– Ата-энем мен кичинемде ажырашып кетишиптир, себебин билбейм. Эжелерим апам менен кетип, мен атамдын колунда калгам. Чоң атам, мен, атам үчөөбүз жашадык. Чоң атамдын кийин алган кемпири бар эле, ал келип-кетип турчу. Ал келгенде иш бүтпөйт, мени артымдан кууп алчу, каргаган сөздөрүн айтпай эле коёюн, жаным тынбайт. Ал эми апам кээде гана өзүнүн айылына келгени болбосо, балалыгымда мага келген жок. Бирок акча салып турчу. Аны атам ичип жок кылчу. Ооба, атам көп иччү. Ал кийин башка аял алып, бир кыздуу болгондо ал да кетип калды.
Жакшы көргөн бир эле адамым бар, ал атам. Анын ичкени, тамеки чеккени мага укмуш көрүнчү. Чоңойгондо атамдай тамеки чеккенимди, атамдай укмуш сөздөр менен тост айтып кагыштырып арак ичкенди элестетет элем. Андан башка кызыктуу жашоо бар экенин билчү деле эмесмин.
Ошондой күндөрдө кошунаныкына жаңы келин келди. Ал келгени мен тоё тамак жей баштадым. Ал мага тамак ичерде колду жууш керектигин, тамакты кашык менен жешти үйрөттү. Сууга барса кошо ээрчитип, кичинекей болсом да чоң кишидей сүйлөшүп, мени уккан өмүрүмдөгү биринчи адам болду. Шаар жөнүндө, университет деген ыйык жай, билимдүү адамдар жөнүндө айтып берчү. Кийин балалуу болгондо баласынын оюнчуктарын кошо ойнодум. Бирок ошол оюнчуктарды да аяп ойногонду билбей сындырып салчумун. Кээде уурдап алчумун. Билчү эмесмин кантип ойношту. Мага эч ким аяганды, туура колдонгонду, сурап алганды үйрөткөн эмес. Бир күнү баласы менен ойноп жатып, оюнчугун талаша кетип кичинекей баланы чыбык менен бир чаптым. Баланын ыйлаганын укканда оюнчукту алдым да, ал жерден “тыз” койдум. Катуу чуркайм, кемпирден качып жүрүп катуу чуркаганга үйрөнүп калгам. Таппай калышты. Эртеси көчөгө чыксам баягы жеңе очокто тамак жасап жатыптыр, кара курсактын айынан чуркап жеттим. Жеңенин маанайы жок экен. Унчукпады. Тамагынан салып, “колу-бутуңду жууп келип же” деди. Жеп бүткүчө карап отурду да, башымдан сылап “сен деген абдан жакшы баласың, келечекте дагы мыкты адам болушуң керек. Сабагыңды жакшы окуп, билимдүү, кыйын адам болушуң керек. Арак ичүү, бирөөнүн буюмун сурабай алган абдан жаман адат. Бул үчүн сени эч ким сүйбөйт. Түрмөгө отургузат. А эгер сабакты жакшы окуп, адамдарга жардам берип, билимдүү-илимдүү болсоң баары сыйлап турат. Баары жакшы көрөт” деди. Баары жаман көрүп жүргөн мен үчүн “баары жакшы көрөт” деген сөз жүрөгүмө жылуулук берди. Үмүт берди. Мен ошондо 3-класста элем. Эртеси ал жеңе баласын алып шаарга кетиптир. Келген жок. Бирок ошол жеңенин айткан сөздөрү өмүр бою көкүрөгүмдө калды. Сөздүн керемети, күчү, таасири ушул го, сыягы. Анын сөздөрү үчүн тырышып жакшы окудум, жогорку окуу жайын ийгиликтүү бүтүрдүм. Азыр кесибим менен иштейм. Үстүмдө үйүм, жакшынакай келинчегим, балдарым бар. Атамды да арактан куткарып алдым. Ал жеңе келбесе, балким, мен азыр ууру болмокмун, балким, түрмөдө отурмакмын. Азыркы жашоом үчүн кошуна жеңеге ыраазымын.
Тимур