КЫРГЫЗ ПРЕМЬЕР-ЛИГАСЫ: «АЛАЙ» «ДОРДОЙДОН» 6 УПАЙГА АШТЫ

22-23-июнь күндөрү Кыргыз Премьер-Лигасынын 11-турдук оюндары болуп өттү. Кант шаарында Оштун “Алай” клубу “Академия-Лидер” командасын 3:1 эсебинде жеңип, 28 упай менен мелдештин сап башында жайгашты. Кочкор-Ата шаарына конокко барган “Илбирс” командасы жергиликтүү “Нефтчи” клубун 3:1 эсебинде утса, “Абдыш-Ата” конокто “Кара-Балтаны” 1:0 эсебинде жеңип алды.

Бул турдун оюнун "Дордой" менен "Алга" апрель айында ойноп коюшкан. Анда 1:1 эсебинде тең чыгуу орун алган. Учурдагы өлкө чемпиону “Дордой” 22 упай топтоп экинчи орунда. Ал эми 18 упай топтогон “Абдыш-Ата” менен “Нефтчи” 3-4 орунга жайгашты.


Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
erjigit-e.15
2019-07-21 18:34:14
Алай чемпион болот
0
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан