2026-жылы кышкы Олимпиада оюндары Италиянын Милан жана Кортина дʼАмпеццо шаарларында өтөт. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитети кабарлады. 24-июнь күнү Лозанна шаарында аталган комитеттин 134-сессиясы болуп, добуш берүүнүн жыйынтыгында 25-кышкы Олимпиада оюндары Италияда боло турганы аныкталды. Бул ири спорттук иш-чараны өткөрүүгө Швеция мамлекети да талапкер болгон.
Кортина-д’Ампеццо шаарында 1956-жылы да кышкы Олимпиада оюндары өткөн. Жалпысынан Италияда эки жолу кышкы жана бир жолу жайкы Олимпиада оюндары өткөнү белгилүү.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg