң өссүн, азамат бала бол» деген тилектерин жазышты. Алардын баталарын окуп элге ыраазы болдук. Өзүңө караганда балаңдын ийгилигине көбүрөөк кубанат экенсиң. Элдин алкышына ээ болуп жаткан балама да ыраазы болдум.

Балам өзү тартиптүү бала. Ичинде кири жок, болгону болгондой. Урушуп койсоң бат эле унутуп, жаныңа келип «муну кылайынбы, тигини кылайынбы?» деп турат. Кошуналардын баары жакшы көрүшөт. Анткени балам алар менен дайыма учурашат. Көрбөй калышса аркасынан чуркап барып учурашат. Ушундай мүнөзү менен улуу кишилердин сүймөнчүгү.

«ПРЕЗИДЕНТ БОЛОМ»

Интернет жылдызы, балакай Тилек Толкунов менен кыска маектештик:

– Тилек, салам!

– Саламатсызбы?

– Келечекте ким болгуң келет?

– Президент болгум келет.

– Президент болсоң эмне кыласың?

– Президент элге жардам берет. Менин дагы элге жардам бергим келет. Биздин президент Сооронбай Жээнбеков.

– 25 майда кантип бийлеп калдың?

– Кыздар менен бийлеген жагат. Ошол күнү бийлегим келип кетти. Классташыма жардам бергим келди.

– Тилек, тилегиңе жет! Өркүнүң өссүн.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Syimyk.isaev
2019-07-01 09:11:49
Аябай жаккан эле,кайра-кайра кайталап көргөм видеону...Өмүрүң узун болсун,тилеген ой-максат,кыялдарыңа жет иним!
+4
maxburat
2019-07-01 13:45:40
Syimyk.isaev, Кайдан табып корсок болот?
0
tynar92kg
2019-07-01 09:50:26
Админ видеосун кайдан тапсак болот
+4
Sprite
2019-07-01 22:26:04
Омурун узун болсун Тилек,озундун да тилек максаттарына жет,элдин уулу болгун.
0
Tursunbaev2017
2019-07-03 13:31:44
видеосу жокко
+1
Sony12
2019-07-03 16:08:09
Аябай күлгөн болчумун көрүп. Кайра кайра көрөм маанай жокто. Атайын көчүрүп алганмын телефонго. Балакай өмүрүн узун болсун
0
mela
2019-07-03 22:49:31
Сонун!!!Дагы бир бала бар,садикте бийлеген башын титиретип,ошону да тапсанар.Сары бала
0
sherzatik
2019-07-08 05:39:25
Кайдан тапсак болот видеосун?
0
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан