ТУУРАМЖЫ ТОЛТУРУЛГАН ЖАШЫЛЧАЛАР

«КАЙЫК»

Керектелүүчү азыктар:

• Кабак – 2 даана

• Болгар калемпири – 1 даана

• Сабиз – 1 даана

• Пияз – 1 баш

• Гречка 80 грамм

• Сыр – 100 грамм

• Помидор – 1 даана

• Майонез – 70 грамм

• Сарымсак – 3 тишче

• Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

• Жалбыз – 2-3 тал

• Укроп – 2-3 тал

• Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Гречканы тазалап, жууп, сууга бышырып алабыз.

2. Жашылчалардын баарын тазалап, жууйбуз. Андан соң сабизди майда тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз. Ал эми пияз менен болгар калемпирин майда туурайбыз.

3. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, ысыган кезде тууралган жашылчаларды 4-5 мүнөт кууруп алабыз. Татымына жараша туз, мурч кошобуз.

4. Куурулган жашылчаларга гречканы, майда тууралган сарымсакты, укропту кошуп аралаштырабыз.

5. Кабакты узатасынан тең экиге бөлөбүз да, кашык менен ортосундагы маңызын алып салып, “кайык” жасайбыз. “Кайыктын” ичине майонезден сүйкөп, гречка аралаштырылган туурамжы менен толтурабыз. Үстүнө помидордун кесимдерин тизебиз.

6. Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, “кайыктарды” тизебиз да, 190 градуста 30 мүнөт бышырып алабыз.

7. Эми бетине сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп, дагы 5 мүнөт электр мешине салабыз. Тоюмдуу жана витаминдүү тамагыбыз жегенге даяр! Тамакты жалбыздын жалбырагы менен кооздоп, ар кандай соустар менен дасторконго берсек болот.

ДОЛМА

Керектелүүчү азыктар:

• Эт – 400 грамм

• Жүзүмдүн жалбырагы – 100 грамм

• Пияз – 3 баш

• Күрүч – 2 аш кашык

• Аш көк – 3-4 тал

• Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

• Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти, 1 баш пиязды майда туурап алабыз. Буга жуулган күрүчтү, майда тууралган аш көктү, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырып туурамжы даярдап алабыз.

2. Жүзүмдүн жаш жалбырактарын үзүп алып, жууп, кайнак сууга 1-2 мүнөткө салып коёбуз. Суудан чыгарып, ар бирине туурамжыдан салып, бекем ороп чыгабыз. Эгер жалбырактар майда болсо экөөнү жанаша коюп туурамжыдан салып оросоңуз да болот.

3. Көмөч казанга майды куюп, ысыган кезде жарым тегерек формада тууралган пиязды салып кууруйбуз. Андан соң пияздын үстүнө туурамжы оролгон жүзүм жалбырактарын тизип (оролгон жагын төмөн каратып), үстүнө бир чыны суу куюп, жай отто 30 мүнөт демдеп бышырабыз. Бышкан долманы каймак менен дасторконго беребиз.

ТУУРАМЖЫ ТОЛТУРУЛГАН БОЛГАР КАЛЕМПИРИ

Керектелүүчү азыктар:

• Тууралган эт – 300 грамм

• Болгар калемпири – 10 даана

• Пияз – 2 баш

• Күрүч – 100 грамм

• Туз, мурч – татымына жараша

Гарнир үчүн:

• Эт – 200 грамм

• Картошка – 3-4 даана

• Болгар калемпири – 1 даана

• Сабиз – 1 даана

• Томат пастасы – 1 аш кашык

• Укроп – 5-6 талча

Даярдоо ыкмасы:

1. Болгар калемпирин сабагы тарабынан оюп уруктарын тазалап, жууп алабыз. Жарып алуудан сак болуңуз.

2. Тууралган этке жуулган күрүч, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырып, туурамжы даярдайбыз.

3. Туурамжыны тоголoктоп, болгар калемпиринин ичин толтурабыз. Өтө ныктап салуунун кереги жок. Картошкадан жука, тегерек формада кесип алып, оозун бекитебиз.

4. Этти жакшылап кууруп алабыз. Үстүнө пияз, сабиз, картошка, томат пастасын ирети менен салып кууруп, үстүнө туурамжы толтурулган болгар калемпирлерин тигинен тизебиз. Болгар калемпирлеринин оозуна жеткирбей суудан куюп, жай отто 40-50 мүнөт демдеп бышырабыз. Тамагыбыз даяр! Тарелкага салып, майда тууралган укроптон себелеп, дасторконго беребиз.

ТУУРАМЖЫ ОРОЛГОН КАПУСТА

Керектелүүчү азыктар:

• Уй эти – 500 грамм

• Күрүч – 150 грамм

• Капуста – 1 даана

• Сабиз – 2 даана

• Пияз – 2 даана

• Каймак – 2 аш кашык

• Томат пастасы – 1 аш кашык

• Өсүмдүк майы – 100 грамм

• Лавр жалбырагы – 3 даана

• Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Эт менен пиязды майда туурайбыз. Эт туурагычтан өткөрүп алсак да болот.

2. Сууга туз салып, күрүчтү чала бышырабыз.

3. Эт менен пиязга күрүчтү, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырып туурамжы даярдайбыз.

4. Капустаны тоголок боюнча сууга салып, туз кошуп, жумшаргыча кайнатабыз. Жумшарган соң калың жерлерин кесип таштап, жалбырактарын акырын бирден ажыратабыз.

5. Жалбырактын ортосуна туурамжыдан салып, конверт сыяктуу жылчык калтырбай оройбуз.

6. Көмөч казанга май куюп, сүргүчтөн өткөрүлгөн сабизди, томат пастасын кууруйбуз. Үстүнө оролгон капустаны тизип, каймакты, татымына жараша туз, мурч, лавр жалбырагын салып, бир аз суу куюп жай отто 30-40 мүнөт демдеп бышырып алуу керек. Ширелүү капуста жегенге даяр!

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Merelisha
2019-07-04 19:48:57
Сонун.
0
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан